Мерген Турган: жакында кайната болом деп толкунданып жүрөм

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаПевец и шоумен кыргызской эстрады Мерген Турган
Певец и шоумен кыргызской эстрады Мерген Турган - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анын чачы мурункудай эле узун, сахнада так секирип бийлеп, элден өзгөчөлөнүп кийинет. Бирок андан токтоолуктун эпкинин байкоо кыйын дегендер жаңылышасыздар. Балким улуу баласы жанында жүргөндүктөнбү, айтор адаттагыдан тыш сөз астына сөз катып маек куруп берди.

Кыргыз шоу-бизнесинин уникалдуу өкүлү Мерген Турган менен журналист Гүлдана Талантбекова баарлашты.

— Мерген мырза, балалык кез дегенде көз алдыңызга эмне тартылат? 

Певец отечественной эстрады Омурбек Жанышев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Омар төө буурчак чыры тууралуу: бир кыйын учур келди да кетти
— Биринчи сентябрдагы даярдыктар, жаңы алган сумкалар, баарыбыздын окшош формаларыбыз эске түшөт. Үтүккө бекем басып тагынып алган кызыл жагообуз, мектептин ремонттон кийин сыр жыттанган көрүнүшүн элестетем. Анан жаңы жыл сайын атам Турганбек бизге Аяз ата болчу. Үйгө шыпты бойлой тиреген балатыны киргизип алып кооздочубуз. Анан дасторконду бапыратып үндүктөн союп, бозо салчубуз. Эртеси биринчи январь карындашымдын туулган күнүн өткөрчүбүз. Апамдар америкалык тасмаларды көрбөсө дагы ар бирибизге төшөктүн астына же башыбызда бирден белек коюп коюшчу. 
© Sputnik / Гулдана ТалантбековаКыргыз шоу-бизнесинин уникалдуу өкүлү Мерген Турган: апамдар америкалык тасмаларды көрбөсө дагы ар бирибизге төшөктүн астына же башыбызда бирден белек коюп коюшчу
Певец кыргызской эстрады Мерген Турган - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз шоу-бизнесинин уникалдуу өкүлү Мерген Турган: апамдар америкалык тасмаларды көрбөсө дагы ар бирибизге төшөктүн астына же башыбызда бирден белек коюп коюшчу

— Минтип элге таанылып артист болбогонуңузда сизди кайсы тармактан көрө алмакпыз?

— Мен өзүм малга жакын болгондуктан мал доктур болом дечүмүн. Бирок 6-класста биринчи жолу мектептен ырдап көрүп, ошондо өзүмдө талант бар экенин билдим. Ага чейин үйдө эч ким жокто, тоого чыгып мал кайтарганда элге көрүнбөй бакырып ырдачумун. Ошондон баштап ырчы болууга далалат кыла баштадым. Кийин ушул жаатта окууга тапшырайын десем атам караманча каршы болуп туруп алды. Ал мени бухгалтер кылгысы келчү. Ошентип атам каалаган Кооперативдик технукумга тапшырып, ал жактан өтүп кетеримди билип атайын окуудан "куладым". Бул кылыгым билинип калып, мени болбой Нарынга алып кетип калышты. Атам мени жазалоо иретинде эт комбинатына киргизип койду. Баш кесип, мээ чукуп иштедим. Ал убакта Нарынга мал миңдеп союлуп, түнкү нөөмөт менен иштечүбүз. Жумуштагылар кетери менен менин ырым башталчу. Анан акырындык менен Нарын драма театрына апама айтып кетип калдым. Алгач артист эмес, сахнанын декорацияларын ташып, көшөгөсүн  ачып иштегем. Ал ортодо "Долон" тобуна кастингден өтүп, ошолор менен ырдап калдым. 1986-жылы биринчи дебютум болуп атамды апама айтып концертке чакырттым. Бир маалда сахнада ырдап жатып экөөбүздүн көзүбүз чагылыша түшүп, атамдан сүрдөп кетип ыргактан чыгып кеткеним эсимде. Үйгө келсем атам "болуптур эми, сен жеңдиң. Ырчылык өтө оор, жакшы ырчы бол" деп мени жайыма койгон. 

