Гүлжигит Калыков: атамдан тартынып сахнада ачылып бийлей албай жүрөм

© Sputnik / Табылды КадырбековЭстрадный исполнитель Гулжигит Калыков
Эстрадный исполнитель Гулжигит Калыков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Евразия жылдызы" Гүлжигит Калыков эмне себептен кайрадан продюсери менен иштешүүнү каалаганын айтса, Канат Култаев балдары эмне себептен бир ырды талашып калганын кеп кылды.
Гүлжигит Калыков: басып өткөн жолум түйшүктүү болду

Журналист Гүлдана Талантбекова ата мекендик ырчылар менен продюсерлердин ортосундагы мамиленин жеңилдиктери, жеңиштери жана жыйынтыктары кандай болорун билип көрдү. 

— Гүлжигит мырза, буга чейин Канат мырза менен иштешпей калбадыңыз беле, чогуу иштешүүгө эмне түрткү болду?

Кыргызстанская эстрадная исполнительница Жийдеш Идирисова - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Жийдеш Идирисова: мен Нюшаны туурабайм!
— Чыгармачылыкка аралашып жаткан адамдын жол көрсөткөн адамы болуш керек деп ойлойм. 2010-жылдан тарта үч жыл чогуу иштедик. Расмий түрдө келишим бүткөндөн кийин өзүнчө иштеп көрөлү деп чечтик. Кийин ага-ини катары жакын болуп калгандан кийин чыгармачылыкта жолугушуп калып жаттык, мен жактан ката кетсе Канат байке кеңештерин айтып жүрдү. Ошону аркасы менен кайрадан чогуу ишешүүнү туура көрдүк. 

— Ырчынын чыгармачылыгында продюсердин таасири менен мааниси канчалык?

— Сахнага жаңы аттанган адам үчүн бардык нерсе кыйын болот. Чыгармачыл адам коомдун күзгүсү деп коет эмеспи. Элге таанылыш үчүн мыкты үндөн сырткары коомдо өзүн алып жүрүү, кийинүү маданияты, оозуңдагы сөзүң баары орду менен болушу керек. 

— Эмне себептен башында өз алдыңча иштешүүнү туура көрдүңүздөр?

Гүлжигит: Бул биринчиден тажрыйба болушу керек. Канат байкеден үйрөнгөн нерсени өз алдымча сынап көргөнгө туура келди. Башка ырчылардай келишим бүтө электе чуркай качкан жокмун. Андыктан пайдалуу жактарын да көрдүм. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Евразия жылдызы" Гүлжигит Калыковдун продюсери Канат Култаев: негизи 2013-жылы Гүлжигит гана эмес Алихан, мени менен иштешип жаткан балдардын баары келишим бүткөнүнө байланыштуу кетишти. Көбү кайра түзгөн жок. Мындан Мирбек мени менен калды
Продюсер эстрадного исполнителя Гулжигита Калыкова Канат Култаев - Sputnik Кыргызстан
"Евразия жылдызы" Гүлжигит Калыковдун продюсери Канат Култаев: негизи 2013-жылы Гүлжигит гана эмес Алихан, мени менен иштешип жаткан балдардын баары келишим бүткөнүнө байланыштуу кетишти. Көбү кайра түзгөн жок. Мындан Мирбек мени менен калды

Канат: Негизи 2013-жылы Гүлжигит гана эмес Алихан, мени менен иштешип жаткан балдардын баары келишим бүткөнүнө байланыштуу кетишти. Көбү кайра түзгөн жок. Чыгармачыл чөйрөдө ага-ини катары катташып, сураган кеп-кеңештерин берип турам. Мындан Мирбек мени менен калды.

— Ортоңордогу келишим кагаз түрүндө түзүлгөнбү?

Канат: Мен негизи балдар менен эркекче эле макулдашып алам. Кийинки иштешип жаткан балдар менен түзө баштадык. 

— Канат мырза, музыкалык продюсерлер чет мамлекетте ырчынын стилин, имиджин, керек болсо ырынын сөзү, обонунан бери жаратып берет экен. Бизде эмнегедир менеджерлик жагына көбүрөөк басым жасалгандай?

Стилист, дизайнер одежды Замира Молдошева - Sputnik Кыргызстан
Дизайнер Замира Молдошева: ырчылардын талантына карап туруп стилине киришем
Канат: Мен албетте ыр жазып, обон чыгарбайм. Бирок ошондой болсо дагы ырчыларга башка жагынан жардам берип келем. Эгерде сиз айтып жаткандай продюсерлер болсо жаңы чыгып келе жаткан ырчыларга алда канча оңой болмок. Бизде жакшы композитор, аранжировщиктер бар, бирок башкаларды чыгарайын деген ою жок. Азырынча көрө элекмин. Музыкалык продюсерлер аз болгону өкүндүрөт. Мен кесиптештеримдин көп болуусун каалайм. Анткени атаандашуу бар жерде сөзсүз түрдө өсүп-өнүгүү болот. 

— Гүлжигит мырза, чачыңыз тууралуу суроо бергим келип турат. Сиз узун кылып алып жүргөн жылдары, бизде корей сериалдары байма-бай көрсөтүлүп жатты эле?

