Ошто VIII театралдык фестиваль башталды

© Sputnik / Табылды КадырбековТеатрда актерлор. Архивдик сүрөт
Театрда актерлор. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын ачылышына Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков баштаган атка минерлер катышты.

БИШКЕК, 7-окт. —Sputnik. Ош шаарында сегизинчи республикалык театралдык фестиваль башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди. 

Кинопленка. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Стамбулдагы даректүү тасма сынагына Кыргызстандан эки фильм катышат
Иш-чаранын ачылыш аземи Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрында өтүп, ага маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков баштаган атка минерлер катышты. 

Фестивалдын биринчи күнүндө Султан Ибраимовдун эстелигине гүл коюлуп, театр ичинде көргөзмө уюштурулду. 

Ал эми министр Казаков фестивалдын маанилүүлүгүн баса белгилеп, аны мындан ары да өнүктүрүү керектигин айтты.

Иш-чаранын биринчи күнү Баткен облустук драма театрынын актерлору тарабынан коюлган "Жамиля" спектакли менен аяктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0