Актан Арым Кубат АКШда чыгармачыл жолугушууларды өткөрөт

© Фото / Эркин БолжуровКыргызстандык режиссер Актан Арым Кубат иш учурунда, архивдик сүрөт
Кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубат иш учурунда, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү режиссер эки ири чыгармачыл жолугушууларды өткөрүп, бир катар талкууларга катышат.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубат АКШнын алдыңкы окуу жайлары тарабынан чыгармачыл жолугушууга чакырылды. Бул тууралуу продюсер Алтынай Койчуманова билдирди.

Ата керээзи тасмасынан кадр - Sputnik Кыргызстан
"Ата керээзи" тасмасы "Дидор" фестивалында лауреат болду
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 2-6-ноябрь күндөрү Принстон университети Борбордук Азияны иликтеген окумуштуу менен адистердин жолугушуусун уюштурган. Ага 200дөй илимпоздун катышуусу күтүлүүдө.

Аталган иш-чаранын алкагында Актан Арым Кубаттын "Свет аке" тасмасы көрсөтүлүп, режиссердун катышуусунда талкуу жүрөт. Ал эми экинчи жолугушуу Колумбия университетинде болуп, студенттерге режиссердун "Бешкемпир" тасмасы тартууланат.

Эскерте кетсек, "Свет аке" тасмасы 2010-жылы тартылып, дүйнөлүк премьерасы Канн эл аралык кинофестивалында өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0