КРдеги Instagram тармагынын эң популярдуу 10 колдонуучусу

© Sputnik / Табылды КадырбековПользователь Instagram со смартфоном
Пользователь Instagram со смартфоном - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көпчүлүк жылдыздардын сүрөттөрү бир типтүү болгону менен катталуучулардын саны өсүүдө.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Социалдык тармактар жарандардын жашоосунун бир бөлүгү болуп калды. Кыргызстанда Facebook, Одноклассники жана Instagram тармактары популярдуу болуп келет. 

Instagram тармагын колдонгон кыргызстандыктар моделдер менен ата мекендик ырчылардын баракчаларына арбын катталышат. Бүгүн Тиркемеге алты жыл толуп олтурат. Анын урматына Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргызстандык 10 популярдуу Instagram колдонуучуларын тизмектеди. 

10-орун

Эң популярдуу 10 илтиктин катарына "Евразия жылдызы" Гүлжигит Калыков кирет. Анын баракчасына 182 миң адам катталган. 

Всем сладких… Завтра нас ждёт насыщенный день и не только…

A photo posted by Guljigit Kalykov (@guljigit.kalykov) on May 6, 2016 at 12:11pm PDT

9-орун

27 жаштагы ырчы Омар Жанышов тогузунчу орунду ээледи. Орусча, кыргызча, англисче ырдаган аткаруучунун баракчасына 183 миң адам катталган.

A photo posted by Омар (@omar.zhanyshov) on Aug 13, 2016 at 8:13am PDT

8-орун

Кыз-Бурак тобунун солисти Сайкал Садыбакасованын баракчасына 185 миң колдонуучу катталган. 

7-орун

Жакында эле 30 жашын белгилеген эң популярдуу ырчы Мирбек Атабековдун жашоосуна 193 миң катталуучу көз салып турат. 

#kochmondoroiyny

A photo posted by Мирбек Атабеков (@mirbek_atabekov) on Sep 3, 2016 at 5:05am PDT

6-орун

Жакында эле хиджап кийген "Кыргызстан сулуусу" Айкөл Аликжанованын 213 миң катталуучусу бар. Бийкеч буга чейин жүктөлгөн сүрөттөрүн өчүрүп салып, диний көз караштагы сүрөттөрүн чыгарды. Анын жашоодогу багытын өзгөрткөнүн The Dayli Mail басылмасы дагы жазып чыккан.

Всем благодатного вечера #🌸 #намазынаркабылболсун

A photo posted by A L I K Z H A N O V A (@aikol_alikzhanova) on Oct 4, 2016 at 5:30am PDT

5-орун

Украинада өткөн "Х-фактор" сынагынын катышуучусу Айым Айылчиеванын баракчасына 214 адам катталган. 

4-орун

"Сүрөтүңө" аттуу ырды аткаруу менен атактуулукка жеткен Аяна Касымованын жашоосуна 232 миң катталуучу көз салып турат. 

🐣

A photo posted by Ayana Kasymova (@ayana_kasymova) on Aug 24, 2016 at 6:20am PDT

3-орун 

Эң популярдуу колдонуучулардын үчилитигине Анжелика Бекболиева кирди. Ырчы, актриса жана үч баланын энеси 280 миң катталуучунун көңүл чордонунда. 

2-орун

Эльдана Сатыбалдиева Instagram тармагынын эң популярдуу колдонуучусу болуп эсептелет. Юмору күч кыздын негизги баракчасына 507 миң адам катталган. Сатыбалдиева тармакка күлкүлүү сүрөт менен видеолорду жүктөп турат. Анын жеке баракчасындагы катталуучулардын саны бир миңге аз. 

Я у Мамы балванчик😬

A photo posted by Eldana Satybaldieva (@eldana_foureyes) on Aug 26, 2016 at 9:56am PDT

1-орун

Биринчи орунду Улуттук университеттин студенти Айжан Асемова илип кетти. 18 жаштагы кыз жарнактар аркылуу каражат табат. Анын баракчасына 516 миң адам катталган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0