Кайрат Примбердиевдин жубайы Элвира "Голос" долбоорунда эмнеге ыйлаганын айтып берди

© предоставлено Кайратом ПримбердиевымКайрат Примбердиев прошел в финал шоу "Главная сцена" на РТР
Кайрат Примбердиев прошел в финал шоу Главная сцена на РТР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элвира Примбердиева долбоордун жүрүшүндөгү сезимдери менен бөлүшүп, калыстар тобу тууралуу маек куруп берди.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кайраттын жеңеринен үмүтүм үзүлүп баратканда калыстар тобу сахнага бурулушту. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына белгилүү ырчынын жубайы Элвира Примбердиева айтып берди. 

Кечээ жума күнү Россиянын «Первый канал» телеканалы «Голос» долбоорунда ырдап чыккан кыргызстандык Кайрат Примбердиевди көрсөттү.

Элвиранын айтымында, Кайрат көптөн бери аталган долбоорго катышууну көздөп келген.

"Буга чейин бир нече ирет Москвага барып келдик. Кайрат кастингдин баарынан өтүп, августта биринчи этапка катышты. Кечээ эфирден көрсөттү", — деди ал.

Ырчынын жубайы акыр аягына чейин калыстар Кайратты тандар-тандабасын билбегенин белгиледи.

"Катышуучулар ырлардын кыска түрүн аткарып жатышты. Кайраттын ыры бүтөргө аз эле калганда Агутин менен Гагарина бурулушту. Аябай толкунданткан учур болду. Чыдабай ыйлап жибердим", — деди Элвира.

Эми Примбердиев кийинки турларда күч сынашат.

Жаш аткаруучулардын Жаңы толкун аттуу музыкалык сынагына катышкан кыргызстандык ырчы Нурсултан Азыкбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Жаңы толкун-2016": Нурсултан Азыкбаев 4-орунга ээ болду
"Насаатчы катары Кайрат Агутинди тандап алды. Командада 10 киши экен, баарына россиялык ырчы өзү тапшырма берди. Кайраттын кийинки этаптагы атаандашы белгилүү болду. Кимиси кыйын болсо ошонусу андан аркы этапка өтөт", — деди Элвира. 

Ырчынын жубайы анын жолдошун колдоп жаткан бардык кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди.

"Голос" телешоусу ыр сынактарынан айырмаланып турган долбоор. Ал ырчыны көрбөй угуу, күч сынашуу, нокаут, чейрек финал, жарым финал жана финал сыяктуу бөлүктөрдөн турат. Финалга чыккан катышуучулар буга чейин тандап алган насаатчылары менен дуэт ырдашат. Долбоорго бу жолу Леонид Агутин, Дима Билан, Полина Гагарина жана Григорий Лепс калыстык кылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0