Иллюзионист Жанат: МАИге ар түрдүү фокустарды көрсөтүп кутулуп кетем

© Sputnik / Табылды КадырбековИллюзионист Жанат Абдыкадыров
Иллюзионист Жанат Абдыкадыров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда акыркы учурда өзгөчө өнөрлөргө ээ таланттуу жаштар чыгууда. Алардын катарында иллюзия менен элди таң калтырып жүргөн Great Magic көз боемочулар тобу бар. Түзүлгөнүнө аз убакыт болсо да балдар өнөрү менен ата мекендик сынактарда жеңүүчү аталып, эл аралык сынактарга да катыша баштады.

Жакында Кытайдын Үрүмчү шаарында өткөн "Кытай таланттарды тандайт" аттуу сынагында кыргызстандык иллюзионисттер жарым финалист болуп келишти. Аталган топтун мүчөсү Жанат Абдыкадыров Sputnik Кыргызстан агенттигине иллюзиянын сырлары менен бөлүшүп, фокустун бир-эки түрүн көрсөтүп берди.

— Иллюзия тармагына кандайча келип калдыңыз?

— Алгач интернеттен "фокусник баарын таң калтырды" деген видеону көрүп таасирленип, анан ушул өнөргө кызыгып, мен да элди таң калтыргым келип калды. Иллюзия тармагын изилдеп, беш жылдан бери ушул тармактамын. 

— Кыялды ишке ашыруу оңой болбосо керек?

— Болгон жердин баарына бардым. Иллюзионисттердин курсун караштырдым, циркке бардым, бирок бул тармакты үйрөткөн бизде эч ким жок экен. Анан көз боемочу Адиль Кайыпов деген байкеге жолугуп калып, андан кеп-кеңеш алып жүрдүм. Ал мага Марк Вильсендин фокусниктер үчүн "Кадамга кадам" деген китебин сунуштап, ошол китептен көп нерсени үйрөндүм десем болот.

Книга рекордов Гиннесса - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык көз боемочулар Гиннес китебине киришти
— Алгачкы номер эсиңиздеби?

— Көз боемочулардын көбү алгачкы фокусун картадан баштайт эмеспи. Бирок мен алгач тамекиден баштагам. Атам тамеки чекпегендиктен, кагазды тамекиге окшотуп ороп кулактан киргизип, ооздон чыгарып, колдон жоготкон трюкту жасагам. Алгач өзүм үчүн эле жасап үйрөнүп жүрдүм, андан соң эки жылдан кийин коомчулукка көрсөтө баштадым.

— Өзүңүздү профессионал иллюзионист деп эсептейсизби?
— Чыгармачыл адамдардай эле биз да өмүр бою өзүбүздүн үстүбүздөн иштешибиз керек. Ар дайым изденип жаңы номерлерди ойлоп табышың керек. Ошондуктан бул тармакта өзүңдү профессионал деп атай албайсың.

— Иллюзия менен фокустун айырмасы барбы?
— Бирдей эле. Болгону фокусниктер элди алдайт деген түшүнүк калыптанып калган. Бирок эки өнөрдүн ээси тең элди таң калтыргысы келет.

— Булар өз ичинен бөлүнөбү?
— Ооба, иллюзия интерактивдүү жана классикалык болуп эки жанрга бөлүнөт. Интерактивдүү иллюзияда иллюзионисттер көрүүчүлөрдү да сахнага чыгарып ар түрдүү тажрыйбаларды жасап көрсөтүшөт. Биз ушул жанрга киребиз. Ал эми классикалык иллюзияда фокустар сахнада туруп эле көрсөтүлөт. Мисалы, цирктеги фокусниктердики классикалык жанрга кирет. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЖанат Абдыкадыров: иллюзия интерактивдүү жана классикалык болуп эки жанрга бөлүнөт. Интерактивдүү иллюзияда иллюзионисттер көрүүчүлөрдү да сахнага чыгарып ар түрдүү тажрыйбаларды жасап көрсөтүшөт. Биз ушул жанрга киребиз
Иллюзионист Жанат Абдыкадыров - Sputnik Кыргызстан
Жанат Абдыкадыров: иллюзия интерактивдүү жана классикалык болуп эки жанрга бөлүнөт. Интерактивдүү иллюзияда иллюзионисттер көрүүчүлөрдү да сахнага чыгарып ар түрдүү тажрыйбаларды жасап көрсөтүшөт. Биз ушул жанрга киребиз

— Ушул өнөрүңүздү турмушта колдоносузбу? Унаа жүрбөй жатканда жүргүзүп жиберип дегендей?
— Азырынча унаамды жүргүзүп жибере элекмин (күлүп). Бирок кээде кереги тийип калат. Мисалы, бир жакка шашып бара жатып жолдон Кайгуул милициясы токтотуп калган учурда. 

— Сыйкырлайсызбы?
— Фокусникмин десем эле "кана, бизди таң калтырчы" дешет. Акча, тыйын же ручка менен анча-мынча трюктарды жасап койсом, таң калып кое беришет. Ал тургай номеримди да алып калышат.