— Ошол сериал чыккан мезгилге төп келип калды окшойт. Негизи Канат байке менен таанышканга чейин эле чачым ушундай болчу. Жакын арада кыскартып деле көрдүк. Эл аралык конкурстарга барып жүргөндө узун чач менен жүргөнгөбү "өстүрүп эле алыңызчы" дегендер көп болду. Жеке өзүм үчүн узун чач ыңгайлуу. Кыска болгондо кам көрүп жүрүүгө туура келет. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Евразия жылдызы" Гүлжигит Калыков: кашыма өмүрүмдө тийген эмесмин. Кичинекей кезимде эжем баса калып "кашыңды терип, колуңду боеп берейинби" деп чырылдата берчү. Эркектин эркектей эле болгону жакшы
Эстрадный исполнитель Гулжигит Калыков - Sputnik Кыргызстан
"Евразия жылдызы" Гүлжигит Калыков: кашыма өмүрүмдө тийген эмесмин. Кичинекей кезимде эжем баса калып "кашыңды терип, колуңду боеп берейинби" деп чырылдата берчү. Эркектин эркектей эле болгону жакшы

— Эл алдындагы адамдар өзүнө бөтөнчө кам көрөт деп айтып калышат. Салондорго барып, сулуулаган адистердин кызматынан пайдаланасызбы?

— Кудай сактасын, өзүм ал нерсени колдобойм. Андай жигиттерге да каршымын. Кашыма өмүрүмдө тийген эмесмин. Кичинекей кезимде эжем баса калып "кашыңды терип, колуңду боеп берейинби" деп чырылдата берчү. Эркектин эркектей эле болгону жакшы. Эркектердин өзүн таза, тыкан алып жүргөнү жетиштүү. 

— Кыргыз шоу-бизнесинин "скромный" жигиттеринин катарын толуктасаңыз керек?

— Ар дайым эле олуттуу эмесмин. Айрымдар мени ачык мүнөз, шайыр адам катары билишет. Көп жерден, анын ичинде интервьюга барганда суроого эмне деп жооп берсем деп ойлонуп отуруп, олуттуу көрүнүп калат окшойм. 

Трехкратный чемпион мира по бильярдному спорту Каныбек Сагынбаев - Sputnik Кыргызстан
Каныбек Сагынбаев: жоопкерчилик, сарсанаа менен жүрүп 5 кг арыктап, ооруп да калдым
— Акыркы жылдары чыгармачылыгыңызда бир аз тыным болгондой сезилет?

— Үй-бүлө оңой нерсе эмес экен. Көпкө ойлондум. Алгач каражат топтоп, анан кайсыл ресторанда той берем, калың канча берем деп жүрдүм. Негизи тоюма көп убакыт даярдандым. Чыгармачылыкта эле жүрө берсем жеке жашоомо көп көңүл бура албай калмакмын деп ойлойм. Үч жылдай сүйүүмдү куруп жүрүп, чыгармачылыгым бир аз басаңдагандай туюлса керек. 

— Үй-бүлө курганыңызда сизге карата күйөрмандардын мамилесин байкадыңызбы? Бизде үйлөнүп алышса эле жүз үйрүп кетишчү эле?

— Тескерисинче, үй-бүлөнүн фанаттары көбөйдү. Интернет булактарында баракчалар ачылып, сүрөттөрүбүздү сурап жатышты. Фан-клубдар топтолуп жолугалычы деген сунуштар көп болду. Чыныгы фанаттар аягына чейин туруктуу болоруна ишенем. 

— Евразия жылдызында ырдалган "Жамгыр төктүнү" мыкты ырдагандардын катарында экениңизди элдин көбү билсе керек. Ырдаганыңыз өзүңүзгө жакты беле?

— Азыр ошол маалда ырдаганым көп жага бербейт. Андан да жакшы ырдасам болмок деп ойлоп калам. Ал кезде ырга импровизацияны көбүрөөк кошуп салгандай сезиле берет. Мен "Жамгыр төктүнүн" 38-аткаруучусу экенмин. Улуу муундагылар бул ырды кыяк менен укчубуз деп калат. Биз болсо ырды эстрадалык-классикалык стилде алып чыкканбыз. 

— Баса, продюсериңиз менен кантип таанышып калдыңыздар эле?

Гүлжигит: Бишкектеги студиялардын бирине барып ырдап турчумун. Азат, Изат деген эгиз байкелер бар болчу. Ал жакка Канат байке дагы жумуштары менен келчү экен. Алар "сенин ырларыңды көргөздүк, жолугуп көрбөйсүңбү" деп айтышкан. 

Канат: Азат менен Изат Гүлжигитке боор тартып турушчу. Угуп койсоңуз деп жанды койбой компьютерлерин чукулап калышчу. Анан кийинкисинде Гүлжигит студияда өзү отуруптур. Группа ачып жаткам курамына кир десем, жеке ырчы болот элем деди. Үгуп көрүп, жүрүм-турумун, анан адамгерчилигин байкап иштеше баштадык. 

