Бүгүн Шакен Мамбетаипованын эмгектеринин көргөзмөсү ачылат

© Sputnik / Виктор Чернов / Медиабанкка өтүүШакен Мамбетаипова - член Союза художников СССР
Шакен Мамбетаипова - член Союза художников СССР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал "Кыял" элдик кол өнөрчүлүк бирикмесин уюштуруучулардын бири болгон.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Бүгүн кыргыз аялдарынан чыккан алгачкы адис сүрөткер, Кыргыз эл сүрөтчүсү, акын Шакен Мамбетаипованын эмгектеринин көргөзмөсү ачылат. Бул туурасында аталган иш-чараны уюштуруучулар кабарлашты. 

Дизайнерлердин кыздар үчүн тиккен көйнөгү жана баш кийими - Sputnik Кыргызстан
"Оймо – 2016": этникалык мода, бий жана майрамдык парад
Көргөзмөдө автордун жасалга-колдонмо өнөрү, живопись багытындагы иштери коюлат. Иш-чара автордун 80 жылдыгына карата Тарых жана маданият жылынын алкагында уюштурулууда. 

Кыргызстанда Мамбетаипова элдик жасалга-колдонмо өнөрдүн уюткусун сактаган адам катары таанымал. Ал өз чыгармаларында элдик уздардын салттуу өнөрүн улантуу менен алардын эң сонун жетишкендиктерин профессионал сүрөтчү катары өз заманындагы турмуш чындыгын чагылдырууда жаңычылдык менен пайдаланган. 

"Ал элдик стилдин негизги салттарын кылдаттык менен өздөштүрүп, ар кандай материалды өз идеясын бериш үчүн билгичтик менен пайдаланган. Эл менен, табият менен, элдик искусство менен аралаш жашоо Шакен Мамбетаипованын чыгармаларына өзгөчө дем берип турат", — деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан Шакен Мамбетаипованын жасалга-колдонмо багытындагы эмгектери республикабыздан тышкары Монреаль, Москва, Санкт-Петербург, Кишинев, Ташкент, Душанбе, Ашхабад, Алматы сыяктуу шаарларында, айрымдары Алжир, Монголия, Индия, Болгария, Германия, Түркия сыяктуу өлкөлөрдүн музейлеринин туруктуу экспонаты болуп калган. 

© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүүКыргыз эл сүрөтчүсү, акын Шакен Мамбетаипованын шырдакта жасаган эмгеги
Национальный ковер Догони девушку, Шакин Мамбетаипова - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз эл сүрөтчүсү, акын Шакен Мамбетаипованын шырдакта жасаган эмгеги

Автордун ар кыл эмгектери Кыргыз Совет энциклопедиясына басылып, чет элдик басма сөздө да жарыяланган. 

Проект 100 жана 1 элечектен айым (100 и 1 женщина в элечеке) - Sputnik Кыргызстан
Сулууларга суктанууга акым бар. Ажарлуу, жылдыздуу ак элечекчен айымдар
Мамбетаипова салттуу кол өнөрчүлүктүн нугунда гана иштебестен, живопистик этюддар менен да кыйла жемиштүү эмгектенген. Өз учурунда Шакен Мамбетаипова Кыргызстандын элдик чеберлери менен эң керектүү жана масштабдуу иштерди жүргүзгөн. Ал "Кыял" элдик кол өнөрчүлүк бирикмесин уюштуруучулардын бири болгон. Кийинчерээк анын башкы сүрөтчүсү болуп иштеп, сегиз жыл бою республиканын Жергиликтүү өнөр жай министрлигинин Борбордук көркөм-эксперименталдык лабораториясын жетектеген. Өзгөн шаарындагы килем токуу фабрикасын уюштурууга да жигердүү катышкан. 

СССР убагында СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болуп, "Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер" ардактуу наам алган. Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгондон кийин 1993-жылы кыргыз аялдарынын ичинен биринчи болуп "Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү" аттуу наамга татыктуу болгон. 

Шакен Мамбетаипова сүрөтчү гана эмес, мыкты ырларды жарата билген акын катары да кеңири белгилүү. Анын "Кыргыз пейили", "Ырлар", "Байыркы жылдыздар", "Улуу тоолор" аттуу ыр жыйнактары жарык көрүп, окурмандардын сүймөнчүгүнө айланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0