Праздничные мероприятия к 3016-летию города Ош

Ош шаарынын күнүндө 500 комузчу "Маш ботойду" аткарышты

319
(жаңыланган 15:23 05.10.2016)
Калаа күнүнө карата Кытайдын Ош шаарындагы консулу шаар мэрине Тез жардам унаасынын ачкычын тапшырды.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Бүгүн Ош шаарынын борбордук аянтында түштүк борбордун 3016 жылдыгын белгилөө салтанаты башталып, анда 500 комузчу "Маш ботойду" аткарды.

© Видео / Зульфия Тургунова
Ош шаарынын күнүндө 500 комузчу "Маш ботойду" аткарышты

Майрамдык салтанатка биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Абдувахаб Нурбаев, Айнуру Алтыбаева жана калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Абулгазиев берекелүү Ош шаары гүлдөп өнүгө берсин деген каалоо тилегин айтты. Ал эми калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев шаардыктарды, жалпы эле кыргызстандыктарды Ош шаарынын күнү менен куттуктап, өлкөдө тынчтык, улуттар ынтымагы орун ала беришине тилектештигин билдирди.

  • Ош шаарынын борбордук аянтында түштүк борбордун 3016 жылдыгын белгилөө салтанаты
    Ош шаарынын борбордук аянтында түштүк борбордун 3016 жылдыгын белгилөө салтанаты
    © Фото / Зульфия Тургунова

1 / 9
© Фото / Зульфия Тургунова
Ош шаарынын борбордук аянтында түштүк борбордун 3016 жылдыгын белгилөө салтанаты

Майрамдык иш-чара алгач калаадагы кызматтардын окуу жайлардын өкүлдөрүнүн майрамдык жүрүшү менен башталды.

Оштогу ыйыук Сулайман-Тоосу. Архивдик сүрөт
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Майрамдык салтанат андан ары кыргыз, өзбек, тажик, корей, кытай, индия жана башка көптөгөн улуттардын ынтымагын чагылдырган улут достугун даңазалаган сахналаштырылган көрүнүштөр менен коштолду.

Шаар күнүндө 500 комузчу "Маш ботойду" аткарып, ал эми Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкова, ырчы Темир Назаров, Съездбек Искеналиев Ош элин куттуктап, ыр тартуулашты.

Мындан сырткары, Кытайдын Ош шаарындагы консулу Сун Лициун жалпы шаардыктарды куттуктап, Кытай тараптан шаар мэрине Тез жардам унаасынын ачкычын тапшырды.

319
Белгилер:
Ош, Айнуру Алтыбаева, Айтмамат Кадырбаев, Абдывахап Нурбаев, Мухаммедкалый Абылгазиев
Тема:
Ош шаарына 3016 жыл (6)
Тема боюнча
Президент кыргыз элин Ош шаарынын күнү менен куттуктады

Чалагыз Исабаев жубайы Самара Токтакунова, уулу Актан менен. Таберик сүрөт

25
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
Төрдө отурган Камбаркан фольклордук-этнографиялык ансамблинин негиздөөчүсү, белгилүү музыкант Чалагыз Исабаев, анын сол жагында жубайы, СССРдин эл артисти Самара Токтакунова жана уулу Актан Исабаевдин сүрөтү 1987-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган
© Фото / из семейного архива Исабаевых

Төрдө отурган "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинин негиздөөчүсү, белгилүү музыкант Чалагыз Исабаев, анын сол жагында жубайы, СССРдин эл артисти Самара Токтакунова жана уулу Актан Исабаевдин сүрөтү 1987-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.

Ал кезеңди Актан Исабаев мындайча эскерет:

"Бул сүрөт жакында эле колума тийди. Мен үчүн атам менен түшкөн ар бир сүрөтүм өтө баалуу, менин жашоомдогу эң кадыр-барктуу, сүйүктүү адамым болуп кала берет. Ал кезде мен 15 жашта болчумун. Атам менен апам көп гастролдогондуктан аларды чыдамсыздык менен күтчүмүн, чет мамлекетке кеткенде айылдагы тайларымдыкына же шаарда өкүл балдарыныкына калтырып кетишчү эле. Дайыма жалгызсырап, ата-энемди сагынып жашачумун. "Эмне үчүн башка балдардай дайыма ата-энем менен бирге жашай албайм" деп ойлоно берер элем. Арадан жети-сегиз күн өтүп келип калышат. Сүйүнүп отурсак экөө кайра эле бир айга башка мамлекетке гастролго кетчү. Ал эми алардын ортодогу мамилесине, эки ак куудай өмүр сүргөнүнө көптөр суктанчу. Экөөнүн ортосу сегиз жаш айырма да. Атабыз каза болгондон кийин апам деле кусалыктан, кайгыдан артынан кетип калышы ыктымал эле. Сезими ушунчалык күчтүү болгон. Бирок үй-бүлөсүн, балдарын ойлоп, белин бекем бууп, жашоого бел байлады өңдөнөт", — деди Исабаев.

