Стамбулдагы кино фестивалда кыргыз тасмасы биринчиликти алды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүСтамбул шаарынын архивдик сүрөтү
Стамбул шаарынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер Ниязга түрк дүйнөсүнүн маданиятына кошкон салымы үчүн атайын сыйлык берилди.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Түрк дүйнөсүнүн даректүү тасмаларынын фестивалында Артыкпай Сүйүндүковдун "Көч" тасмасы биринчи орунду багындырганын Кинематографияны өнүктүрүү фонду билдирди.

Кинопленка, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" сынагы билдирме кабыл алууда
Фестивалдын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу 8-октябрда Стамбул шаарында өттү.

Дүйнөлүк журналисттер ассоциациясы уюштурган быйылкы конкурс "Түрк маданияты жана түрк дүйнө таанымы" деп аталды.

Фестивалдын жыйынтыгы менен Артыкпай Сүйүндүковдун "Көч" тасмасы биринчи орунга татыды. Тасманы автор 2011-жылы Молдосейит Мамбетакунов менен биргелешип тарткан.

Ал эми калыстардын атайын сыйлыгы Адилет Каржоевдин "Сары-Ой" тасмасына ыйгарылды. Ошондой эле, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер Ниязга түрк дүйнөсүнүн маданиятына кошкон салымы үчүн атайын сыйлык берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0