12 кино тасма "Кыргызстан кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" конкурсуна катышат

© Sputnik / Табылды КадырбековЦеремония закрытия фестиваля "Кыргызстан — страна короткометражных фильмов"
Церемония закрытия фестиваля Кыргызстан — страна короткометражных фильмов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестивалдын расмий ачылышы 12-декабрда "Манас" кинотеатрында өтөт.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. "Кыргызстан кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" эл аралык кинофестивалдын улуттук конкурсунда 12 тасма мыкты эмгек наамына ат салышаарын уюштуруучулар билдирди.

Берлин шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Сейде" тасмасы Берлиндеги фестивалдан олжолуу кайтты
Аталган кинофестиваль — эл аралык жана улуттук болуп эки багытта өтөт. Эл аралык сынакка 200 билдирме келип, анын ичинен 14 тасма тандалып алынган.

Фестивалдын расмий ачылышы 12-декабрда "Манас" кинотеатрында болот.

15-декабрда "Мыкты тасма", "Мыкты режиссура", ""Калыстардын атайын сыйлыгы" жана "Көрүүчүлөрдүн симпатиясы" номинациялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталат.

Улуттук конкурска катышып жаткан тасмалар: 

 

  • "Битик" (даректүү тасма, режиссер Таалайбек кызы Алтынай);
  • "Инсомния" (драма, режиссер Тимур Искаков); 
  • "Кызыл короз" (көркөм тасма, режиссер Флора Газиева); 
  • "Лунатик" (драма, режиссер Кубандык кызы Зирегүл); 
  • "Тегирмен" (драма, режиссер Кенжебек Шайлообаев); 
  • "Олжо" (режиссер Таалайбек уулу Болсунбек); 
  • "Адамдын пейили" (анимация, режиссер Кубандык кызы Сырга); 
  • "Кошуналар" (анимация, режиссер Батыркан Илясов); 
  • "Үч күн" (драма, режиссер Нурила Умарова); 
  • "Бир катанын азабы" (даректүү тасма, режиссер Жекшенбай уулу Токтомуш); 
  • "Шляпа" (драма, режиссер Дастан Мадалбеков); 
  • "Бул жашоо" (комедия, режиссер Женк Демиркыран).

 

Жаңылыктар түрмөгү
0