АКШдагы сулуулук сынагына катышуу үчүн кыргыз чүрөгү акыры виза алды

© Sputnik / Табылды КадырбековКонкурс красоты "Мисс Кыргызстан — 2016"
Конкурс красоты Мисс Кыргызстан — 2016 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Перизат Расулбек кызы АКШга 23-ноябрда учуп кетет.

БИШКЕК, 17-ноя.— Sputnik. АКШда өтө турган "Дүйнө сулуусу-2016" сулуулар сынагына Перизат Расулбек кызы көптөн күткөн визасын алып, бармай болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан сайтынын кабарчысына моделдик долбоорлор компаниясынын директору Таттыбүбү Самидин кызы билдирди. 

Камбоджада өтө турган Miss Tourism Metropolitan International — 2016 сулуулар сынагына Кыргызстандын атынан катыша турган Айсулуу Абдыбакасова - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз чүрөгү Камбоджадагы сулуулар сынагына катышууда
Буга чейин АКШнын элчилиги виза берүүдөн баш тартып, кыргызстандык сулуу дүйнөлүк сынакка катыша албай калышы мүмкүн экендиги маалымдалган.

18 жаштагы Перизат Расулбек кызы бул сынакка катышуу укугун "Кыргызстан сулуусу-2016" сынагын жеңгенден кийин алган. "Дүйнө сулуусу" 110дон ашык өлкөдөн келген сулуулардын катышуусунда 26-ноябрдан 18-декабрга чейин АКШнын борбору Вашингтондо өтөт.

Таттыбүбү Самидин кызынын берген маалыматына караганда кыргыз сулуусу АКШга 23-ноябрда учуп кетет.

Ошондой эле сынактын расмий сайтында кыргыз желегинин Казакстан өлкөсүнүн желеги менен алмаштырылган сүрөтү оңдолуп, кыргыз желеги коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0