Ситора: турмушка "Азия MIX" чемпион болгондон кийин гана чыгам

© Фото / Дмитрий Макурин"Азии MIX" командасынын катышуучусу Ситора Фармонова
Азии MIX командасынын катышуучусу Ситора Фармонова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Азии MIX" командасынын катышуучусу Ситора Фармонова аны ким коркутуп жатканын, эмне үчүн берген маектерине ишене бербеш керектигин жана жарым финалда команда кантип жеңип чыкканын Sputnik Кыргызстан кабарчысына айтып берди.

8-октябрда Бишкектин "Азия MIX" КВН командасы Жогорку лиганын финалына чыкты. Эми чемпиондук наам үчүн төрт атаандашы менен ат салышат. 

Sputnik Кыргызстан команданын эң ажарлуу мүчөсү менен байланышып, жеке турмушу КВН жана үй-бүлөсү тууралуу маек курду. 

— Салам! Финалга чыгышыңар менен! 

— Рахмат. Бизге азыркыга чейин куттуктоолор келип жатат. Бул чынында эле укмуш болду. Бизди финалга чыктыңар деп жарыялаганда кубанганымдан кыйкырып да жибердим. Көз жашымды араң токтотком. Биринчи каналдан кийин көрөсүңөр. 

— Оюнду качан көрө алабыз?

— Ой, өзүм да билбейм. 23-октябрда "Голосящий КиВиН — 2016ны" көрсөтүшөт. Качан обого чыгарыбызды биз башкалар менен эле кошо билебиз. 

© Фото / Дмитрий МакуринСитора Фармонова: чынын айтсам, сахнадан баары ишибиздин натыйжасын көрүшөт. Ал эми ага даярданган оор күндөр көмүскөдө калат. Тамаша айтыш кыйын, ал эми жакшы тамаша айтуу — андан да кыйын
Участница Азии MIX Ситора Фармонова - Sputnik Кыргызстан
Ситора Фармонова: чынын айтсам, сахнадан баары ишибиздин натыйжасын көрүшөт. Ал эми ага даярданган оор күндөр көмүскөдө калат. Тамаша айтыш кыйын, ал эми жакшы тамаша айтуу — андан да кыйын

— Оюн кандай өттү, айтып бериңизчи? 

— Чынын айтсам, сахнадан баары ишибиздин натыйжасын көрүшөт. Ал эми ага даярданган оор күндөр көмүскөдө калат. Тамаша айтыш кыйын, ал эми жакшы тамаша айтуу — андан да кыйын. Репетициялар көбүнчө түн оогондо башталат. Жарым саат тыныгуу болсо болду, болбосо жок, кайра улантабыз. Көзүбүздү ача албай калган абалда да иштеген түндөр болгон. Бирок биздин команда аябай сонун, бири-бирибизди колдоп турабыз. "Балдар, иштейли-иштейли, финалга чыгышыбыз керек" деп сүрөп жаттык. Уйкусуз түндөрүбүз текке кеткен жок. 

— Оюнда колдоочуңар ким болду?

— Оо, бул өзүнчө кеп. Залдагы күйөрмандар эми укмуш. Фанаттардан ушунча көп кат, билдирүүлөр келет дейсиз. Бизди колдогондору үчүн аларга ырахмат. Дал ошолор бизге күч берип турат, алардын алдында өз жоопкерчилигибизди сезип, алардын үмүт-тилектерин алдабаш үчүн колдон келгендин баарын жасасак дейбиз. 

