Жусуп Баласагындын "Куттуу билим" чыгармасы жарык көрдү

© Фото / пресс-служба академии наук КРЖусуп Баласагындын "Куттуу билим" философиялык чыгармасы
Жусуп Баласагындын Куттуу билим философиялык чыгармасы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу философ, акын Жусуп Баласагын өзүнүн түбөлүктүү темаларга арналган терең мазмундуу ырлары менен тарыхка өлбөс-өчпөс из калтырып кеткен.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. XI кылымда жашаган улуу ойчул, акын, философ, энциклопедиялык билими бар илимпоз, түрк тилинин улуу устаты Жусуп Баласагындын "Куттуу билим" философиялык чыгармасы кыргыз тилинде академиялык басылма катары жарык көрдү. Бул тууралуу Илимдер академиясынан кабарлашты.

Жусуп Баласагындын "Куттуу билими" кайрадан басылып чыкты
"Куттуу билим" дастанын филология илимдеринин доктору, профессор Сагалы Сыдыков которгон. 

Китеп адабиятчыларга, тилчилерге, философторго, тарыхчыларга жана жалпы эле көркөм мураска кызыккандарга арналат. 

Жусуп Баласагындын бул чыгармасынын которулуп, жарык көрүшү анын 1000 жылдык мааракеси менен "Маданият жана тарых" жылына арналган.

Жаңылыктар түрмөгү
0