Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Асел Минбаева аталган видеонун автору Канат Шарипбеков менен байланышып, YouTube каналын багынтуунун сырларын сурап көрдү.
— Канат, видео тартуу идеясы эмнеден улам келди?
Чынын айтсам, бул идеяны интернеттен окуп калып, видео тартууну чечтим. Анткени биз, көпчүлүк эркектер, аялыбызды барктаганды билбейбиз.
— Эмгегиңизди ушунча көп киши көрөт деп ойлодуңуз беле?
— Чынын айтсам, ичимден жок дегенде бир миллион болсо деп кыялданып жаткам. Үч миллиондон ашып кетиши мени аябай шыктандырып койду!
— Буга карабастан видеонун алдында терс маанайдагы комментарийлер жазылыптыр. Кандай сезимдер болду?
— Мен мунун баарын өзүм ойлоп таптым, актерлорду тандадым, өзүм тарттым. Бюджети деле жарытарлык эмес болчу. Мынча негативдин эмне кереги бар эле, түшүнбөйм…
— Баса, актерлорду кантип тандадыңыз?
— Бала — менин досум, кыз — тааныш бийчи. Аларга идеям дароо жагып, эч ойлонбостон тартылууга макул болушту.
— Видео тартканды кайдан үйрөндүңүз?
— 2008-жылдан бери видеооператор болуп иштейм, үйлөнүү үлпөттөрдү тартам.
— Видеоңуз кандайдыр бир киреше алып келдиби?
— Ооба, YouTube каналындагы рекламадан улам 350 доллар таптым.
— Эми кандай эмгегиңиз менен таң калтырайын деп ойлоп жатасыз?
— Бийик тоолуу аймактагы жашоо тууралуу ролик тартсакпы дейм. Discovery каналыныкы сыяктуу. Буюрса, алгачкы ишибиз бир айдан кийин даяр болуп калат.