© Фото / Дмитрий Макурин8-октябрда Бишкектин "Азия MIX" КВН командасы Жогорку лиганын финалына чыкты
8-октябрда Бишкектин Азия MIX КВН командасы Жогорку лиганын финалына чыкты - Sputnik Кыргызстан
1/3
8-октябрда Бишкектин "Азия MIX" КВН командасы Жогорку лиганын финалына чыкты
© Фото / Дмитрий МакуринЭми чемпиондук наам үчүн төрт атаандашы менен ат салышат
Эми чемпиондук наам үчүн төрт атаандашы менен ат салышат - Sputnik Кыргызстан
2/3
Эми чемпиондук наам үчүн төрт атаандашы менен ат салышат
© Фото / Вика ФроловаБизди финалга чыктыңар деп жарыялаганда кубанганымдан кыйкырып да жибердим
Бизди финалга чыктыңар деп жарыялаганда кубанганымдан кыйкырып да жибердим - Sputnik Кыргызстан
3/3
Бизди финалга чыктыңар деп жарыялаганда кубанганымдан кыйкырып да жибердим
1/3
8-октябрда Бишкектин "Азия MIX" КВН командасы Жогорку лиганын финалына чыкты
2/3
Эми чемпиондук наам үчүн төрт атаандашы менен ат салышат
3/3
Бизди финалга чыктыңар деп жарыялаганда кубанганымдан кыйкырып да жибердим

— Оюн учурунда сиз дайыма бир нерсеге кабыласыз. Бул жолу да күтүүсүз окуя болдубу?

Азия MIX КВН командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Букмекер: "Азия MIX" командасынын КВН финалында жеңүү мүмкүнчүлүгү жогору
— Андай неме мага илээшип алганын сиз да билесизби (күлөт)? Ооба, бул бир адатка айланып калды окшойт. Ойноп жатканда сөзсүз бир нерсе болот десеңиз. Бул жолу сахнада аз жерден көйнөгү жок кала жаздадым. Кудай анын бетин ары кылсын! Музыкалык конкурска деген гүлгүн кызыл кооз көйнөк болчу. Катерина менен сахнада бийлеп жатканбыз, бир маалда эле сыдырмасы ажырап баратканын сезип калдым. Токтой албайм, оюндун аягына чыгышым керек да. Сыдырма болсо кашайып дагы эле ажырап баратат, далым көрүнүп калды. Камилге: "Аркам сыдырылып калды, жардамга" деп кыйкырып жатам. Көйнөгүмдү араң кармап калбадымбы. Оюндан кийин кыздар сыдырмамды бекитип беришти дечи, бирок сахнада жүрөгүмдүн түшкөнүн айтпаңыз. Көкүрөгү ансыз да ачык көйнөгүм сахнада такыр шыпырылып түшүп калса эмне болот эле? Мен ошол жерде ич көйнөкчөн турсам… Кудай бетин салбасын! Өткөн жолку оюнда болсо эсимди жоготуп коё жаздагам. "Күч бере көр, аягына чыгара көр! Анан деле жыга көр!" деп кудайга жалынгам. Мен мындай окуяларды жакшылыкка жоруйм. Ушундай форс-мажорлор ийгилик менен бүтөт. Мына, финалга чыктык. Бул өзүнчө бир курмандык болуш керек. 

— Эми финалда жеңип чыгыш үчүн да сөзсүз сени менен бир нерсе болуш керекпи? 

— Финалда баары жакшы болот, биз утабыз деген үмүттөмүн. Өзүм жоголбосом болду… 

© Фото / Вика ФроловаСитора Фармонова: жеке турмушум жөнүндө кеп кылганды жаман көрөм, бирок айтпай коюшка да болбой калды. Соцтармактарындагы менин аккаунтума байланышкан акыркы окуялар түйшөлтөт
Участница Азии MIX Ситора Фармонова - Sputnik Кыргызстан
Ситора Фармонова: жеке турмушум жөнүндө кеп кылганды жаман көрөм, бирок айтпай коюшка да болбой калды. Соцтармактарындагы менин аккаунтума байланышкан акыркы окуялар түйшөлтөт

— Эмне, сени уурдайбыз деп атышабы? 

— Жеке турмушум жөнүндө кеп кылганды жаман көрөм, бирок айтпай коюшка да болбой калды. Соцтармактарындагы менин аккаунтума байланышкан акыркы окуялар түйшөлтөт. 

— Тынччылыкпы? 

