Кыска метраждуу тасмалар фестивалын Шамшиевдин "Манасчы" тасмасы ачат

© Sputnik / Э. Вильчинский / Медиабанкка өтүүУлуу манасчы Саякбай Каралаев. Архив
Улуу манасчы Саякбай Каралаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган тасма Германиядагы эл аралык фестивалда 80 өлкөнүн ичинен баш байгени жеңип алган.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кинорежиссер Болот Шамшиевдин "Манасчы" тасмасы Бишкекте өтө турган кыска метраждуу тасмалар фестивалын ачып берет. Бул тууралуу "Айтыш" коомдук фонду маалымдады.

Илимий негизде тартылган "Манасчы" тасмасы улуу манасчы Саякбай Каралаевге арналган. Аталган тасма Германиядагы эл аралык фестивалда 80 өлкөнүн ичинен баш байгени жеңип алган. Фильмде улуу манасчы тууралуу кызыктуу жана өзгөчө кадрлар камтылган.

Кыргызстан кыска метраждуу тасмалардын мекени аталышындагы фестиваль быйыл 6-жолу өткөрүлүп жатат. Ал 12-декабрдан 15-декабрга чейин "Манас" кинотеатрында өтмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0