Жантай аксакал ээги түшкөндө төшөк жаңыртты. Келгиле, фразеологизмдер менен сүйлөшөлү

Жазылуу
Фразеологизмдер кыргыз элинин сөз байлыгын түзүп турган эң мыкты тилдик каражат болуп эсептелет. Кепте даяр түрдө колдонулуп, карапайым сөзгө караганда речти кооз, таамай жана элестүү айтууга жетелейт.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik, Айида Батырбекова. "Тибиртке" рубрикасы Мамлекеттик тил комиссиясынын жардамы менен фразеологизмдерди чечмеледи. 

Ээги түшкөн — абдан карыган, карылыгы жеткен. Мисалы: ээги түшкөн менен карыянын акылы али даана, баскан-турганы тың.

Ышы күбүлүү — болгон мүмкүнчүлүгүнөн, колундагысынан ажырап мүңкүрөп калуу. Мисалы: малына чиренген байлар бир жолку жутта эле ышы күбүлүп, ит көрбөгөн күндү көрүп калышты. 

Тегерек стол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эмигрант, де-факто, импичмент — дипломаттык терминдердин кыргызча мааниси
Шейшебин булгоо — көз жазгыруу, арамдык кылуу. Мисалы: башка эмне кылса өзү билсин, шейшебимди булгабасын. 

Этинен эт кессе да унчукпаган — кебелбеген, тоготпогон, кабак-кашым дебеген, көтөрүмдүү. Мисалы: Алымбай этинен эт кессе да унчукпаган, дулдуйган неме экен.

Чычкысы кайноо — чыдамы кетүү, өтө чыдамсыздык менен күтүү. Мисалы: болчу, тигинин чычкысы кайнап баратат. 

Үй күчүк — үйдөн чыкпаган, эки жакка чыгып элге аралашпаган, үйдөн алыс кетпеген, дайыма үйдө жүргөн. Мисалы: Атайдын үй күчүк болушун көпчүлүк жактырбады. 

Чычкан мурдун канатпоо — эч мал сойбоо, түк эт көрбөө, кан чыгарбоо. Мисалы: борбордогу окуудан балдарың келип отурса, чычкан мурдун канатпаган уят эмеспи. 

Ээр качкы — качкы, кичине эле кармоодон чыкса качып жөнөгөн ат. Мисалы: эрегиште эр үчүн ээр качкы ат жаман.

Ырыс кесер — кесирдүү, колунан эч нерсе келбесе да анча-мынчаны теңине албай, жактыра бербей ыргыштаган, ырысын тепкен. Мисалы: тоо арасында сандалган ырыс кесер, кесирдүү Самсалы көл башындагыларга зорго жеткен экен. 

Чыштай кийинүү — абдан таза, жакшынакай, мыкты кийинүү. Мисалы: ал баягыдай эмес, чыштай кийинип, оңолуп алган. 

Чөп көчүк — жүүнү бош, мажүрөө. Мисалы: олда, ушул чөп көчүктөрдүн азабы ай. 

Төшөк жаңыртуу — экинчи жолу үйлөнүү, кайрадан аял алуу. Мисалы: апамдын көзү өткөндөн кийин, атам айылыбыздагы аялга төшөк жаңыртты. 

Уу тырмак — мыкаачы, зулум, канкор. Мисалы: алардын ордун уу тырмак Калпа ээледи. 

Центральная мечеть имени Ибрахим ажы в городе Каракол - Sputnik Кыргызстан
Шейит, салам, харам, талак — диний сөздөрдүн кыргызча маанилери
Сөзгө сөлтүк кылуу — кепке-сөзгө калтыруу, абдан уят кылуу. Мисалы: сөзгө сөлтүк кылбайын. 

Уйдун бөйрөгүндөй — башы кошулбаган, бирикпеген, ынтымагы жок, бири-бирине жакындашпаган. Мисалы: шүнтүп уйдун бөйрөгүндөй болуп шүмүрөйдүк.

Тумшугу жылыбоо — иши оңолбоо, жарыбоо. Мисалы: тополоң шумдун тумшугу дароо эле жылыбады. 

Өпкө кагуу — өкүнүү, арман кылуу, катуу өкүттө калуу, ардануу, ардыгуу, өксүү. Мисалы: ачуу ызага алдырып, өксүп жашын төккөн Батийна энесине көрүнбөй өпкө кагып өкүнөт. 

Ортосу суу — мамиленин солгундоосу, начарлоосу. Мисалы: сөз жалганбай, ортолору сууп кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0