Италиялыктарга бут кийим, япондорго саат жасап берген Искендер

© Sputnik / Жоомарт УраимовДизайнеры из Кыргызстана Искендер Асаналиев и Жанышбек Ботоев
Дизайнеры из Кыргызстана Искендер Асаналиев и Жанышбек Ботоев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык дизайнер Искендер Асаналиевдин дизайны менен италиялык What's More Alive Than You фирмасы Colani, Petals, Tangled, Lup деген аталыштагы аялдар бут кийимдерин 2013-жылы, япониялык Тokyoflash компаниясы On Air саатын 2012-жылы чыгарышкан.

Искендер бүгүн "Шаардык көчмөндөр" сумкалар коллекциясын жана "Кокан" деген отургучту даярдап, дүйнө жүзү боюнча сатыкка чыгарууну пландап жатат.

Биздин редакцияга Искендер кесиптеши Жанышбек Ботоев менен биргеликте баш багып, жаңы эмгектери жөнүндө айтып берди. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстандык дизайнер Искендер Асаналиев кесиптеши Жанышбек Ботоев менен
Дизайнеры из Кыргызстана Искендер Асаналиев и Жанышбек Ботоев - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык дизайнер Искендер Асаналиев кесиптеши Жанышбек Ботоев менен

— Сиздер жасаган отургуч башкалардан эмнеси менен айырмаланат? 

Искендер: — Мунун өзгөчөлүгү табигый таза материалдардан жасалат. Буттары темир, өзү фанерадан, салмагы өтө жеңил. Кытайдыкынан баасы жагынан айырмасы жок болгону менен, сапаты жагынан алда канча жогору. Сынап көрөлү деп капталынан коюп секирип көрдүк, сынган жок. Жөлөнгүчү сумка илгенге ылайыкталып, бир аз ийилип турат. Ошондой эле ага көпөлөк, ийнелик жана аарынын канаттарынын формасын түшүрүп койдук. Көзгө эстетикалык жактан абдан жакшы көрүнөт. 

Жанышбек: — Булар абдан ыңгайлуу болгондуктан үйдө дагы, офисте дагы колдонсо болот. Бүгүнкү күндө Бишкек боюнча 3-4 кафе биздин отургучтарыбызды сатып алышты. 

 

— Баасы канча? 

Жанышбек: — Чехолу жок 1300 сомдун тегереги болот. 

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Шаардык көчмөндөр" сумкалар коллекциясы
Шаардык көчмөндөр сумкалар коллекциясы - Sputnik Кыргызстан
1/6
"Шаардык көчмөндөр" сумкалар коллекциясы
© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Кокан" отургучу
Кокан отургучу - Sputnik Кыргызстан
2/6
"Кокан" отургучу
© Фото / Искендер Асаналиев"Кокан" отургучу
Кокан отургучу - Sputnik Кыргызстан
3/6
"Кокан" отургучу
© Фото / "Тokyoflash"Япониялык "Тokyoflash" компаниясы чыгарган "On Air" сааты
Япониялык Тokyoflash компаниясы чыгарган On Air сааты - Sputnik Кыргызстан
4/6
Япониялык "Тokyoflash" компаниясы чыгарган "On Air" сааты
© Фото / Искендер АсаналиевИталиялык "What's More Alive Than You" фирмасы чыгарган аялдар бут кийимдери: "Colani", "Petals", "Tangled", "Lup", "Teke Shoes"
Италиялык What's More Alive Than You фирмасы чыгарган аялдар бут кийимдери: Colani, Petals, Tangled, Lup, Teke Shoes - Sputnik Кыргызстан
5/6
Италиялык "What's More Alive Than You" фирмасы чыгарган аялдар бут кийимдери: "Colani", "Petals", "Tangled", "Lup", "Teke Shoes"
© Фото / Искендер АсаналиевИталиялык "What's More Alive Than You" фирмасы чыгарган аялдар бут кийимдери: "Colani", "Petals", "Tangled", "Lup", "Teke Shoes"
Италиялык What's More Alive Than You фирмасы чыгарган аялдар бут кийимдери: Colani, Petals, Tangled, Lup, Teke Shoes - Sputnik Кыргызстан
6/6
Италиялык "What's More Alive Than You" фирмасы чыгарган аялдар бут кийимдери: "Colani", "Petals", "Tangled", "Lup", "Teke Shoes"
1/6
"Шаардык көчмөндөр" сумкалар коллекциясы
2/6
"Кокан" отургучу
3/6
"Кокан" отургучу
4/6
Япониялык "Тokyoflash" компаниясы чыгарган "On Air" сааты
5/6
Италиялык "What's More Alive Than You" фирмасы чыгарган аялдар бут кийимдери: "Colani", "Petals", "Tangled", "Lup", "Teke Shoes"
6/6
Италиялык "What's More Alive Than You" фирмасы чыгарган аялдар бут кийимдери: "Colani", "Petals", "Tangled", "Lup", "Teke Shoes"