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаМерген Турган: үйгө келсем атам "болуптур эми, сен жеңдиң. Ырчылык өтө оор, жакшы ырчы бол" деп мени жайыма койгон
Певец и шоумен кыргызской эстрады Мерген Турган - Sputnik Кыргызстан
Мерген Турган: үйгө келсем атам "болуптур эми, сен жеңдиң. Ырчылык өтө оор, жакшы ырчы бол" деп мени жайыма койгон

— Анан?

Актер Уларбек Батыркулов - Sputnik Кыргызстан
Эргежээл шоумен: сүйүктүүмө 101 роза сатып алып, көтөрө албай кыйналгам
— 1986-жылы Чехославакияга барып аскердик милдетимди өтөдүм. Келгенден кийин чоң деңгээлге чыгууну максат кылып борборду көздөй бет алдым. Ошол кезде филармонияда "Таазим" тобуна кастинг жүрүп жатыптыр. Анан мени менен чогуу иштеген Батма Качкынова, Роза Заитова эжелериме жолуксам алар "филармониянын алдына келсең сени топтун жетекчиси Марат Алыбаев деген сулуу киши тосуп алат, ошого жаксаң ырдап каласың" дешти. Марат байке менен таанышканым эч эсимден кетпейт. Айтылган убакта күтүп турсам бир өңү серт киши жанымда ары-бери басып жүргөн. Көрсө ошол киши экен. А мен качан сулуу киши келет деп күтө бериптирмин. Анан кастингден өтүп "Таазим" тобунда Марат Алыбаевдин ырларын ырдап, Мерген Ырсалиев болуп чыккам. Ошондо кыргыз эстрадасына бийлеп ырдаганды биринчи мен алып келдим. Мага чейин бир жерге туруп алып созолонуп бир калыпта ырдашчу. Ошол кезде эле чачымды тармалдатып, так секире бийлеп, кийимдерди бир башкача тиктирип өзгөчөлүктү издей берчүмүн. Кыргыздын ырларына деле бийлесе болот турбайбы деп дискотекага кыргыздын ырлары коюла баштаган. Албетте, сын пикир көп болду. Бирок абдан такшалдым.

— Анан Мерген Турган болуп калдыңыз?

— Союз ураган маалда аттарды өзгөртсө болот экен деп айтып калышты. 1993-жылы атам каза болду. Анын атын өчүрбөйүн деп Мерген Турган болуп чыктым. "Таазим" тобу тарап кетип, жеке ырчы болуп калдым. Азыр ойлосом популярдуу убагымдын көбүн союзга арнап коюптурмун. Ал ортодо 1995-жылы чыгармачылыктагы атам Марат Алыбаев каза болду. Кийин сахнага менин керегим жок болуп калды. 2003-жылдан баштап он жылдай Казакстанда иштеп келдим. Ал жактан Казакстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер деген наам алдым. Казак эли мени ырчы-пародист катары жакшы таанышат. Валерий Леонтьевди, Алла Пугачеваны, Верка Сердючканын образдарын жаратып ырдадым. Кийин бул өнөрдү Кыргызстанга да алып келдим. Бүгүнкү күнгө чейин мамлекет тараптан эч кандай наамым жок. Бул, албетте, өкүнүчтүү. Бирок элим сыйлайт. 

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаМерген Турган: кайната болом деп толкунданып жүрөм. Анан жыл айланса небере жытын да жыттап калармын
Певец кыргызской эстрады Мерген Турган - Sputnik Кыргызстан
Мерген Турган: кайната болом деп толкунданып жүрөм. Анан жыл айланса небере жытын да жыттап калармын

— Билишимче жубайыңыз да казак кызы?

Ырчы Мирбек Атабеков интервью учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мирбек Атабеков менен болгон ачык маек: күйөрман кыздарым менен мамиле түзбөйм!
— Ооба. Азыр ал Бишкекте. Алматыда дагы үйүбүз бар. Эки мамлекеттин ортосунда эле жүрөбүз. 2-класста окуган Ханраат деген уулубуз бар. Ал эми жаңы эле кабинетке кирип-чыгып жүргөн уулум Бексултан. Ал 24 жашта, стоматолог. Сүйүнчү, буюрса күзүндө Бексултанымды үйлөнтөм. Келин балабыз белгилүү акын Жыпар Исабаеванын экинчи кызы Мырзайым. Кайната болом деп толкунданып жүрөм. Анан жыл айланса небере жытын да жыттап калармын. Неберең өз балаңдан да таттуу деп айтып калышат.

