Кыл кыякчы Залина Касымова Москвада өткөн сынактан байгелүү кайтты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызские национальные музыкальные инструменты — кыл кыяк
Кыргызские национальные музыкальные инструменты — кыл кыяк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынак 21-29-октябрь күндөрү өттү. Мында өнөрпоздор беш номинация боюнча ат салышкан.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Белгилүү кыл кыякчы Залина Касымова Москва шаарында өткөн "КМШ өлкөлөрүнүн кубогу" аттуу эл аралык сынакта экинчи орунга ээ болгонун Instagram баракчасына жазды. 

Эскерте кетсек, аталган конкурс Гнесин атындагы музыка академиясында өтүп, Көз карандысыз мамлекеттердин алкагында жаш таланттар менен жаңы өсүп келе жаткан өнөрпоздорду аныктоо максатын көздөйт.

Сынак 21-29-октябрь күндөрү өттү. Мында өнөрпоздор беш номинация боюнча ат салышкан. Конкурс учурунда калыстар тобунун мүчөлөрүнүн катышуусу менен мастер-класстар тартууланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0