Атай Өмүрзаков демөөрчү таппай "3D Шоу" долбоорун жапты

Жазылуу
Англис жана немис компаниялар Атайдын тобуна бий шоусун сунуштаган. Бирок бул үчүн демөөрчү керек болчу.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Бийчи Атай Өмүрзаков социалдык тармактарда "3D Шоу" долбоорун жаап жатканын жазды.

Буга чейин белгилүү өнөрпоз 2015-жылы Англия менен Германиянын продюсердик компаниялары тарабынан 3D форматындагы бий шоусун жасоо сунушу түшкөн. Бул номер менен бийчилер дүйнөнү түрө кыдырмак. Каражат табуу үчүн Кайрат Бекмамбетов аттуу блоггер марафон уюштурган, бирок түшкөн акчаны Өмүрзаков кайрымдуулук иштерине жумшаган.

Атай бул долбоорго бир жыл бою аракет кылганын белгилейт.

"Тобубуз менен чогуу жашап, күнүгө таң аткыча иштедик. Гонорарларыбызды пайдалансак да, максатыбызга жете албадык. Көрсөтүлгөн жардам, колдоо жана пикирлер үчүн ыраазычылык билдирем", — деп жазган Өмүрзаков.

Бийчи күйөрмандардын колдоосу менен топ алдыга умтулуп, андан жаңы бийиктиктерди багынтууга күч-кубат аларын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0