Балбал таштар, архивдик сүрөт

Кеп казына. Теңир керемети даарыган Куйручук

1468
(жаңыланган 16:38 12.10.2016)
Караңгыда көз, кыйчалышта сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Куудул, сынчы, чечен, балбан, манасчы, ырчы, акын, санжырачы, жомокчу, олуя, анык психолог, берешен Кудайберген Өмүрзак уулу (Куйручук) 1866-жылы Кулжыгач (азыркы Жумгал району, Кызылтуу айылы) жарык дүйнөгө келип, 1940-жылы көз жумат…

Эки жашында энесинен айрылып, бешке чыкканча "куу далы", "итий" болуп, жетиге чыкканча бечел болуп баспай, ар кимден кагуу жеп чоңойгон. Өнөрү эрте калыптанган. Чыгаан саясатчы Байзак баатыр Кудайбергенди Куйручук атка кондурган.

Куйручук узун бойлуу, кере карыш жаактуу, сөөк-саактуу, жазы далы, жайык төш киши экен. Жигит чагында он жети (кээ бир маалыматтарда он сегиз) жолу балбан күрөшкө түшүптүр. Он алты жолу жыгып, бир жолу жыгылыптыр..

Анын "Бейиштеги үн", "Арбак", "Айып кимде", "Жалаа", "Манасым барда кайда болсо коном" жана башка жоруктары эл арасында кеңири белгилүү.

Жаакта жок чечендиги

Бир күнү Куйручук эт жеп жаткан манаптардын үстүнөн чыгат. Улагага тура калган Куйручукка бирөө бир кесим эт берсе, жеп жиберип тигилерди тиктеп калат. Кайра бир кесим эт сунса кайра да ошентет. Анда ал: – Мунуңар тойбогон неме го, эшикке чыгарып жиберсеңерчи, – дейт. Куйручук: – Ушунча жумурай журтту жалмап жеп жаткан сен тойбогон, ушул бир үзүм этке мен тоймок белем – деп кайра анын шермендесин чыгарат.

Куйручук бала кезинде Байзактын айылына барса, алгач кымыз, аңгыча эт тартылат. Аксакалдарга устукан тийип, жаштары эт туурайт. Куйручук да эт туурап, ара-чолодо эт жегенге да үлгүрүп, этти баарыдан мурда туурап бүтөт. Туураган эт алдыларына келгенде үч жолу алат да чыга берет. Аны байкап калган Байзак: – Алсаң боло, ал! – десе: – Шумкар бир тойгон соң экинчи кол салбайт, – дейт. Жаш балага таң калган Байзак: – Атаңдын көрү, э-эй… береги Куйручуктун айтканын көрбөйсүңөрбү. Сөзү чечекейдей, көзү күйүп турат, тегин уул болбойт, – дейт. Куйручукка ушул сөзү үчүн ат мингизип, эски чапанын жабат.

Куйручук 1916-жылы Үркүндө Турпан жергесине качып барып туруп калат. Ал жердеги Түкбаш байга келип, "9 эшек көтөрө алгыдай эгин жүктөп бер" десе, Түкбаш:

— Кулагы жок чунак Куйручук,
Куйругу жок чолок Куйручук.
Өйдө чыксаң өбөксүң Куйручук,
Ылдый жүрсөң жөлөксүң
Арка кылаар элиң кайда?
Азык берээр жериң кайда?

Анда Куйручук:

— Кулагым чунак болсо — шумкармын
Куйругум чолок болсо — тулпармын.
Кулагы узунду эшек дейбиз,
Куйругу узунду ит дейбиз.
Өбөксүз өйдө чыксам — жүрөгүм таза.
Жөлөк коюп таяк алганды ууру дейбиз.
Арып-агып алыстан келдим.
Арка болчу эл ушул!
Тентип-тентип тегимден келдим,
Эне болчу жер ушул.
Көпсүнгөнгө көр бар,
Көп ичинен бөлүнөт.
Өйдөсүнгөнгө өр бар,
Өбөктөйт да жүгүнөт.
Жалгыз десең, күнгө тилиң тийгени.
Жарык берген дүйнөгө,
Жарды десең, айга тилиң тийгени, — деп жооп берген.

Олуялыгы

Куйручукка бирөө салам айтса, алик албайт.

— Арам эт жыттанбай ары тур, — дейт. Ошол жерде турган бирөө:

— О кокуй, эмнеге арам эт жыттанып калды?— десе:

— Бул ит кечинде коюна кошулуп келген кошунасынын жалгыз коюн жеп алган, — дейт Айыбы ачылган тиги киши калтырап-титиреп, кызыл-тазыл болуп:

— Туура, туура. Үч эсе төлөйм, — деп чуркап жөнөгөн экен.

***

Баласыз бирөөгө бата берип, "сен уулдуу болосуң, уулуң 17ге чыкканда Батышта алаамат болуп, ошол жака кетип келбей калат, тукумсуз калат экенсиң", — десе тиги киши Куйручукту аябай жаман көрүп калат. Айткандай уулдуу болуп, согуш чыгып, баласы согушка кетип кайтпай, тиги киши тукумсуз калат.

