Гүлнур Сатылганова менен Элина Абай кызы окуучуларга сабак өтүп жатышат

© Фото / предоставлено ЮНФПА в КРУрок Гулнур Сатылгановой ученикам 5-6 классов в бишкекской школе
Урок Гулнур Сатылгановой ученикам 5-6 классов в бишкекской школе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин беш мектебинде 5-6-класстын окуучулары үчүн Эльвира Сурабалдиева, Гулнур Сатылганова, Элина Абай кызы, Анжелика Бекболиева жана Аяна Касымова сабак өтүп жатышат.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте бир катар мектептеринин 5-6-класста окуган окуучулар үчүн "Ийгилик сабактары" өтүүдө. Бул тууралуу БУУнун калк фондусунун программалык адиси Нора Суюналиева билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага Кыргызстандын көрүнүктүү инсандары тартылган.

© Фото / предоставлено ЮНФПА в КРБүгүн Бишкекте бир катар мектептеринин 5-6-класста окуган окуучулар үчүн "Ийгилик сабактары" өтүүдө.
Бүгүн Бишкекте бир катар мектептеринин 5-6-класста окуган окуучулар үчүн Ийгилик сабактары өтүүдө. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Бүгүн Бишкекте бир катар мектептеринин 5-6-класста окуган окуучулар үчүн "Ийгилик сабактары" өтүүдө.
© Фото / предоставлено ЮНФПА в КРИш-чарага Кыргызстандын көрүнүктүү инсандары тартылган.
Иш-чарага Кыргызстандын көрүнүктүү инсандары тартылган. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Иш-чарага Кыргызстандын көрүнүктүү инсандары тартылган.
© Фото / предоставлено ЮНФПА в КРУюштуруучулар белгилегендей учурда дүйнө жүзү боюнча 10 жаштагы кыздардын саны 60 миллионго жетет.
Уюштуруучулар белгилегендей учурда дүйнө жүзү боюнча 10 жаштагы кыздардын саны 60 миллионго жетет. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Уюштуруучулар белгилегендей учурда дүйнө жүзү боюнча 10 жаштагы кыздардын саны 60 миллионго жетет.
1/3
Бүгүн Бишкекте бир катар мектептеринин 5-6-класста окуган окуучулар үчүн "Ийгилик сабактары" өтүүдө.
2/3
Иш-чарага Кыргызстандын көрүнүктүү инсандары тартылган.
3/3
Уюштуруучулар белгилегендей учурда дүйнө жүзү боюнча 10 жаштагы кыздардын саны 60 миллионго жетет.

"Окуучуларга ЖКнын депутаты Эльвира Сурабалдиева, КР Эл артисти Гульнур Сатылганова, ырчылар Анжелика Бекболиева менен Аяна Касымова жана актриса Элина Абай кызы мектеп окуучуларына 40 мүнөттүк "Ийгилик сабактарын" өтүүдө. Аталган каармандарыбызга график түзүп атайын бир мектептен тандап бергенбиз", — деди Суюналиева.

Уюштуруучулар белгилегендей учурда дүйнө жүзү боюнча 10 жаштагы кыздардын саны 60 миллионго жетет. Ал эми иш-чара кыздарга ушул жашынан баштап кыйынчылыктарды жеңип өтүүгө, жашоодо өз ордун татыктуу табууда көмөкчү болуу, дем-күч, туура багыт, кеп-кеңештерди берүү максатын көздөйт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0