"Үркүн" тасмасы калың элдин назарына сунушталды

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүКинопленка, архив
Кинопленка, архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасма Тарых жана маданият жылына, ошондой эле 1916-жылдагы кѳтѳрүлүштүн 100 жылдыгына карата тартылган.

БИШКЕК, 28-сен. —Sputnik. "Үркүн" тасмасы калың элдин назарына сунушталды. Бул тууралуу "Саякбай манасчы" коомдук фондунан билдиришти. 

Режиссер Эрнес Абдыжапаров на съемках фильма Саякбай - Sputnik Кыргызстан
"Саякбай" тасмасы тартылып бүттү
Тасманын премьерасы "Манас" кинотеатрында өттү.

"Саякбай манасчы" коомдук фондунан маалымдашкандай башкы ролдогу актерлорго жана режиссерго "Саякбай Манасчы" фондунун медалы, Саякбай энциклопедиясы жана күбөлүк берилген.

Тасма Тарых жана маданият жылына, ошондой эле 1916-жылдагы кѳтѳрүлүштүн 100 жылдыгына карата тартылып, Нурбек Айбашев башкы демөөрчү болгон. "Үркүн" киносуна Медин Учкеев режиссерлук кылса, Мухтар Атаналиев продюсери болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0