***

Атактуу Шабдан баатыр дагы жакшы көрчү экен. Таяке-жээн болуп катташып жүрчү дешет. Баатыр дагы куудулдун сөзүн эки кылчу эмес. Бир жолу Куйручук баатырдыкына келип, аябай сый көрөт. Сапары карыганда Шабданга кайрылат:

— Баатыр, менин кете турган учурум келип калды. Кайтышым керек.

— Таякеге белек-бечкек камдап, ат жетелетип, үстүнө чапан жапкыла — дейт.

— Мага эчтекенин кереги жок. Үйдөгү сол жактагы сандыкта көп кездемелердин арасында көк жашыл болуп кубулган бир кездеме жатат, ошону алам, — дейт. 

Баатыр да, эл да таң калат. Байбичеге киши жиберсе, ал күлүп:

— Мени менен сандыкка кездеме салышып жүргөнсүгөн таяке. Бул кездеме бир жылдан бери жатат, — деп алып чыгат. Дагы бир ирет эл куудулдун олуялыгына таң калган экен.

Берешендиги

Анжиян тараптан келген бир соодагер сарт өрүк-мейизинин кочушун койго, табагын тайга, маталарын малга, ала-кийиз, шырдакка, чай-чамек, кант-набатын суусар, сүлөсүн, карышкыр терилерине мата айырбаштайт. Бир тоголок кантын бекер бербей, жедеп элеттен таалимин алып бүткөн неме.

Күн ысык, кымызга тойгон соодагер, ныксырап уктап, бир эшегин минип, бир эшегин жетелеп келе жаткан болот. Экинчи эшегине болгон байлыгын арткан экен. Соодагерди көргөн бала куудул Куйручку энеден туума жылаңач болуп, кара баткакка оонап, куураган жалбырактарды денесине чаптап, арткы эшектин жүгөнүн шыпырып, өз башына тагып, бир топ жерге барганда тырышып баспай туруп калат. Сарт ашата сөгүнүп, артын карап, тири суук айбанды көрүп, кыйкырганга чамасы келбей, артын карабай качып жөнөйт. Ошону менен элди алдаган сарт экинчи келгис болот. Кукең маталарын кемпир-чалдарга, таттуу-паттуусун балдарга таратып бата алат.

1468
Белгилер:
кыргыз адабияты, кеп казына, чечен
Тема боюнча
Кеп казына. Кет Буканын олуялыгы: кыз-уланың дүйнө кууп, кырдан качат, сак болгун...
"Кожожаш" эпосу жөнүндө жети факты. Сур эчки менен мергендин таймашы
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков

Талантбеков: "жигин тартып көрүү" душмандын чамасын билүү дегенди түшүндүрөт

59
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздү чечмелеп, анын маанисин түшүндүрдү.

"Жигин тартып көрүү" деген адамдын чама-чаркын билүү дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.

Талантбеков: "жигин тартып көрүү" душмандын чамасын билүү дегенди түшүндүрөт

Анын айтымында, эпосто макал-лакаптар, осуяттар, накыл сөздөр көп кездешет.

"Манаста "жигин тартып көрүү" деген көөнө сөз байма-бай кездешет. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун вариантында "Жигин билбей киргендей, жинди болду дейсиңби. Куру жолго жүргөндөй, кутуруп кетти дейсиңби" деген ыр саптары бар. Мындан улам аталган түшүнүк абалын, күчүн, кудуретин, чамасын билүү дегенди түшүндүрө турганын аңдасак болот. Эпосто душмандын чама-чаркын, ал-абалын, кудуретин аңдап-билүү — "жигин тартуу" деп берилген. Муну күнүмдүк турмушта тилдин көркөмдүгүн арттырууга көмөк катары колдонсо болот", — деди Талантбеков.

Ошондой эле ал учурда тиричиликте көптөгөн көөнө сөздөр колдонулбай калганын кошумчалады.

59
Белгилер:
Нурбек Талантбеков, Манас эпосу, эне тил, Кыргызстан
Тема боюнча
Талантбеков: "дара" деген сөздү бир нече мааниде колдонсо болот
Манастын уулу Семетей тасмасы тартуу учурунда

Мамлекеттик катчы "Манастын уулу Семетей" тасмасы тууралуу үн катты

52
(жаңыланган 14:39 02.08.2021)
Мамлекеттик катчы тасманын сценарийинде саясий ката кетип калганын айтып, бул боюнча кинокартинанын жаратуучулары менен талаш-тартыш болгонун белгилеген.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев учурда тартылып жаткан "Манастын уулу Семетей" тасмасы жөнүндө Facebook баракчасы аркылуу үн катты.

Анын айтымында, тасма жаратуучуларынын фильмди тартып баштаар алдында президент Садыр Жапаровго барганы чын.

