Кыргызстандык жигит Mister Universal Ambassador сынагында ат салышат

© Фото / Askar DumanaevКыргызстандык Нурсултан Айталиевдин архивдик сүрөтү
Кыргызстандык Нурсултан Айталиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркектер арасындагы дүйнөлүк конкурс бул жылы экинчи жолу өтүп жатат. Кыргызстан сынакка биринчи ирет катышууда.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кыргызстандык Нурсултан Айталиев биринчи жолу Mister Universal Ambassador-2016 эл аралык сулуулук конкурсунда Кыргызстандын намысын коргомокчу. Бул тууралуу сынактын расмий сайтына жарыяланды. 

 

A photo posted by #Young,wild&free__/\__/\_/\___ (@4ika_bomb) on Aug 3, 2016 at 8:02am PDT

 

Дүйнөлүк конкурс 21-сентябрдан 1-октябрга чейин Индонезиянын Ява аралында өтөт, ал эми финалы Бали арлында болот. Кыргызстан бул финалга биринчи жолу катышып жатат.

 

 

"Даярдыктар көрүлүп жатат, мындай эл аралык деңгээлдеги сынакка биринчи ирет катышып жаткандыктан бир аз толкунданып турам", – деди катышуучу.

Айталиевдин маалыматына ылайык, ал 35 мамлекеттин өкүлдөрү менен эң сулуу эркек деген наам үчүн ат салышат.

 

 

Нурсултан Айталиев жергиликтүү модель агенттигинин директору болуп саналат. Мындан тышкары, КГУСТАнын стилист-дизайнер багытында окуйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0