Ырчы Жийдеш Идирисова: мен Нюшаны туурабайм!

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанская эстрадная исполнительница Жийдеш Идирисова
Кыргызстанская эстрадная исполнительница Жийдеш Идирисова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ачык-айрым, каткыра тамашалап сүйлөп, ар бир ырында өзгөчө тембр жана заманбап бийчилердин коштоосунда чыккан ырчы, Эл аралык Тurkvision сынагынын жеңүүчүсү Жийдеш Идирисова менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти.
Ырчы Жийдеш Идирисова: мен Нюшаны туурабайм!

Маекке Жийдеш жаш ырчы Айыма менен келди. Алар телеканалдардын биринен коноктон келе жатышыптыр. Ырчы кыздар жакында эле "Эки канат" аттуу дуэт аткарып чыгышкан. Бизге берген маегинде ырдын мааниси, жаралуусу тууралуу айтып беришти. Баса, фонограммасыз, жандуу ырдатканга да жетиштик.

— Эми Айыма экөөңүздөр чогуу аткарган ыр тууралуу айта кетсеңиздер. Биргеликте ырдап чыгуу кимдин демилгеси болду?

— Айыма: Бул дуэт "Эки канат" деп аталат. Мааниси эже-сиңдинин, эки курбунун ортосундагы жылуу мамилени, сыйды билдирип турат.

— Жийдеш: Айыма экөөбүз "Алтын микрофон" долбооруна катышып, мен Айыманын устаты болчумун. Чогуу иштешкен жагып, дуэт жаздыралы десем Айыма дароо макул болду. Анын үстүндө экөөбүздүн чыгармачылыктан тышкары катыштыгыбыз бар. Жолдошум обонун жаратса, акын Акбар Кубанычбековго барып сөзүн жаздырдык. Буюрса, клиби да жарыкка чыкты. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЭл аралык Тurkvision сынагынын жеңүүчүсү Жийдеш Идирисова жана жаш ырчы Айыма Айылчиева
Кыргызстанская эстрадная исполнительница Жийдеш Идирисова и певица Айым Айылчиева - Sputnik Кыргызстан
Эл аралык Тurkvision сынагынын жеңүүчүсү Жийдеш Идирисова жана жаш ырчы Айыма Айылчиева

— Жийдеш, сиз сынакка катышкандан кийин калың элге таанылдыңыз окшойт. Жашыңыз отуздан ашыптыр дегенде да таң калгандар болду. Буга чейин эмне менен алектенип жүрдүңүз?

— Сынакка чейин "Артек" тобунда жети жыл солист катары иштедим. Ал жакта 1980-90-жылдардагы дүйнөлүк хит ырларды жаңыдан аранжировкалап, заманбап стилде ырдачубуз. Ал группага чейин чакан чөйрөдө тажрыйба топтоо иретинде ырдап жүрдүм.

— Эмне үчүн ошол учурда чоң сахнага бет алган жок элеңиз?

— Анткени тажрыйба мен үчүн маанилүү нерсе. Сахнаны аттаганга чейин чыгармачылык жактан бутума туруп алышым керек ойлодум. Эптемей ырлардын үстүнөн чыгууну туура көргөн жокмун. 18 жашымда "Сделано в KG" теледолбооруна катышып, жыйынтыгында быша элегимди сездим.

— Ал кезде жаш болсоңуз сынып калган жоксузбу?

— Андай учурлар болгон жок. Өзүмдүн үстүмөн көбүрөөк иштеп, анан чыгайын деген эле ой болду. Жаш кезимен эле дүйнөлүк жылдыздардын чыгармачылыгын, иштөө ыкмаларын, сахнадагы алып жүрүүсүн кадимкидей бизге салыштырып, байкаштырчумун. 