"Президент Садыр Нургожоевич Жапаров тасманы колдоп каржылап жатат" деген сөздүн канчалык чындыгы бар? Мен мамлекет башчы менен бул маселе боюнча тактап, сүйлөштүм. Тасманы тартам дегендер президентке кирип "Манастын уулу Семетей" деген тарыхый мыкты кино жаратканы жатышканын айтып, "тартуу иштерине Казакстан, Россия көмөктөшөт. Баары сүйлөшүлгөн" десе, мамлекет башчы "андай мыкты фильм тарта турган болсоңор мен каршы эмесмин. Тартсаңар тарткыла. Бирок начар тартылып, кийин жакпай калса чыгартпай коебуз" деген. Алар менен кошо кирген адам "мен тасманы жаратууга каржы жагынан жардам берейин" десе президент "мейлиңиз, мүмкүнчүлүгүңүз болсо колдосоңуз колдоңуз" деп жооп берген. Болгону ушул гана сөз. Тасма тарткандар бардык жерде жарнамалап жүргөндөй, өлкө башчы катуу колдоп, каржылап жаткан жок. Президентке ким болбосун "жакшы иш жасаганы жатам" десе, "мейли, жасаңыз, жок дебейбиз" дегендей эле кеп", — деп жазган Абыкеев.

Мамлекеттик катчы тасманын сценарийинде саясий ката кетип калганын айтып, бул боюнча кинокартинанын жаратуучулары менен талаш-тартыш болгонун да белгилеген.

"Сценарийдин башында эле калмак, кангайлар кыргыздарга бийлик жүргүзүп, Көбөштү хан шайлап кыргыздардан салык алып турушкан. Этегине чейин ушундай. Негизи сценарий чийки. Семетейдин эли-жерин табышына өтө чоң роль ойногон Каныкейдин Тайторуну чапканы жок", — деген ал.

Мындан сырткары, Абыкеев аталган фильмди тартууга мамлекет каржы бөлбөгөнүн айтып, жеке менчик тарап тартып жаткандыктан ишти токтотууга мыйзам жол бербей турганын кошумчалаган. Ошондой эле ал Жогорку Кеңештин жаңы курамы шайланып келгенде "Улуттук баалуулуктарды коргоо жөнүндө" мыйзам кабыл алуу керектигин сунуштаган.

Эске салсак, Кыргызстанда "Манастын уулу Семетей" тасмасы тартыла баштады. Фильмдин продюсеринин айтымында, кино Кыргыз эл жазуучусу Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" пьесасы жана "Семетей" эпосунун негизинде тартылууда.

52
Белгилер:
Чолпонбек Абыкеев, пикир, мамлекеттик катчы, 'Манастын уулу Семетей' тасмасы
Тема боюнча
Кыргызстанда "Манастын уулу Семетей" тасмасы тартыла баштады. Сүрөт
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова

Эмоция кайнап, ыйлагым келип турат. Айсулуунун Токиодогу алгачкы билдирүүсү

0
(жаңыланган 22:42 04.08.2021)
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова ичинде эмоция кайнап турганын жашырган эмес. Ошол эле учурда ал калган спортчуларга ийгилик каалап, баары жакшы экенин жазган.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Токиодо өткөн Олимпиадада финалдык беттештен кийин алгачкы билдирүүсүн Facebook баракчасына жарыялады.

Спортчу колдоо көрсөткөн кыргыз элине рахматын айткан.

"Кадырлуу кыргыз элим! Ушул күнгө чейин мени колдоп, демиме дем кошкон ар бириңиздердин каалоо-тилектериңиздерге ийилип таазим кылам. Азыр ичимде эмоциялар кайнап, чынын айтсам ыйлагым келип турат... Спорт мени мындай учурларда күчтүү болууга үйрөттү. Такшалдык! Айта турчу сөз көп. Дагы кенен пикир алмашабыз", — деп жазган ал.

Тыныбекова калган спортчуларга ийгилик каалап, баары жакшы экенин белгилеген.

"Азыр болсо өлкө намысын кийинки беттештерде коргой турчу спортчуларыбызга ийгилик каалайм. Кыргыз элимдин алтынга болгон үмүтү үчүн күрөшүңүздөр! Алга! Баары жакшы! Сиздердин колдооңуздар мени дагы да чыйралтат!" — деген спортчу.

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медаль утту. Бул Кыргызстандын Токио Олимпиадасындагы экинчи күмүш медалы болду. Кечээ грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш байге тагынган. Ал эми кыздар күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло байге утту. Кыргызстан Токио Олимпиадасынан баш-аягы үч медалдуу болду.

Кыргызстандан Токио шаарына, XXXII жайкы Олимпиадага 16 спортчу аттанган. 23-июлда башталган олимп оюндары 8-августта аяктайт.

0
Белгилер:
Айсулуу Тыныбекова, билдирүү, олимпиада, күрөш
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Кылкылдап, аянтка батпай. Айсулуунун мелдешин көрүүгө чогулган элдин сүрөтү
Айсулуунун жашы токтобой. Бүткүл Кыргызстанды ыйлаткан видео