Тумар бийчилер тобунун жетекчиси Эрмек Кадыров Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн жыйында

"Тумар" тобу АКШнын America’s Got Talent абройлуу сынагына чакыруу алды

(жаңыланган 13:21 22.11.2016)
"Тумар" тобу АКШдагы America Got Talent сынагындагы кыргыз желегин желбиреткендердин алгачкысы болот.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. АКШдагы America Got Talent абройлуу сынагына Кыргызстан алгачкы жолу катышканы турат. Бул тууралуу "Тумар" бийчилер тобунун жетекчиси Эрмек Кадыров Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн жыйында билдирди.

"Бул жылы биз алгачкылардан болуп America’s Got Talent аттуу сынагына катышканы жатабыз. Буга чейин каржылык маселерден улам бара албай келген элек. Жакында бизге келе жаткан жылдын 27-январында Нью-Йоркто өтө турган кастингге катышууга чакыруу келди. Буюрса, Česko Slovensko má talent сынагын жеңип калсак, сыйлыкка алган акчанын бир бөлүгүн сапарыбызга жумшайбыз", — деди Кадыров.

Анын айтымында, "Тумар" тобу аталган сынакта кыргыз желегин желбиреткендердин алгачкысы болот. Бирок бийчилерге жол киресин жана жатаканасын каржылаганга демөөрчү керек болуп жатат.

Тумар бийчилер тобу, архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"Тумар" тобу 2009-жылы "Үмүт – Надежда" реабилитациялык балдар борборунун тарбиялануучуларынан түзүлгөн.

Аталган топ 2015-жылы Түркиядагы "Минута славы" сынагынын финалына чыккан, 2015-жылы Украинадагы "Минута славы" сынагынын катышуучулары, 2015-жылы "Ачык Казакстан" сынагынын баш байгесинин ээси, 2016-жылы Кыргызстандагы "Пара дэнс" бий сынагынын жеңүүчүлөрү болушкан.

"Тумар" тобу 27-ноябрда Чехия жана Словакияда өтө турган Česko Slovensko má talent сынагына барып, өз өнөрүн тартуулайт.

Белгилер:
бийчи, сынак, "Тумар КР" тобу, АКШ
Тема боюнча
"Тумар" бий тобунун Чехиядагы сынакта жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү бар
"Тумар" тобунун эл аралык сынакта бийлеген бийи интернетке чыкты

Улуттук банк Жусуп Баласагын тууралуу ролик тартты. Видео

(жаңыланган 00:31 22.04.2021)
Кыргызстандын Улуттук банкы Facebook социалдык тармагына улуу ойчул Жусуп Баласагын тууралуу ролик жарыялады.

Актёрлор Марат Алышпаев жана Назым Мендебаиров роль жараткан роликтин режиссёру Руслан Акун.

Сценарий боюнча Жусуп Баласагынды хандын алдына чакырышат. Ал жерде чогулгандардын бардыгы ханга перс тилинде сүйлөп, кылыч белек кылып жаткан болот.
Баласагындын хан алдында жалтанбай туруп кыргыз тилинде сүйлөгөнү ал жердегилерге жакпайт.

Ошондо ойчул башчыга кайрылып, “Элим өз тилинде жазып, билимин өркүндөтсө дейм” деп жооп берет. Аны мындай сөздөрүнөн кийин хан башкы кеңешчиси кылып шайлап коёт.

Улуу ойчул, акын, саясат таануучу, мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагын 1015-жылы, айрым маалыматтар боюнча 1016-жылы Карахандар каганатындагы Чүй өрөөнүнүн чыгышындагы азыркы Токмок шаарына жакын жерде жайгашкан биринчи борбору — Баласагын шаарында туулган.

1069-1070-жылдары Жусуп Баласагын жазган түрк тилиндеги "Кутадгу билиг" ("Куттуу билим") эмгеги дүйнөнүн көп тилдерине которулган.
Азыркы учурда Жусуптун "Кутадгу билиг" поэмасынын үч нускасы сакталып турат. Бир нускасы Вена шаарында (Австрия) сакталуу. Египеттин борбору Каир шаарында сакталып турган экинчи нуска 1986-ж. табылган.

Ал эми Намангандан табылган үчүнчү нускасы азыр белгилүү болгон нускалардын эң толугу болуп эсептелинет. Эстеликтин үчүнчү нускасы азыр Өзбекстан илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун кол жазмалар фондунда сакталууда. Наманган жана Каир шаарларынан табылган нускалар араб ариби менен жазылган.

Улуттук банк роликтерди Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата тартып жатат.

Белгилер:
ролик, Жусуп Баласагын, Улуттук банк, Кыргызстан
Тема боюнча
Нөшөрлөгөн жаанга карабай Саякбайды уккан эл. Улуттук банктын видеосу
Кер мурут жигит Сүймөнкул Чокморов. Улуттук банктын улуу инсан тууралуу видеосу

Согуштун балдары. Океев, Жакиев жана Байжиевдин таберик сүрөтү

(жаңыланган 18:41 21.04.2021)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
Байбичеси Жумаш Өмүрова жана кызы Азиза Океева менен турган СССРдин эл артисти, белгилүү режиссер Төлөмүш Океев менен Кыргыз эл баатыры, жазуучу Бексултан Жакиев жана КРдин эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевдин сүрөтү 1995-жылы Бишкек шаарында тартылган
© Sputnik / Александр Федоров

Байбичеси Жумаш Өмүрова жана кызы Азиза Океева менен турган СССРдин эл артисти, белгилүү режиссер Төлөмүш Океев менен Кыргыз эл баатыры, жазуучу Бексултан Жакиев жана КРдин эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевдин сүрөтү 1995-жылы Бишкек шаарында тартылган.