— Адамдарга фокус жасаган учурда кандай реакция болот?
— Алгач ал кишини сезүү керек. Фокусту ар бир адамга жараша жасайбыз. Анткени ар ким ар түрдүү кабыл алат.

— Иллюзия негизи кандайча келип чыккан?
— Иллюзия менин китепте окуганым боюнча алгач Египетте фараондордун убагында тамак уурдап жеш үчүн пайда болгон. Кийин жакшы иштеп кеткендиктен эл алдына чыгарылган, таң калтыруу максатында ар түрдүү номерлерди иштеп чыга башташкан.

— Атайын эрежелери же талаптары болобу?
— Иллюзиянын сырын ачууга болбойт. Бул аталган тармактагы коюлган талаптардын бири. Мындан сырткары, бир фокусту экинчи жолу көрсөтпөө, элге жасай турган фокусту алдын ала айтпоо сыяктуу талаптары бар. Анан, албетте, иллюзионисттер шамдагай иштеп, колдору эптүү болушу керек.

— Бир номердин үстүндө канча убакыт даярданасыз?
— Фокустун оордугуна, көлөмүнө карап даярданасың. Кээ бир фокустарды бат эле үйрөнүп аласың. Ал эми кээ бир даяр фокустарды жарым саат, бир сааттын ичинде үйрөнүп алууга болот.

— Фокустун өзүнүн буюмдары, куралдары барбы? 
— Ооба, бет аарчы, жиптери, карталары, күзгүлөрү дегендей. Аларды биз атайын Кытайдан буйрутма берип алдырабыз.

— Өнөктөшүңүз бар экен…
— Ооба, аты Дима, улуту корей, бирок Кыргызстанда эле төрөлүп өскөн. Ал дагы ага чейин өз алдынча фокустарды жасап жүргөн. Экөөбүздү кийин Адил Кайыпов тааныштырып "жашыңар бир экен, чогуу иштешкиле" деп сунуштап калып, тил табышып чогуу иштешип калдык. Ал менден, мен андан жаңы нерселерди үйрөнүп бири-бирибизди толуктадык. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЖанат Абдыкадыров: үйрөнөм, кызыгам деген балдар болсо кеп-кеңешимди аябайм. Аларга айтаар кеңешим, көз боемочу болом деген балдар кыздар бирөөдөн эмес, өздөрү үйрөнүп баштаганы оң
Иллюзионист Жанат Абдыкадыров - Sputnik Кыргызстан
Жанат Абдыкадыров: үйрөнөм, кызыгам деген балдар болсо кеп-кеңешимди аябайм. Аларга айтаар кеңешим, көз боемочу болом деген балдар кыздар бирөөдөн эмес, өздөрү үйрөнүп баштаганы оң

— Жакында Кытайга барып сынакка катышып келиптирсиздер. Сынак тууралуу айтып берсеңиз?
— Кытайда таланттар сынагы ар жылы өткөрүлүп турат экен. Үрүмчү шаарында өтүп, бир топ КМШ өлкөлөрүнөн таланттар келишти. Мен мындай эл аралык сынакка алгачкы жолу бардым, бирок эч кандай сүрдөө, тартынуу деген болгон жок. Калыстар тобу өзүмдү сахнада эркин алып жүргөнүмдү баалашты. Мыкты делген номерлерибизди көрсөтүп, биринчи турдан өтүп, экинчи турдан жарым финалист болдук. Эми буюрса, Чехияга же Түркияга баралы деп жатабыз. 

— Тойлорго, корпоративдерге да барат окшойсуздар?
— Ооба, тойлорго, корпоративдерге барабыз. Ар түрдүү кичинекей балдардын иш-чарасына чакырышат. Көбүнчө башка улуттун үйлөнүү үлпөт тойлоруна чакыруу келип турат.

— Сыр болбосо канча аласыздар?
— Ар кандай негизи 100 доллардан өйдө. Мындан сырткары учурда дагы бир долбоорубузду даярдап жатабыз. Ал жерде эң муздак суюктук суу азот менен иштейбиз. Ар кайсы нерселерди тоңдуруп кайра жибиткен сыяктуу эксперименттерди жасайбыз.

Көз боемочу Сафин тоту куш менен жасаган трюктарын көрсөттү
— Иллюзионист болгусу келген балдарды үйрөтөсүңөрбү?
— Азырынча ага тажрыйбам жете элек. Азыр өзүм жогорку деңгээлде үйрөнүшүм керек. Бирок үйрөнөм, кызыгам деген балдар болсо кеп-кеңешимди аябайм. Аларга айтаар кеңешим, көз боемочу болом деген балдар кыздар бирөөдөн эмес, өздөрү үйрөнүп баштаганы оң. Ал үчүн атайын интернеттерде онлайн үйрөтүүлөр бар. Чыныгы иллизионист бирөөнүн артынан туурап жүрүп эмес, өзү үйрөнгөнү жакшы.

Жаңылыктар түрмөгү
0