Известный стилист, визажист, дизайнер одежды Замира Молдошева

Дизайнер Замира Молдошева: ырчылардын талантына карап туруп стилине киришем

2826
(жаңыланган 16:13 10.11.2016)
Мода дүйнөсүнүн өкүлү тууралуу сөз кылганда анын ийгилик жолу, көгөргөн эмгеги менен жемиши, 15 жыл күттүргөн энелик бактысы ар бир адамдын бүйүрүн кызытат.
Замира Молдошева: Дизайнер деген түшүнүктү эл башкача кабылдап жатат

Шар сүйлөп, оюн бетке айткан белгилүү стилист-дизайнер Замира Молдошева менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти.

— Айымдар үчүн эртең менен туруп боенуп, кийинүү бир чоң көйгөй эмеспи. Бул жагы сиз үчүн маселе деле эмес болушу керек?

— Жок кайдан (күлүп). Мен үчүн дагы көйгөй. Макияжды салонго барып кыздарыма эле жасаттырып алам. Ушунча жыл колумдан кыл калем, тарак, кайчы түшпөй жүрүп чарчаган окшоймун. Көп жылдардан бери өзүмө өзүм эч нерсе жасагым келбейт. Андан көрө кардар болуп берген көбүрөөк жагат. Азыр кызым да кичинекей, убактым тар. 

— Канча жашыңызда боенуп баштаганыңыз эсиңиздеби?

— Эң биринчи жолу 16 жашымда оозумду кара карандаш менен боегом. Апам "түшүнөм сенин чоңойгонуңду, бирок эмнеге кара карандаш менен боеп жатасың" деп айтчу. Өзүм деле э