— Сумкалар жалаң кийизден экенин көрүп турабыз? 

Искендер: — Сумкаларыбыз "Шаардык көчмөндөр" деп аталат. Таза кийиз менен булгарыдан гана жасалат. Азыр бүткүл дүйнө көчмөндөр маданиятына ыктап бара жаткан кези. Боз үйгө кызыккандар өтө көп. Ушундай шартта көчмөн кыргыздардын урпактары катары биз табигый таза материалдардан жасалган буюмдарды өндүрбөсөк, ким өндүрөт? Бул биз үчүн чоң мүмкүнчүлүк. 

Улуттук кийим кийген модельдер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эстен тандырган этностиль. Кыз-келиндердин көзүн күйгүзгөн 9 буюм
Жанышбек: — Чет өлкөгө саталы деген планыбыз бар. Ошол себептүү Европа стандартына туура келтирели деп мурда чет элдиктер менен иштеген тикмечилерге тиктирип жатабыз. Бул жерде Кыргызстанда жасалбаган бир гана элемент бар. Ал – сыдырмасы, аны Япониядан алдырып жатабыз, биз колдонгон YKK сыдырмалары экологиялык Oeko-Tex Standard 100 стандартына туура келет. Бул стандарт буюмда ден соолукка зыян келтирчү заттын жок экенине кепилдик берет. Мунсуз Европага бир да товарды киргизбейт. 

— Андай болсо Кыргызстан үчүн баасы өтө кымбат болуп кетпейби?

Искендер: — Кыргызстанда эң чоң сумканын баасы 7 миң сом болот. Албетте бул кымбатыраак болуп калат. Бирок сапатына 8 жылга кепилдик берилет. Сумкалардын дагы бир артыкчылыгы булардын кармоочторун ары-бери жылдырып койсо көтөрүп жүрүү ыкмалары өзгөрүп кетет. Мисалы, бир эле сумканы ийинге асынууга, рюкзяк кылып же колго кармап алууга болот. 

Жанышбек: — Трансформер сумкабыз бар. Идеясы кадимки кыргыз куржунунан алынды. Бүктөп койсо кол сумка катары көтөрүп жүрсө да болот. Эгер бираз үшүп кетсеңиз, жазып туруп желет кылып кийип аласыз. Бул самкага кагаз, гезит, дептер, планшет сыяктуу жалпак нерселерди салып жүрсө да ыңгайлуу. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовИскендер Асаналиев: бут кийим дизайндарды австриялык компанияга сунуштасам, менин атымды атабай, өз аты менен чыгарып жиберишиптир. Алар менен чатакташкан жокмун, европалык компания менен соттошуу үчүн өтө көп каражат кетмек, менин ага мүмкүнчүлүгүм жетпеди
Дизайнер из Кыргызстана Искендер Асаналиев  - Sputnik Кыргызстан
Искендер Асаналиев: бут кийим дизайндарды австриялык компанияга сунуштасам, менин атымды атабай, өз аты менен чыгарып жиберишиптир. Алар менен чатакташкан жокмун, европалык компания менен соттошуу үчүн өтө көп каражат кетмек, менин ага мүмкүнчүлүгүм жетпеди

— Качан сатыкка чыгат булар?

Искендер: — 15-декабрда.

