Малайзиянын гуманитардык уюму Кыргызстан тууралуу тасма тартат

© Фото / Влад УшаковТоо. Архив
Тоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Малайзия гуманитардык уюмунун өкүлдөрү 25-ноябрга чейин өлкө аймагындагы мечиттерди жана диний окуу жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышат.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Малайзия мамлекетинин "Жаким" Ислам министрлигинин колдоосу менен мусулман өлкөлөрүн кыдырып жүргөн Малайзия гуманитардык уюмунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

"Эки тараптуу жолугушуунун алкагында аталган уюмдун өкүлдөрү мусулман өлкөлөрүнө камкор жана тынч дүйнөнү түзүүгө жардам берүү, өзгөчө кырдаалдарда психологиялык колдоо, каражат чогултуу боюнча иш-чараларды уюштуруп, гуманитардык жардам көрсөтүү экендигин айтып өтүштү. Ошондой эле ар бир мусулман өлкөлөрү тууралуу чакан тасма даярдап, ал Малайзиянын мамлекеттик телеканалынан көрсөтүлөрүн кошумчалашты", — деп айтылат билдирүүдө.

Уюм өкүлдөрү Малайзиядан тартып Таиланд, Бирма, Индия, Непал, Пакистан, Кытай жана Афганистан мамлекеттеринен кийин Кыргызстанга келгендигин айтып, акыркы сапар Сауд Аравиядан аяктарын айтып өттү. 

Муну менен катар уюм 25-ноябрга чейин өлкө аймагындагы мечиттерди жана диний окуу жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0