"Жарайт ситидеги" "мурутчан" КРде эмне жөнүндө тамаша кылууга болбой турганын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековАктер Нурсултан Курсанали уулу
Актер Нурсултан Курсанали уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кавээнчи болуп жүрүп тойлордун жана корпоративдердин көркүнө айлануу сырларын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Светлана Федотовага алып баруучу жана актер Нурсултан Курсанали уулу айтып берди.

Бул адам мени эки жолу таң калтырды. Ал белгиленген убакыттан беш мүнөткө эрте келгени аз келгенсип маектешип бүткөнгө чейин менин тамашаларыма күлгөнүн токтоткон жок.

— Мурутуңуз кайда?

— Мм… Мен сизге сыр катары айтып коёюн, ал чапталма болчу. Мен бир жолу сакал өстүрөйүн деп аракет кылдым. Бирок окшошпой койду. Балким, 50 жашка барып калганда сакал-мурут коюп анан чыныгы мурутчан болом.

— Мен сизди акыркы жолу көргөндө сиз менен сүрөткө түшүүнү каалагандар көп болчу, ар дайым эле ушундайбы?

— Күнүгө деп айта албайм, бирок мындай учурлар көп эле болот. Чындыгын айтканда, сени таанып, жашоодо кандай экениңе кызыгып жатышса өтө жагымдуу сезим пайда болот. Бекер иштеп жүрбөптүрмүн деп канааттанып каласың.

— Кайсы суроону көбүрөөк беришет?

— Мурут жөнүндө сурашат. Анан канча жашта экениме, иш менен жаңы долбоорлорго кызыгышат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАлып баруучу жана актер Нурсултан Курсанали уулу: мен бир жолу сакал өстүрөйүн деп аракет кылдым. Бирок окшошпой койду. Балким, 50 жашка барып калганда сакал-мурут коюп анан чыныгы мурутчан болом
Ведущий и актер Нурсултан Курсанали уулу - Sputnik Кыргызстан
Алып баруучу жана актер Нурсултан Курсанали уулу: мен бир жолу сакал өстүрөйүн деп аракет кылдым. Бирок окшошпой койду. Балким, 50 жашка барып калганда сакал-мурут коюп анан чыныгы мурутчан болом

— Американын же Россиянын экранына чыгуу оор эмеспи. Кыргызстанда кандай? 

— Деңгээл ар түрдүү деңизчи, бирок, татыктуу роль алуу үчүн биздин кинематографияда деле тандоо катуу жүргүзүлөт. Теледолбоорлорго башкы каармандарды табуу оор, бул үчүн кастинг жарыяланат. Ошол жерден анан татыктуу каармандар тандалып алынат.

КВН мага сахнада өзүңдү кандай алып жүрүү керектигин үйрөттү. Оюндун учурунда продюсерлер мени байкап калып долбоорго катышууга сунуш беришкен. Ошентип "Жарайт сити" жарыкка чыкты.

— Юмордук тасмада же теледолбоордо эмне тууралуу тамашалабаш керек?

— Ар нерсенин чеги болот. Башкысы адептүүлүктү сактап, бирөөнүн беделине шек келтирбеш керек. Ушул эрежелерди сактоо үчүн биз даярдалган сценарийлерди сөзсүз түрдө редакторлорго көрсөтөбүз. Алар болсо эмнени кошуп, эмнени алып салуу керектигин айтып беришет. Ал эми кинодо эрежелер мындан да катуу. Себеби юмор адамды күлдүрүп гана тим болбостон тарбиялык мааниге да ээ болушу керек. Ошондуктан абайлап тамашалоо керек экени эсте болгону жакшы. 

— "Жарайт сити" социалдык түйүндөрдө популярдуу болуп кетти. Мындай долбоорлорду телеге берген жакшыбы же интернетке жүктөп коюу жетиштүүбү? 

— Бардык нерсенин артыкчылыгы жана кемчилиги бар. Мисалы, интернет аркылуу биздин дарекке айтылган сындарды окуп турууга болот. Ал эми теле абдан чоң аудиторияны камтыйт. Сенин долбооруң биринчи каналдан көрсөтүлүп жатканда Суусамырдагы кайсы бир чоң апа көрүп күлүп жатса сонун да. Бул нерсе теленин эң чоң артыкчылыгы. 

