Уз Айдай Асангулова: тебетей тиккенди эки күндө үйрөтөбүз

© Фото / Тимур Райымкулов"Кийиз дүйнө — көчмөн руху" фондусунун жетекчиси Айдай Асангулованын архивдик сүрөтү
Кийиз дүйнө — көчмөн руху фондусунун жетекчиси Айдай Асангулованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кол өнөрчү тебетей тигүүнүн жол-жобосу 3-декабрь жана 10-декабрь күндөрү өтчү сабактарда окутуларын айтты.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. "Миң кыял" коомдук фондусу менен "Кийиз дүйнө — көчмөн руху" долбоору салттуу билим боюнча окутуулардын сезонун ачып, алгач тебетей тигүүнү үйрөтөт. Бул тууралуу фондунун жетекчиси Айдай Асангулова билдирди.

Анын айтымында, тебетей тигүүнүн жол-жобосу 3-декабрь жана 10-декабрь күндөрү өтчү сабактарда окутулат. 

"Катышууну каалагандар тебетей тигүүгө керектелүүчү тѳбѳсүнѳ керектелүүчү (тукаба, баркыт же калың кездеме) жана ичтик кездемелерди, тери (эски жака, сѳгүлгѳн эски тебетей), кебез, ватин же жука кийиз, кооздоо үчүн үкү, күмүш, седеп топчулар, шуру-мончокторду алып келиши керек. Мындан тышкары, кайчы, жип, оймок, ийне сыяктуу өздүк аспаптары болушу зарыл", — деди Асангулова.

Улуттук кийим кийген кыздар Кийиз дүйнө — көчмөн руху көргөзмөсүндө - Sputnik Кыргызстан
Кыярбай ушул күнгө жеткен "Кийиз дүйнө" — Бишкекте көргөзмө өттү
Кол өнөрчү эки сабактын ичинде ага катышкан адам тебетей тигүүнү толук ѳздѳштүрүп, баш кийимдин өзгөчөлүгү тууралуу маалымат аларын белгиледи. Сабактар саат 13.30да башталып 17.00гө чейин созулат.

Тебетей – кышкы кийимдин бѳлүгүнѳ кирип, башка баш кийимдерден ѳлчѳмү менен айырмаланып турат. Тебетейдин талааларына кебез салып баркыттан, сукнодон, калың кездемеден тигишкен. Талааларынын түзүлүшүнѳ байланыштуу тебетейдин тѳбѳсү тѳрт бурчтуу келип калың болот. Талааларынын ылдыйкы бѳлүгүн сыртына кайрып, ал жерге жазы келген терини, колунда бар кыргыздар суусар, кундуз карматкан. Аталган баш кийимдерди колдонулган терисине карата түлкү тебетей, кундуз тебетей, суусар тебетей деп аташкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0