Москвада кыргыз тасмалары көрсөтүлөт

© Фото / Александр ФедоровБолот Шамшиевдин "Ысык-Көлдүн кызгалдактары тасмасынан кадр
Болот Шамшиевдин Ысык-Көлдүн кызгалдактары тасмасынан кадр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Болот Шамшиев менен Дальмира Тилепбергенованын тасмалары Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдык урматына көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Москвада эки кыргыз тасмасы көрсөтүлөрүн Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Биринчи мугалим тасмасынан алынган кадр, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Шри-Ланкада тартылган Айтматовдун "Биринчи мугалими" Алматыда көрсөтүлөт
Билдирүүгө караганда иш-чара Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдык урматына арналган. 

Болот Шамшиевдин "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" жана Дальмира Тилепбергенованын "Асман алдында" аттуу тасмалары 10-11-октябрда көрсөтүлөт. Башталышы 18.00гө белгиленген. 

Аземдин ачылышында Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Отунбаев сөз сүйлөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0