Лондондо "Суфлер" кыргыз спектакли көрүүчүлөрдүн арзуусуна татыды

© Фото / предоставлено ТЮЗ им. Б.КыдыкеевойСултан Раевдин "Суфлер" спектакльнан кадр
Султан Раевдин Суфлер спектакльнан кадр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чыгарманы Лондондун The Space деп аталган эң байыркы театрларынын биринде көрсөтүштү. Бул быйылкы жылдын эсебиненен Британиянын борборунда көрсөтүлүп жаткан экинчи спектакль. Биринчиси — "Канышанын көз жашы" деп аталган Курманжан датка туурасындагы чыгарма болчу.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Жекшемби күнү Улуу Британиянын борбору Лондон шаарында жазуучу Султан Раевдин "Суфлер" спектакли тартууланганын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. 

Премьера эл аралык "Ачык Борбор Азия" фестивалынын алкагында болду. 

Спектаклди Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры Лондондун The Space деп аталган эң байыркы театрларынын биринде койду.

"Башкы ролду Назира Мамбетова ойногон "Суфлерду" британиялык көрүүчүлөр жогору баалашты", — деп айтылат маалыматта.

Тарых жана маданият жылдарынын алкагында бул Британиянын борборунда көрсөтүлүп жаткан экинчи спектакль. Биринчиси — "Канышанын көз жашы" деп аталган Курманжан датка жөнүндө чыгарма болчу. 

Жаңылыктар түрмөгү
0