— Чет өлкөгө кандай жолдор менен алып чыгасыздар? 

Жанышбек: — Краудфандинг (Ред.: Бир канча адамдын интернет аркылуу биригип акча чыгарып кайсы бир товардын өндүрүлүшүнө салым кошушу) ыкмасы аркылуу сатабыз деп ишенип турабыз. Андан тышкары азыр бизге сумкаларды өндүрүп берип жаткан компаниянын Европа өлкөлөрүндө байланыштары бар экен. 

— Бут кийим дагы көтөрө келиптирсиңер? 

Работы участников DESIGN CUP 2016 - Sputnik Кыргызстан
DESIGN CUP. Ресторан үчүн эн белги жана Брюс Линин жаңы образы
— Бул үйгө кийчү бут кийим синтетикалык кийизден тигилди. Башында өзүбүз синтетика деп көңүл бурбай жатканбыз. Бирок ойлонуп көрсөк баасы арзан болуп, жалпы элге жеткиликтүү болот да. Экинчиден, азыр шаарды таштандыга айлантып жаткан желим бөтөлкөлөрдөн арылууга жардам берет экен. Анткени муну тиге турган синтетикалык кийиздер дал ушул желим бөтөлкөдөн жасалат. Үчүнчүдөн, формасы жагынан абдан ыңгайлуу. Биздин мейманканаларга коюп койсок, ошол эле Хаятт башка өлкөлөрдөгү Хаяттардан айырмаланып калат. Кийизден тигип туруп, бир жагына кичинекей сайма сайып койсок, өлкө брендин куруугу да жардам берет. 
© Sputnik / Жоомарт УраимовИскендер Асаналиев: "Tokyoflash" компаниясы саатымды дароо жактырып, 1,5 жылда жасап чыгышты. Сатыктан түшкөн акчанын 5 пайызын алып, капчыгымды биртоп эле кампайтып алдым
Дизайнеры из Кыргызстана Искендер Асаналиев и Жанышбек Ботоев - Sputnik Кыргызстан
Искендер Асаналиев: "Tokyoflash" компаниясы саатымды дароо жактырып, 1,5 жылда жасап чыгышты. Сатыктан түшкөн акчанын 5 пайызын алып, капчыгымды биртоп эле кампайтып алдым

— Бут кийим демекчи, Искендер, италиялык фирма сиздин дизайныңыз менен бут кийимдерди өндүргөнүн уктук эле?

— Алар оригиналдуу бут кийимдердин дизайнына сынак жарыялашкан. Жөн гана катышып көрөйүн деп өзүмдүн эмгектеримди жөнөткөм. Сынактан 3-орунду алгам, бирок бир канча убакыт Италияга барып жашашым керек экен, ага каражатым жок болчу. Ал дизайндарды австриялык компанияга сунуштасам, менин атымды атабай, өз аты менен чыгарып жиберишиптир. Алар менен чатакташкан жокмун, европалык компания менен соттошуу үчүн өтө көп каражат кетмек, менин ага мүмкүнчүлүгүм жетпеди. Кийин баягы италиялыктар өздөрү байланышып, менин бут кийимдеримди чыгарарын айтышты. Алар 3-4 моделди бир ирет чыгарышкан. Кийин кризиске учурап, токтоп калышты. 

— Япондор менен кантип иштешип калдыңыз? 

Стилист, дизайнер одежды Замира Молдошева - Sputnik Кыргызстан
Дизайнер Замира Молдошева: ырчылардын талантына карап туруп стилине киришем
— Өзгөчө бир сааттын моделин тартып, иниме 3D форматында жасаткам. Интернетке койсом эл аябай жактырып, Канададан бир киши "Японияда оригиналдуу сааттарды чыгарган Tokyoflash деген компания бар. Ошол жакка жөнөтүп көрбөйсүңөрбү" деп жазып калды. Жиберсем алар дароо жактырып, 1,5 жылда жасап чыгышты. Сатыктан түшкөн акчанын 5 пайызын мен алып турдум. Ошентип капчыгымды биртоп эле кампайтып алгам.

Жаңылыктар түрмөгү
0