Манастын айкели Стамбулга коюлат

© Фото / Темирлан Сарлыкбек уулу"Манас" баатырдын эстелигинин Стамбулда Бейоглу аймагында коюла турганын эскизи
Манас баатырдын эстелигинин Стамбулда Бейоглу аймагында коюла турганын эскизи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Манас баатырдын эстелигин белгилүү айкелчи Садабек Ажиев жана окуучусу Токталы Мурзакаримов жасашууда.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. "Манас" баатырдын эстелиги Стамбулдун Бейоглу аймагына коюла турганын Темирлан Сарлыкбек уулу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, учурда усталар Стамбул шаарында иш башташты. Алар үч ай иштешет

"Кечээ Стамбулдун Бейоглу районунун акими менен жолугуп иштин жүрүшүн талкууладык. Буюрса айкел тарыхый Халич жээгиндеги Сүтлүже паркына коюлат. Манас атабыздын айкелинин жанына Чыңгыз Айтматов, Жусуп Баласагын, Саякбай Каралаев жана башка түрк тилдүү өлкөлөрдүн орток баалуулуктарын даңазалаган башка маанилүү каармандардын дагы айкелдерин тургузууну сунуштадым", — дейт Сарлыкбек уулу.

Манастын айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Индиянын Дели шаарында Манастын айкели тургузулмай болду
Ал ошондой эле эртең бул иш тууралуу Түркиянын вице-премьери Тугрул Түркеш мырза менен да жолугуп сүйлөшө турганын кошумчалады. Ошондой эле Түркия тарап бул пикирди абдан жактырып, учурда бул иштин аткарылышын көзөмөлдүй турганын баса белгиледи.

Манас баатырдын эстелигин белгилүү айкелчи Садабек Ажиев жана окуучусу Токталы Мурзакаримов жасашуда.

Темирлан Сарлыкбек уулу айкелди жасап орнотууга кеткен бардык чыгымды өз мойнуна алганын билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Манастын эстелигин коюу боюнча жер бөлүнгөнү маалымдалган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0