Бишкекте кытай тили мектеби ачылды

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүПробный ЕГЭ по китайскому языку в Чите
Пробный ЕГЭ по китайскому языку в Чите - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматта мектептин программасы окуучулар, студенттер жана улуу курактагыларга да ылайыкталгандыгы айтылган.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Борбор калаада ачылган "Билим экспорт" кытай тили мектебин Кытайдан билим алып келген кыргыз жаштары негиздеген. Максаты — Кыргызстандыктарга чет тилдерин, ал эми чет элдиктерге кыргыз, орус тилдерин жогорку деңгээлде үйрөтүү. Бул туурасында мектептин администрациясынан кабарлашты.

Билим берүү жайынын ачылышына катышкан Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африка Департаментинин директору Жээнбек Кулубаев бул мектеп эки элдин маданиятын, байланышын жакындатат деген пикирин билдирген. 

"Кытай — биздин эң негизги, эң жакын стратегиялык өнөктөштөрүбүздүн бири. Жаш муундун кытай тилин үйрөнүүсү эки элдин маданиятын, байланышын жакындатат", — деп айткан Кулубаев. 

Маалыматта мектептин программасы окуучулар, студенттер жана улуу курактагыларга да ылайыкталгандыгын, мектеп интерактивдүү окутуу ыкмалары менен айырмаланары айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0