Абдыжапаровдун шакирттеринин мыкты эмгектери аныкталды

© Фото / Нурбек НургазиевРежиссер Эрнест Абдыжапаров
Режиссер Эрнест Абдыжапаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн Анвар Осмоналиев, мыкты аял ролуна Дильназ Бакытбек кызы сыйланды.

Бишкек, 29-ноя.—Sputnik. Режиссер Эрнест Абдыжапаровдун шакирттеринин 9-кинофестивалы аяктап, анын жеңүүчүсү катары "Апорт" тасмасынын режиссеру Айдай Чотуева табылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине уюштуруучулар кабарлашты.

"Айдай Чотуеванын "Апорт" тасмасы баш байгеге татыса, мыкты кыска метраждуу тасма наамына Айжамал Болотованын "Лунная соната" фильми, мыкты сценарий катары Дастан Мадалбековдун "Шляпа" тасмасы аталды. Эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн "Энеке" тасмасындагы Анвар Осмоналиев, аялдын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн "Лунная соната" фильминин каарманы Дильназ Бакытбек кызы сыйланды", — дейт уюштуруучулар.

Калыстар тобунун курамында Хасан Кыдыралиев, Актан Арым Кубат, Таалайбек Кулмендиев, Эмир Сарпашев, Акжол Бекболотов, Асел Жураева жана Элина Абай кызы болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0