Нарында айтылуу Тыныбек манасчыга эстелик коюлду

Жазылуу
Быйыл Кыргызстанда Тыныбек манасчынын 170 жылдыгы белгиленип жатат.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Нарындын Миң-Булак айылында айтылуу манасчы Тыныбек Жапый уулуна коюлган эстеликтин ачылыш аземи өткөнүн манасчы Дөөлөт Сыдыков билдирди.

Эскерте кетсек, быйыл Тыныбек манасчынын 170 жылдыгы белгиленип жатат.

Сыдыковдун айтымында, иш-чаранын алкагында конференция өткөрүлүп, "Саякбай манасчы" коомдук фондусунун негиздөөчүсү Болот Берикбаевдин демилгеси менен чыгарылган Тыныбек манасчы тууралуу китеп тартууланган.

"Миң-Булак айылына спорт зал курулуп, ага залкар манасчынын ысымы ыйгарылды. Мындан тышкары, ат оюндары уюштурулду", — деди ал. 

Салтанаттуу иш-чараны Тыныбек манасчынын урпагы өткөрүп, ага белгилүү өнөр адамдары, ЖК депутаттары катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0