Хирург Акрамовго арналган тасмага эми франциялыктар да күбө болот

© Фото / Александр ФедоровАйтылуу хирург Эрнест Акрамовдун архивдик сүрөтү
Айтылуу хирург Эрнест Акрамовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Рахмат, дарыгер" тасмасы Акрамовдун 80 жылдыгына карата тартылган.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Айтылуу хирург Эрнест Акрамовго арналган Адилет Каржоевдин "Рахмат, дарыгер" аттуу тасмасы эми Францияда көрсөтүлө турганын Кинематографты өнүктүрүү фондусу билдирди.

Маалыматка ылайык, даректүү тасма Франциянын Lyon Capitale TV каналынан тартууланат.

"Мындан тышкары, аталган фильм Везуль шаарында өтө турган азия киносунун эл аралык фестивалына катышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул фестиваль 2017-жылы 7-14-февраль күндөрү өтөт. 

"Рахмат, дарыгер" тасмасы Акрамовдун 80 жылдыгына карата тартылып, быйыл күзүндө өтө турган "Үмүт" деп аталган жаш кинематографисттердин форумунда көрсөтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0