— Сиз эрезеге жеткен уулуңуздун бар экенин көпкө чейин жашырып жүрдүңүз. Эл Мерген Тургандын эр жеткен баласы бар экен дегенде айран таң калган…

— Элдин баарына жар салуунун эмне кереги бар. Ооба, эл билчү эмес. Керек болсо менин дагы толтура балам бар. Эми ар бир эле адамдын жан дүйнөсүндөгү сыры болот да…

— "Улуу тоонун чокусунан кар кетпейт, эл көзүндөгү адамдын айланасынан сөз  кетпейт"  дешет эмеспи. Жагымсыз сөздөрдү укканда кек сактаган учурлар болобу?

— Мени көп жерден сындырышты. Эмне деген гана ушак-айыңдар айтылбады. Баарын көтөрүп, күлүп гана жеңдим. Бул жагынан чемпион болушум керек. Эгерде кек сактасам азыркыдай Мерген Турган болбой калмакмын деп ойлойм. Сен жөнүндө сөз кылып жатса, анда сен барсың да. Бул өмүр узун болгону менен кыска, ошондуктан жүрөктү кенен коюш керек. 

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаМерген Турган: мен азыркы маалда оригиналдуу адамды көргөн жерим жок. Маселен, мага Каныкей менен Жийдеш Идирисованын ырдоо стили, образдары жагат.
Певец и шоумен кыргызской эстрады Мерген Турган - Sputnik Кыргызстан
Мерген Турган: мен азыркы маалда оригиналдуу адамды көргөн жерим жок. Маселен, мага Каныкей менен Жийдеш Идирисованын ырдоо стили, образдары жагат.

— Сиз убаганда сахнага өзгөчөлүктөрдү издеп түрдүү эксперименттерди кылдыңыз. Азыр ырчылардын кийинүү, ырдоо же кыймыл аракеттеринен айырмачылыкты байкаса болобу?

Актриса жана котормо студиясындагы үн режиссеру Кыял Төрөгулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыял Төрөгулова: Хүрремдин толготконун тердеп-кургап араң коштогом
— Мен азыркы маалда оригиналдуу адамды көргөн жерим жок. Маселен, мага Каныкей менен Жийдеш Идирисованын ырдоо стили, образдары жагат. Алардан мен өзгөчөлүктү байкайм. Ырчы балдарыбыздан чач жасалгасы, кийимдери, ырлары оппокшош. Клиптери да коендой же бир эле клипмейкер тарта береби, билбейм. Сахнада жөн гана ырдап коюу жетишсиз. Мен жаштарга дайыма айтам "иштегиле, силерде айырма болсун" деп. Мен убагында чачымды узун кылып, тармалдатытып химияга бердим. Мындайда элдин кабыл алуусу маанилүү эмес болчу. Эстраданын апасы Гүлшайыр Садыбакасова "ушунуңдан жазба" дечү. Мен чачымсыз Мерген эмесмин. Азыр алып койсом мени эч ким тааныбайт. 

— Сизди вокалы күчтүү ырчылардын бири деп айтышат. Бирок убагында башка ырчылардын ырын аткарып, кийин куудулдукту аркалап кеттиңиз. Эми минтип арыктоо менен алек экенсиз. Чыгармачылык эмне болот? 

— Мен "Алтын үн" деген номинациянын ээсимин. Вокалы күчтүү деп вокалды түшүнүп баштаганда айта башташты. Мени "Резиновый голос" деп айтып калышат. Ал эми Казакстандан келгенден кийин апам кайтыш болду, андан кийин толуп кетип ырдай албай жүрдүм. Азыр кудайга шүгүр, 25 килограммга арыктап, өзүмдү жакшы сезим калдым. Чыгармачылык жаатында сөзсүз жаңы ырлар болот. Бул жагын өзүм дагы ойлонуп жүргөм.

Жаңылыктар түрмөгү
0