Ак илбирстин тукуму тасмасынан кадр. Архив

Кыргыз киносу-75: сүрөтчү Муса Абдиевдин көргөзмөсү өтөт

56
(жаңыланган 11:31 16.11.2016)
Буга чейин Абдиевдин эмгектери СССРден тышкары Италия, Германия мамлекеттериндеги көргөзмөдө коюлуп келген.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кыргыз киносунун 75 жылдыгына карата 17-ноябрь күнү Кыргызстандын эл сүрөтчүсү Муса Абдиевдин көргөзмөсү уюштурула турганын Кинематографты колдоо фондусу билдирди.

Маалыматка ылайык, анда сүрөтчүнүн Төлөмүш Океевдин ""Ак илбирстин тукуму", "Сүйүү закымы", "Чыңгызхан", "Алтын күз", Геннадий Базаровдун "Саманчынын жолу", "Каныбек", "Көчө", Андрон Кончаловскийдин "Биринчи мугалим" тасмалары үчүн даярдалган кийим-кеченин эскиздери коюлат. 

Буга чейин Абдиевдин эмгектери СССРден тышкары Италия, Германия мамлекеттериндеги көргөзмөдө коюлуп келген. 

Көргөзмө 17-ноябрь күнү саат 15.00дө Гапар Айтиев атындага улуттук көркөм өнөр музейинде ачылып, 1-декбарга чейин уланат.

56
Белгилер:
эскиз, тасма, музей, көргөзмө
Тема боюнча
"Ата керээзи" Минск шаарында өткөн фестивалда үч байгеге татыды
Америкалык драматург КРдин жаш кинематографисттери менен жолугат
Пикирлер