© Sputnik / Табылды КадырбековПолуфинал региональной лиги КВН "Ала-Тоо" в филармонии имени Токтогула Сатылганова
Полуфинал региональной лиги КВН Ала-Тоо в филармонии имени Токтогула Сатылганова - Sputnik Кыргызстан
Полуфинал региональной лиги КВН "Ала-Тоо" в филармонии имени Токтогула Сатылганова

— Кыргызстанда актердук кесипти аркалап канча акча тапса болот?

— Теледолбоорлор аркылуу биз эч кандай киреше таба албайбыз. Бул атты чыгаруу үчүн гана жасалган эмгек. Алгач атты чыгарыш керек, анан ат сен үчүн иштеп берет. Биз "Жарайт ситини" жаратып жатканда мынчалык ийгиликке жетебиз деп ойлогон эмеспиз. Тамашаны жазып коюу жетишсиз. Жакшы аткарып, мыкты деңгээлде тартып, монтаждап чыгарыш керек. Бул үчүн жалпы команданын аракети маанилүү. Себеби ар бир программа күч менен каражатты талап кылат. Бирок "Жарайт сити" ийгилик жаратканы менен тилекке каршы миллион тапкан жок. Киреше иш-чараларды уюштуруудан гана түшүп турат. 

— Алып баруучулар бир айда канча каражат таба алышат?

— Иш-чаралар көп болуп турса бир айда бир жакшы унаанын акчасын таап койсо болот. 

Азии MIX командасынын катышуучусу Ситора Фармонова - Sputnik Кыргызстан
Ситора: турмушка "Азия MIX" чемпион болгондон кийин гана чыгам
— Анча-мынча кызып калган конокторду күлдүрүү оңой эле болсо керек… 

— Биз өзүбүздүн беделибизди ылдый түшүрбөгөнгө аракет кылабыз. Мындайда интерактивдүү шоуларды алып баруу кызыктуу. Себеби аудитория менен байланыш болуп турат. Ошондой эле интимдүү темаларга тамаша кылуу менен конокторду бир аз чочутуп алуу мүмкүн. Негизи, иштин ийгилиги шоу өтүлүп жаткан жерден дагы көз каранды. Мисалы үлпөт той менен корпоративдин же ошол эле клубдун айырмасы чоң. 

— Меймандар белгилүү мурутчанды көргөндө өздөрүн кандай алып барышат?

— Эгер таанып калышса жакшы. Себеби мен жөн гана алып баруучу эмес алардын таанышы, досу болуп калам. Мындайда, аудитория менен мамиле түзүп кетүү оңой. Анткен менен бир жолу ыңгайсыз абалга туш болуп калдым. Мени таанып калган байке көп ичип алыптыр. Иш-чара жакшы эле өтүп жаткан. Бир маалда ошол байке мени көргөнүнө кубанып кучактап өөп, мени менен ырдайм деп чыкса боло… Анын кучагынан арылуу үчүн күзөт кызматы менен туугандары жардамга келген. 

© Фото / Расул Рыскулов Съемки мотивационно-комедийного фильма "Движение "Кылыш керек" (надо двигаться)
Съемки мотивационно-комедийного фильма Движение Кылыш керек (надо двигаться) - Sputnik Кыргызстан
Съемки мотивационно-комедийного фильма "Движение "Кылыш керек" (надо двигаться)

— Кучактагандар тууралуу айтып калдыңыз, күйөрмандар моюнга асылышпайбы? 

— Алар менин интервьюларымды окуп, сүрөттөрүмө "жактыны" басышат. Социалдык тармактардагы баракчаларыма жазылышкан. Мен аларды күйөрмандарым деп айтпайм, алар өздөрүн ошентип аташат (күлүп). Бирок чындыгын айтканда бул адамдар менин жашоомо гана кызыгышат, алар менен маектешүү кызыктуу. 

Ак-Өргө City командасында ойноп Акылайдын образын мыкты жараткан Самат Эркинбеков - Sputnik Кыргызстан
Тамашоучу "Акылай" — Самат Эркинбеков: кайрылгандарга ийне сайып да берем
— Азыр канча долбоор менен иштешип жатасыз? 

— "Жарайт ситинин" экинчи сезону жана башка бир нече долбоорлор бар. Андан кийин кесибим боюнча иштесем керек. Мен байланыш инженери болом. 

— Чын элеби?

— Ооба, автоматташтыруу боюнча инженермин. Мурда кесибим боюнча иштегем. Бирок объектилерде эмес, кеңседе иштедим. Бир күнү ошол сферага кайтам. Бирок азырынча чыгармачылыкта эле болом го.

Жаңылыктар түрмөгү
0