Кыргыз драма театры 90-сезонун жалаң премьералар менен ачат

© Sputnik / Табылды КадырбековТоктоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз академиялык драма театрынын архивдик сүрөтү
Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз академиялык драма театрынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Театр көрүүчүлөрү 3-октябрда Бексултан Жакиевдин Үркүнгө арналган "Көздөн учкан Ата-Журт" чыгармасын көрө алат.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз академиялык драма театры быйылкы күздөгү, 90-театралдык сезонун премьералык спектаклдер менен ачат. Бул туурасында аталган театрдын адабий бөлүмүнүн жетекчиси Алтынай Темирова Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарлады.

Сезон 3-октябрда жазуучу жана драматург Бексултан Жакиевдин Үркүнгө арналган "Көздөн учкан Ата-Журт" чыгармасы менен ачат. Спектаклди сахнага режиссер Эгемберди Бекболиев алып чыгат.

"Театрдын быйылкы юбилейлик сезонун "Көздөн учкан Ата-Журт" менен ачалы деп жатабыз", — деп билдирди Темирова.

Ал эми 4-октябрда көрүүчүлөр түркиялык драматург жана публицист Азиз Несиндин "Торосстук каракчы" пьесасын көрө алышат.

"Бул чыгарма биздин күндө да актуалдуу болуп турат. Чыгармада үйсүз адамдар, алардын үйүн тарттырып жиберген жагдайлар, карылыкта кароосуз калгандар чагылдырылат. Чыгарманын өзөгүн ушундай көйгөйлөр түзөт",— деди Темирова.

Аталган чыгарманы режиссер Назым Мендебаиров сахналаштырган.

5-октябрда ТҮРКСОЙ уюмунун каржылоосу менен даярдалган "Коркут ата" чыгармасы коюлат, автору Кайрат Иманалиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0