Германия музыканттары Бишкек-Ош шаарларында концерт берет

Жазылуу
Концерттен тышкары кыргыз музыканттарына мастер-класстар өткөрүлөт.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Германия музыканттары Мария Берниус (сопрано) жана Надя Далвит-Саминская (концертмейстер) "Жыл мезгилдерине саякат" аттуу концерти менен Бишкек жана Ош шаарларына келерин Германиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

Маалым болгондой, концерт Бишкек шаарында 22-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында, ал эми 23-ноябрда Ош шаарынын Бабур атындагы академиялык драма театрында өткөрүлөт.

"Концерттик программа көрүүчүлөрдү орус джазына, Франциянын назик жайына, Австриянын күзүнө жана немистердин кышына алып барып, жаңы жылдык маанай тартуулайт. Программа салттуу рождество ырлары менен жыйынтыкталат", — деп жазылат маалыматта.

Германия музыканттарынын кечесине Кыргызстандын музыканттары катышып аларга мастер-класстар өткөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0