© Sputnik / Табылды КадырбековГүлжигит Калыков: мен сахнага далдаңдап чыгып бийлей албайм. Атам абдан сынчы киши. Атам улуу муундагылардын сахнада бийлегенин көрсө "буга жарашпайт" экен дей берет
Эстрадный исполнитель Гулжигит Калыков - Sputnik Кыргызстан
Гүлжигит Калыков: мен сахнага далдаңдап чыгып бийлей албайм. Атам абдан сынчы киши. Атам улуу муундагылардын сахнада бийлегенин көрсө "буга жарашпайт" экен дей берет

— Чыгармачылыкта ар кандай кызыктуу дагы, оор дагы учурлар көп болсо керек?

Акын-импровизатор Азамат Болгонбаев - Sputnik Кыргызстан
Азамат Болгонбаев: орустардан чыккан төкмө акынмын деп тамашалап калам
Гүлжигит: Түйшүктүү учурлар көп болгон. Өзгөчө Евразия жылдыз сынагына түн уйкудан калып даярданганбыз. Конкурс бүткөндө Канат байке менен кетип баратып, марштутук таксинин терезесинен Түркиянын шаарларынын кооздугуна суктанып бара жатсам, "сен бул жакта көпкө эле жүрбөдүңбү, эми байкап жатасыңбы" деген. Көрсө ошол маалда оюмдун баары конкурс болуп жүрүптүр. Ар кайсы мамлекеттен талантыбызды тартуулап отуруп, финалга араң жеткенбиз. Ыр тандап, кайра аны жаттаганга эки-үч күндөн гана убакыт берилип жатты. Айтор түйшүктүү учурлар көп болду. Андан сырткары "Кайрылбаймын" деген ырымдын клибинде кыштын кыраан чилдесинде майкачан ырдаганга туура келген. Кээде чачым бузулуп, концерттерге чукул шымым айрылып калган кызыктуу күндөр өттү. 

Канат: Евразия жылдызын жеңгенде элдер биздин жеңишти аябай майрамдашыптыр, биз болсо бирден гамбургер жеп мейманканада отурдук. Анан мен "Гүлжигит, көзүңдү ачсаң эле ушунун баары түш болсо эмне кыласың" десем, "коюңузчу" деп жүрөгү түшүп калды. Финал күнү элдин баары көзүнө жаш алыптыр. Бизге болсо билинген жок. 

— Маселен, Гүлжигитке бир ыр жазып бердиңиз, бирок эмнегедир ал ыр башка ырчынын үнүнө туура келип калган учурларда эмне кыласыз? Азыр сиз Гүлжигиттен башка дагы балдарды тарбиялайсыз да?

— Мындай бир учур эсиме түштү. Алихандын "Кыялымдан кетпес" деген хит ыры эсиңизде болсо керек. Ошол ырды укканы баратканда Мирбек, Даниелдерди да ээрчитип алгам. Барсак эле ал ыр Мирбекке абдан жагып калып "Байке, мен бул ырды жакшы алып чыгам" дегенинен бир аз тартыша кеттик. Бирок мен башында жаңы ыр Алиханга жазылып атат деп айтып койгом, ошол себептен ыр ага буюрду. Мындай учурда калыстык керек деп ойлойм.

— Бири-бириңерге жаккан жана жакпаган сапаттарыңардан айта кетсеңиздер. Биринчи жакшысынан баштайлы?

Канат: Гүлжигит аракетчил. Айканын өз убагында аткарат. 

Гүлжигит: Канат байке ар бирине калыс мамиле кылат. Жаман сапаттары ишти көбүрөөк ойлоп, өзүн унутуп калат. 

Канат: Гүлжигит уйкучу. Анан дагы сахнага чыкканда бийле десем тилимди албай жүрөт. Жашоодо негизи ачык эле адам. Сахнага чыккандагы жоопкерчиликпи же улуу муундан уялабы билбейм, айтор, өзүн токтотуп коет. 

Ачык сүйлөп, жайдары жүргөн ырчы Кайрат Примбердиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кайрат Примбердиев: жубайым кыргыз эстрадасын багындырам деп турат
Гүлжигит: Мен сахнага далдаңдап чыгып бийлей албайм. Атам абдан сынчы киши. Атам улуу муундагылардын сахнада бийлегенин көрсө "буга жарашпайт" экен дей берет. Бир жолу бейтапканадан аксакал жолугуп "Гүлжигит, сен олуттуу ырларды ырда, эч качан сахнанын чаңын чыгарып талпаңдап бийлебе" деген. Анан ушундай сөздөрдү эстегенде бийлейин деген жаным кайра эле тартынып калам. Бирок акыркы учурда бийлеп коюп жатам ээ, Канат байке?

Канат: Качан?

Гүлжигит: Акыркы жолу чыгармачылык кечемде бийлебедимби? Ал жакта жаштар көп болду. Балконду карасам Канат байке мени сынап карап туруптур, анан болушунча бийледим. Бир маалда Канат байке өзү дагы бийлеп жатыптыр.

Жаңылыктар түрмөгү
0