"Азия MIX" КВНдин финалына чыкты

© Фото / Марат ДжуманалиевКыргызстандын "Азия MIX" командасы, архив
Кыргызстандын Азия MIX командасы, архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финалга ойнотулган эки жолдомо үчүн төрт команда күч сынашып, Кыргызстандын "Азия MIX" командасы мыкты аталды.

БИШКЕК, 8-окт. —Sputnik. Кыргызстандын "Азия MIX" командасы Шайырлар жана тапкычтар клубунун Жогорку лигасынын финалдык бөлүгүнө чыкты. Бул тууралуу клубдун расмий сайты кабарлайт.

Жарым финалга сегиз команда чыгып, алар эки топко бөлүнгөн. 30-сентябрда биринчи жарым финалдык оюн өтүп, кийинки этапка Мурманск шаарынын командасы менен "Спарта" чыккан. 

КВН Азия MIX командасынын катышуучусу Ситора Фармонова. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Азия MIX" командасындагы Ситора: лицензиядан кол жууганыма ишенбей турам
Бүгүн экинчи жарым финалдык беттешүү өтүп, анын жыйынтыгы менен калган эки команда аныкталды. 

Мында "Азия MIX" менен Москва мамлекеттик цирк, "Доброжелательный роман" (Санкт-Петербург), "Радио Свобода" (Ярославль) командалары ат салышты. 

Мелдештин жыйынтыгы менен биринчи орунду "Азия MIX" командасы, ал эми экинчи орунду Ярославль ээледи. Үчүнчү орунду алган Москва мамлекеттик цирк командасы калыстардын сунушу менен финалга жолдомо алды. Ошентип бүгүнкү жарышта үч команда финалга өтүп, Санкт-Петербург командасы гана жарым финалдан өтпөй калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0