Жалал-Абадда жаңгактын түрлөрү көрсөтүлдү

© Фото / Талгат БакиевФестиваль ореха в Джалал-Абаде
Фестиваль ореха в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан боюнча жаңгактын 300дөн ашуун сорту бар.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Жалал-Абадда жаңгак өстүрүү ишин өнүктүрүү максатында фестиваль өткөнүн аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүнкү күндө аталган облуста 850 миң гектар жерди токой ээлесе, анын 40 миң гектарында жаңгак, 32 миң гектар жерине мисте, 1700 гектарда бадам өсөт. Учурда жаңгактын жаңы сортун өстүрүүгө багытталган аракеттер көрүлүп жатканы менен каражаттын тартыштыгынан улам иш солгундай түшкөн.

© Фото / Талгат БакиевЖалал-Абадда жаңгак өстүрүү ишин өнүктүрүү максатында фестиваль өттү
Жалал-Абадда жаңгак өстүрүү ишин өнүктүрүү максатында фестиваль өттү - Sputnik Кыргызстан
1/3
Жалал-Абадда жаңгак өстүрүү ишин өнүктүрүү максатында фестиваль өттү
© Фото / Талгат БакиевБүгүнкү күндө аталган облуста 850 миң гектар жерди токой ээлесе, анын 40 миң гектарында жаңгак, 32 миң гектар жерине мисте, 1700 гектарда бадам өсөт.
Бүгүнкү күндө аталган облуста 850 миң гектар жерди токой ээлесе, анын 40 миң гектарында жаңгак, 32 миң гектар жерине мисте, 1700 гектарда бадам өсөт. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Бүгүнкү күндө аталган облуста 850 миң гектар жерди токой ээлесе, анын 40 миң гектарында жаңгак, 32 миң гектар жерине мисте, 1700 гектарда бадам өсөт.
© Фото / Талгат БакиевУчурда жаңгактын жаңы сортун өстүрүүгө багытталган аракеттер көрүлүп жатканы менен каражаттын тартыштыгынан улам иш солгундай түшкөн.
Учурда жаңгактын жаңы сортун өстүрүүгө багытталган аракеттер көрүлүп жатканы менен каражаттын тартыштыгынан улам иш солгундай түшкөн. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Учурда жаңгактын жаңы сортун өстүрүүгө багытталган аракеттер көрүлүп жатканы менен каражаттын тартыштыгынан улам иш солгундай түшкөн.
1/3
Жалал-Абадда жаңгак өстүрүү ишин өнүктүрүү максатында фестиваль өттү
2/3
Бүгүнкү күндө аталган облуста 850 миң гектар жерди токой ээлесе, анын 40 миң гектарында жаңгак, 32 миң гектар жерине мисте, 1700 гектарда бадам өсөт.
3/3
Учурда жаңгактын жаңы сортун өстүрүүгө багытталган аракеттер көрүлүп жатканы менен каражаттын тартыштыгынан улам иш солгундай түшкөн.

Фестиваль үчүнчү ирет өткөрүлүп, аймакта өстүрүлүп жаткан жаңгактын уникалдуулугун көрсөтүү, андан жасалган түрдүү азыктарды элге сунуштоо максатын көздөйт.

Регионы Кыргызстана. Ошская область - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын кургатылган жемиштери Япониядагы жарманкеге коюлат
Жаңгак фестивалы өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана бейөкмөт уюмдардын каржылоосунда уюштурулган. Анда токой чарбаларда өндүрүлгөн продукциялар жарманкеге коюлуп, жаңгак кошулуп жасалган 40тан ашуун шириндиктер, кургатылган мөмө-жемиштер тартууланды.

Фестивалга катышып жаткан "Вега-плюс"ишканасынын жетекчиси Каныбек Айтакалов көргөзмөгө жаңгактын учурда изилденип жаткан сорту да коюлганын белгиледи.

"Бул жаңгактын өзгөчөлүгү анын көлөмүндө. Азыр ага ат да ыйгарыла элек", — деди ишкер.

Ал эми "Агро-Лид" коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлназ Касееванын айтымында, акыркы эки жылдан бери кыргыз жаңгагы чет өлкөгө Кыргызстандын атынан экспорттоло баштаган. 

"Буга чейин, мисалы, түркиялык ишкерлер жаңгактын маңызын сатып алып Түркиянын атынан чыгарчу. Мындан ары облуста 200дөн ашык токой пайдалануучуларынын катышуусунда "Кыргыз токой байлыгы" кооперативи уюшулуп, анын негизинде жакынкы жылдардан тартып Голландияга миң тоннага жакын жаңгактын маңызы экспорттоло баштады", — деди ал. 

Жалал-Абад облусунда жалпысынан 15 жаңгак чарба жана төрт токойчулук иш алып барат. Мындан тышкары, 16 миңден ашык үй-бүлө токой аянттарын ижарага алып иштетет. Кыргызстан боюнча жаңгактын 300дөн ашуун сорту бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0