— Жөн эле фейк деп аталчу жалган аккаунттар бар. Ал көчүрмөлөр менин атымдан маек берип, жолугушууларды белгилегенге чейин жетти. Акыркы кездери кимдир бирөө мени коркутуп, жолугушууга кел деп талап кылчу болду. Бул өтө кыжалат кылат. Чынымды айтайын, мен "Азия MIX" финалда жеңгенден кийин гана турмушка чыгам (күлүп). Күйөө болчу болжошконум да бар. 

Еще один корреспондент @lunara.bekieva попавшая в сети обмана ФЕЙКовой страницы под моим именем в Facebooke. Лунара Бакиева тоже поверила в то, что это моя страница. Ложная страница в Facebook под именем " Ситора Фармонова " давала интервью и Лунаре. И она не единственный корреспондент кому этот ФЕЙК давал интервью под моим именем со своего аккаунта. Люди верили что это Я! Вот докозательство! Я не зря подняла такой скандал вокруг себя, как людям не стыдно? Зачем мне вредить? Какая им польза от этого? Скоро мы предоставим вам и другие докозательство о ЛЖИ ЭТОГО ФЕЙКА! ЭТОТ АККАУНТ НЕ ТОЛЬКО ДАВАЛ ИНТЕРВЬЮ ОТ МОЕГО ИМЕНИ, НО И СОБИРАЛ ДЕНЕГ ТИПА " ДЛЯ БЛАГОТВОРИТЕЛЬНОСТИ " Яна бир алданган Корриспондет @lunara.bekieva, Facebook даги КАЛБАКИ аккаунт Sitora Farmonova номи остида утирган инсонга, Лунара Бакиева ишониб, уни мен деб уйлаб, ундан интервью олган. Нафакат Лунара, балки бошка корреспондентларга хам менинг номимдан булмагур, ёлгон интервьюлар берган бу Facebook даги КАЛБАКИ аккаунт. Мана булаётган ишларни исботи! Мен атрофимда бундай хавотирни узимдан узим бошлаганим йук. Бунчалар бу одам инсофсиз, Оллохдан куркса буларди. Нима фойда бундай килишилан? Оллох инсоф берсин унга. Якин кунларда бу КАЛБАКИ аккаунтни килиб келган ёвузлиги хакида яна исботлар келтирилади. БУ КАЛБАКИ АККАУНТ НАФАКАТ МЕНИНГ НОМИМДАН ИНТЕРВЬЮ БЕРГАН, БАЛКИ ОДАМЛАРДАН " МУХТОЖЛАРГА ЁРДАМ " НОМИ ОСТИДА АКЦИЯ ЭЪЛОН КИЛИБ, ОДАМЛАРДАН ПУЛ ХАМ ЙИГИБ КЕЛГАН!

Фото опубликовано Actress, Singer (@farmonova) Окт 21 2016 в 8:04 PDT

— Команда Жогорку лигада өз оюнун токтот деген сөздөр бар. "Азия MIX" тарап кетеби?

— Айың кептер кайда гана болбойт. Эгер мындайды капитандын өзүнөн уксаңар, анда бир жөн. Бирок азырынча Жогорку лигада оюнубуз бүтүп жатат деген маалымат менде жок. Биз, албетте, тараган жерибиз жок, КВНде ойноп бүткөндө да эч качан тарабайбыз. Бир бүлө болуп калдык, өз үйлөрүбүзгө кеткенде кайра жолугушар күндү күтүп турабыз. 

— Элдияр Кененсаровго КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамы берилишин команда кандай кабыл алды? 

— Бул жөнүндө жалпы чаттан билдим. Элдиярды эмнеге куттуктап жатышканын башында түшүнгөн эмесмин. Президент Атамбаев анын эмгегин баалаганы аябай сонун болду. Элдияр бир тууганы экөө КВНде ушунча жылдан бери ойнойт, бул сыйлыкка татыктуу. Биз чын дилибизден кубандык. 

Жаңылыктар түрмөгү
0