Заслуженная артистка КР Айчурек Иманалиева - Sputnik Кыргызстан
Айчүрөк Иманалиева: өмүрүмдүн 25 жылы дөңгөлөк үстүндө өттү
— Анан атайын бир чоң сынакты күтүп, элге таанылайын деп жүрдүңүзбү?

— Чынын айтсам сынакты күткөн деле эмесмин. Тurkvision сынагына катышуу тууралуу Дарика Асылбашевадан сунуш келген. Макулдугумду берип даярдандым. Чоң сынактарга катышып анан жеңем деген ой таптакыр болгон эмес. Болгону "Жаңы толкун" сынагына барып катышкым келчү. Ал жакка барып, басынтууну байкадым. Билбейм, жеке мага ошондой сезилди.

— Сынактан жаңы келгенде мындан кийин катышпайм дедиңиз эле. Келечегиңиз дагы алдыда. Айткандарга өкүнбөйсүзбү?

— Чындыгында конкурска катышуу, даярдануу чоң жоопкерчилик. Толкундануулар, эмоциялар менен иштей билишиң керек. Ошонун баары эле конкурсант үчүн чоң стресс. Жеңишке жетпей калсаң дагы депрессияга түшүп калышың мүмкүн. Биздин аркабызда өсүп келе жаткан жаштар бар. Мисалы, Айыма, Аяна, Нурсултан булар барып жеңип келишсин. Тurkvision сынагына барып биринчи орунду алып келдим, мага болот (күлүп).

— Ыр, клиптерде, кечеде кайсыл гана жакта болбосун аркаңызда бийчилер коштоп жүрөт. Бул эмне имиджби же продюсердик долбоордун бир бөлүгүбү?

— "Артек" тобунан жеке чыгармачылыкка аралашам деп кетип жатканда жолдошум менен бизде шоу болушу керек деп сүйлөшкөнбүз. Анан бийчилер менен иштешебиз деген максат койдук. Эки жылдын бери алты кыздан топтолгон шоу-балетим иштешип келем. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЖийдеш Идирисова: мен Нюшаны туурабайм. Албетте, өзүмдүн стилимди тапкым келет. Азыр стилимди толук таптым деп айта албайм. Изденүүдө жүрөм
Кыргызстанская эстрадная певица Жийдеш Идирисова  - Sputnik Кыргызстан
Жийдеш Идирисова: мен Нюшаны туурабайм. Албетте, өзүмдүн стилимди тапкым келет. Азыр стилимди толук таптым деп айта албайм. Изденүүдө жүрөм

— Сиздин стилиңизди, өзүңүздү алып жүргөнүңүздү Орусиялык ырчы Нюшага окшоштурушат экен. Чын эле туурайсызбы?

— Мени атактуу ырчы Нюшага окшоштуруп жатышса бул мен үчүн жагымдуу эле нерсе. Анын чыгармачылыгын абдан баалайм. Албетте, Нюшанын сахнада эркин алып жүргөнү, келбети, ырдаганы жагат. Артист кыздар үчүн бардык жагынан төп келишүү маанилүү нерсе. Бирок мен Нюшаны туурабайм. Албетте, өзүмдүн стилимди тапкым келет. Азыр стилимди толук таптым деп айта албайм. Изденүүдө жүрөм.

— Анда кайсыл ырчылардын чыгармачылыгана баа берип, таасирленесиз же изденесиз?

КРдин Эл артисти, ырчы Гүлнур Сатылганова - Sputnik Кыргызстан
Гүлнур Сатылганова: кыялымдагы мырзаны жолуктура алган жокмун
— Стиви Уандерден карап, изденем. Майкл Жексондун ырларынын маанисине көңүл бурам. Анткени ал көп учурда сүйүү жөнүндө ырдаган эмес. Адамдар, адамгерчилик, ынтымакка, сүйүүгө чакырган. Эстен кеткис талант Майкл Жексон өзүнүн стили, ырлары менен музыка дүйнөсүндө өзүнчө бир тарыхтын ээси. Мен дагы стилим, үнүм менен Кыргызстандын ушул тармактагы тарыхында изимди калтыргым келет. Ырларымда терең бир маани жатса дейм. Ушундай чоң инсандардан карап изденем. 