Ал жылы Океевдин 60 жылдыгы белгиленип, кинематографисттин жакындары, кесиптештери Опера жана балет театрына чогулган эле.

Ошол кезеңди сценарист Мар Байжиев мындайча эскерди.

"Төлөмүш менен Бексултан бир айылда чогуу окушкан, үчөөбүз тең согуштан кийинки балдарбыз. Жакиев экөөбүз филология факультетинде бирге билим алдык. Мен орус, ал кыргыз бөлүмүндө студент болчу. Кийин Океев Ленинграддагы Киноинженерлер институтунун электротехникалык факультетинин үн режиссёр адистигин бүтүрүп келгенде мен "Кыргызфильмде" редактор болчумун. Ал жылдары бирге иштешип, кеңешип иш кылып жүрдүк. Анткени ал жылдары бизде көпчүлүк кыргыз кинолорун еврейлер, орустар тартышчу. Нуртай Борбиев, Геннадий Базаров, Болот Шамшиевдер жаңыдан жогорку окуу жайды бүтүп келе башташкан. Жаштар кыргыз эли кандай таланттуу, акылман эл экенин көрсөткүбүз келип бири-бирибиз менен тыгыз иштешип, ата мекендик кинематографияны дүйнөлүк деңгээлге чыгаруунун көздөчүбүз", — деди драматург.

Байжиев чыгармачылыгында Океевдин "Ак илбирстин тукуму", "Алтын күз" кинофильминин, Бексултан Жакиев "Мурасынын" сценарийин жазган.

1995-жылы Төлөмүш Океев Кыргызстандын Түркиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп турган.

Белгилер:
таберик сүрөт, Бексултан Жакиев, Мар Байжиев, Төлөмүш Океев, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер
Тема боюнча
Чокморовдун ден соолугун алган "Караш-Караш окуясы". Таберик сүрөт
Кыргыз окумуштууларынын Бакайы — Юдахин шакирттери менен. Таберик сүрөт
Якутияда бугу издеген Болот Шамшиев, Жолон Мамытов, Айтурган Темирова. Таберик сүрөт
Бишкек шаары. Архив

Эртең Бишкектин 56 көчөсүндө электр кубаты болбойт. Тизме

(жаңыланган 16:35 22.04.2021)
"Түндүк электр" ишканасы электр энергиясын убактылуу өчүрүү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу болуп жаткандыгын айтышты.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Эртең борбор калаанын 56 көчөсүндө электр кубаты убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын сайтында кабарланган.

Бул күнү бригадалар тирөөчтөрдү орнотуп, үйлөрдүн, короолордун ичиндеги кабелдерди иретке келтирип, оңдоп-түзөө иштерин жасайт.

Электр кубаты төмөнкү жерлерде болбойт:

  • 09:00дөн 12:00гө чейин — Островская, Сухомлинов, Бакаев, Целинная көчөлөрүндө, андан сырткары Ак-Өргөө конушунда (Ашар, Ак шоокум, Адышева көчөлөрүндө) болбойт;
  • 09:00-19:00 — Алыбаев, Маликов, Термечиков, Захарьев көчөлөрүнүн тилкелеринде;
  • 09:30-14:00 — 10-кичи райондо (№36, 36/1, 37/1, 37, 38 үйлөр);
  • 09:30-17:00 — Ахунбаев, Бектенов көчөлөрүндө, Балхаш туюк көчөсүндө, 9-кичи райондо (№6Б үй), Арча-Бешик конушунда (Кызыл-Адыр, Термечиков, Камбар-Ата, Бердибаев, Эр-Тайлак, Шералиева, Проектируемая, Арча-1 көчөлөрүндө);
  • 09:30-18:00 — Лев Толстой, Леваневская, Строительная, Красная, Тыныбеков, Матыев көчөлөрүнүн тилкесинде, Көлмө жана Алтын-Бешик конуштарында (Максат, Медина, Республиканская, Мыскал, Кулиев, Полевая, Азаттык, Коммунаров, Айкөл, Козу-Баглан, Жийде, Жаз, Минская, Багратион, Краснодонцев жана Малышев көчөлөрүндө);
  • 10:00-14:00 —Урожайная жана Аламүдүн көчөлөрүнүн тилкелеринде;
  • 10:00-17:00 — Жумабек, Осмонкул, Баетов көчөлөрүнүн тилкелеринде;
  • 12:00-17:00 — Шота Руставели, Севастопольская, Үчүнчү линия көчөлөрүндө, Чыңгыз Айтматов проспектисинде, Абдраев, Месароша көчөлөрүндө, Чугуев туюк көчөсүндө, 5-кичи райондо (№79-83, №72/1, №64, 65 үйлөр) өчүрүлөт.
Белгилер:
өчүрүү, электр кубаты, Бишкек
Тема боюнча
Кыргызстандын аймактарына кар түштү. Видео жана сүрөттөр