Кыргызстандык кыз Россияда өтүп жаткан конкурста эң сулуу аталышы мүмкүн

© Фото / Гульназ МакиеваМеждународный фестиваль Miss Asia Russia в Москве
Международный фестиваль Miss Asia Russia в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москвада өтүп жаткан Miss Asia Russia сынагында 17 кыз ат салышууда. Кыргызстандын атынан Динара Сулайманова катышууда.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Москва шаарында Miss Asia Russia сынагы өтүп жатат. Анын жүрүшүндө катышуучулар улуттук кийимдерин көргөзүп, калыстар үчүн улуттук тамак-аштарды жасашканын уюштуруучулар билдирди.

Индияда өткөн Missis Top of the World – 2016 сынагынан бешинчи орунду багындырган Наргиза Осмонова - Sputnik Кыргызстан
Сулуулук сынагын жеңген таене: аялдын ажарын күйөө ачат
Сулууларды эми интеллектуалдык конкурс, мода көргөзүү, социалдык долбоорлорду тааныштыруу күтүп турат. Конкурстун финалы 10-декабрда өтөт. Miss Asia Russia сынагында 17 кыз ат салышууда. Кыргызстандын атынан Динара Сулайманова катышууда.

Ар бир этапта катышуучулар упай топтошот, андыктан эң көп упай топтогон кыз жеңүүчү болуп эсептелет. Калыстардын катарында ырчы Авраам Русса менен Анита Цой дагы бар.

"Азиаттардын сулуулугундагы эң башкы нерсе бул жөнөкөйлүк", — дейт долбоордун жетекчиси Елена Мардаева.

Miss Asia Russia — жаңы долбоор. Азиат келбеттүү кыздардын жакшы образын калыптандыруу максатында өткөрүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0