— Иштөө графигиңиз кызыктырып турат. Баарына жетишкенге аракет кыласызбы үй-бүлөгө дагы, чыгармачылыкка дагы дегендей? 

— Шоу-балетим менен жумасына үч жолу жолугуп турабыз. Андан тышкары тойлорго барабыз. Жолдошум көбүнчө ырлардын обонун жаратат. Чогуу отуруп ылайыктуусун тандайбыз. Акындар, аранжировкачылар менен иштешебиз. Анан студияда репетиция кылмай. Жеке жашоом тууралуу айткым деле келбейт. Баары жакшы. Жолдошум өзүмдүн продюсерим. Улуту — корей.

— Шоу-балет түзүлгөнгө чейин бийлечү белеңиз?

— Өзүм Нарында туулуп-өскөм. №2 Чкалов атындагы мектебинде окудум. Бийлечү деле эмесмин. Бишкекке келип Улуттук консерваторияга тапшыргандан кийин, кечкисин кафелерде иштеп жүрүп убакыт болгон жок. Мен бий менен дайыма алек эмесмин. Жаңы ыр жаралганда ошого жараша залга келип үйрөнүп, бийлеп кетем. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЖийдеш Идирисова: жаңы келгенде кадимкидей беттерим кыпкызыл болуп айылдык экеним билинчү. Толук дагы болчумун. "Сделано в KG" долбооруна келгенде арыкташың керек деп дароо бетке айтышкан
Кыргызстанская эстрадная исполнительница Жийдеш Идирисова и певица Айым Айылчиева - Sputnik Кыргызстан
Жийдеш Идирисова: жаңы келгенде кадимкидей беттерим кыпкызыл болуп айылдык экеним билинчү. Толук дагы болчумун. "Сделано в KG" долбооруна келгенде арыкташың керек деп дароо бетке айтышкан

— Корей кыздарына окшошуп кеткендиктен, тоолук кыз деп ойлобоптурбуз…

— Жаңы келгенде кадимкидей беттерим кыпкызыл болуп айылдык экеним билинчү. Толук дагы болчумун. "Сделано в KG" долбооруна келгенде арыкташың керек деп дароо бетке айтышкан. Азыр спортко убактымды бөлүп, тамак жагынан чектеп, өзүмдү формада кармап жүргөнгө аракет жасайм. 

Тамада Вячеслав Мантусов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Тамада Вячеслав Мантусов: кыргыздын адабий тилин үйрөнүүгө кириштим
— Кийинүү, кийим тандоо жагынан кандайсы?

— Биз үй-бүлөбүз менен кыйынчылыкта жашап өткөнбүз. Ал кезде кийим эмес тамак-ашка акча жетпей жатканда кийимге көп деле маани бербептирмин. Бар болсо кием, жок болсо мурдакылары менен эле жүрө берем. Курбу кыздарым элдин алдына чыгып калган таанымал эле адамсың, өзүңө карабайсыңбы деп урушат учурлар болот. Чынын айтсам кийим жагынан анча эмесмин.

— Стилисттер менен иштеше элексизби?

Башында сахна жагынан стилист Замира Молдошева менен иштешкем. Азыр ошол багыт боюнча бийлерге ылайыктуу форма менен келе жатабыз.

— Бала кезиңизде эмне тууралуу кыялданчу элеңиз? Азыр ал аткарылдыбы?

— Бала кезимде эле ырчы болоорумду так билгем. Башка балдардай болуп дарыгер, мугалим же учкуч болууну самаган эмесмин. Кыял дагы, максат дагы ырчылык болчу. Буюрса, кыялыма жеттим.

Жаңылыктар түрмөгү
0