Эске сала кетсек, "Камбаркан" фольклордук тобунун түптөөчүсү Чалагыз Исабаев 1991-жылы Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 53 жашында көз жумган. Жубайлар 26 жыл бирге өмүр сүрүп, чыгармачылыкта бири-бирине жөлөк болуп, эки уулду татыктуу тарбиялаган. Улуу баласы Аслан АКШда скрипка боюнча сабак берип эмгектенсе, экинчи баласы Актан Исабаев Кыргызстанда төбөсү көрүнгөн ырчы-аткаруучу.

25
Белгилер:
Актан Исабаев, Чалагыз Исабаев, Самара Токтакунова, таберик сүрөт
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер
Тема боюнча
Легендарлуу министрди жандаган таланттар. Залкарлардын таберик сүрөтү
Театр менен кинонун Толгонайлары. Курбулардын таберик сүрөтү
Жапжаш Базаровду курчаган сулуу кыздар. "Көчөдөгү" таберик сүрөт

Түрү укмуштарынан жылмайткандарына чейин. Met Gala-2021деги костюмдардын сүрөтү

58
Met Gala Американын Нью-Йорк шаарындагы шаан-шөкөттүү жашоону жакшы көргөндөрдүн сүйүктүү иш-чарасы. Жыл сайын ага ким кандай кааласа кийинип келет. Кээде алардын костюмдары таңгалдырса, кээде кишини чочутат.

Иш-чаранын максаты — Нью-Йорктогу Метрополитен-музейинин Костюмдар институтуна акча чогултуу. Биринчи ирет ал ойду 1948-жылы ишке ашырышкан. Ошондон бери бул салт катары калыптанып, уланып келе жатат. Анткен менен 2020-жылы эл чогулган эмес.

Бул сапар "Америкада: модалуу лексикон" деп аталды, бирок чакырууга "Америкадагы эркиндик" деп жазып таратышкан.

Бул сүрөт түрмөктөн бир укмуш костюмдарды көрүүгө болот. Сырттан караган сыпайы жүргөн адамды бул кийимдер чочутушу, уялтышы, таңгалдырышы же күлдүрүшү мүмкүн.

58
  • © AP Photo / Evan Agostini

    Модель жана актриса Валентина Сампайо

  • © AFP 2021 / Angela Weiss

    Рэпер Lil Nas X

  • © REUTERS / Mario Anzuoni

    Модель Кендалл Женнер

  • © AFP 2021 / Dimitrios Kambouris / Getty Images

    Аткаруучулар Роки жана Рианна

  • © AFP 2021 / Cindy Ord / MG21 / Getty Images

    Рэпер кыз Saweetie

  • © AFP 2021 / Dimitrios Kambouris / Getty Images

    Модель Иман

  • © REUTERS / Mario Anzuoni

    Ырчы Ким Петрас

  • © REUTERS / Mario Anzuoni

    Модель Ким Кардашьян

  • © REUTERS / Mario Anzuoni

    Модель жана актриса Хантер Шефер

  • © REUTERS / Mario Anzuoni

    Модельер Зак Позен жана ырчы, актриса Дебора Харри

  • © AFP 2021 / Dimitrios Kambouris

    Ырчы жана актриса Синтия Эриво

  • © AP Photo / Evan Agostini

    Ырчы Жей Бальвин жана трансвестит модель Саймон

  • © REUTERS / Mario Anzuoni

    Баскетболчу Коби Брайанттын кызы Наталья Брайант

  • © REUTERS / Mario Anzuoni

    Модельер Жереми Скотт жана модель Ирина Шейк

  • © AFP 2021 / Mike Coppola / Getty Images

    Модель жана актёр Эван Мок

  • © AP Photo / Evan Agostini / Invision

    Актриса, ырчы жана модель Зои Кравиц

  • © AFP 2021 / Mike Coppola / Getty Images

    Актриса Эмили Блант жана Vogue редактору Хэмиш Боулз

  • © AP Photo / Evan Agostini

    Теннисчи Серена Уильямс

  • © REUTERS / Mario Anzuoni

    Актёр Дэн Леви

  • © AP Photo / Evan Agostini

    Ырчы жана актриса Хлоя Бэйли сиңдиси жана кесиптеши Халла Бэйли менен

  • © REUTERS / Mario Anzuoni

    Музыкант жана фотограф Фрэнк Оушен

  • © REUTERS / Mario Anzuoni

    Ырчы жана актриса Женнифер Лопес

  • © AFP 2021 / Angela Weiss

    Ырчы Граймс

  • © REUTERS / Andrew Kelly

    Теннисчи Наоми Осака

Белгилер:
АКШ, Нью-Йорк, костюм, сүрөт
Тема боюнча
Толук кыз-келиндердин ажарын ачкан купальниктер. Мода жумалыгынан 12 сүрөт
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында ойногон балдар. Архивдик сүрөт

Жума күнүнө карата аба ырайы

0
17-сентябрда өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Жума күнү айрым жерлерде туруксуз аба ырайы күтүлүп, кээ бир өрөөндөрдө жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +27…+32, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +30…+35, Таласта +26…+31 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +30…+32, Ош шаарында +33…+35 градуска жогорулайт.

0
Белгилер:
аба ырайы, сентябрь, Кыргызстан
Тема боюнча
Сары-Чат — Ээр-Таш коругунда чет элдик компания жол куруп жатабы? Расмий жооп