Малика-Дина Акулова: өз жолумду тандадым деп ишенимдүү айта алам

© Sputnik / Табылды КадырбековКР Эмгек сиңирген артисти Динара Акулованын көкүрөк күчү Малика-Дина маек учурунда
КР Эмгек сиңирген артисти Динара Акулованын көкүрөк күчү Малика-Дина маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР Эмгек сиңирген артисти Динара Акулованын көкүрөк күчүгү Малика-Дина мындан үч жыл мурун жеке турмушуна байланыштуу чыгармачылыктан алыстай түшкөн.
Малика-Дина: мен бирөөгө атаандашып, же ич күйдүлүк кылбайм

Жакынкы күндөрү ырчы өнөргө кайтууну пландап, журналист Гүлдана Талантбековага алдыдагы бир катар максаттары менен бөлүштү.

— Экинчи күн… Убактыңыздын тардыгынан улам кечигип келе албай жаттыңыз окшойт?

— Биринчиден кечирим сурайм. Эки күндөн бери эч эле сизге жете албай койдум. Анын да себеби бар. 15-декабрда өздүк майрамыма карата чыгармачылык кече бергени жатам. Даярдыктарды бир ай мурун баштагам, бирок айрым суроолор чечилбей жатты. Эми мына эки жума калганда чуркап баштадым (күлүп). Ал жагы деле жакшы, иштин майын чыгарып жасайсың. Менин карьерамда апамдын аты чоң. Аны уят кылбаш үчүн мыкты даярдыктар көрүлсүн деп болушунча жан үрөп жүрөм. 

— Менин билишимче бул чыгармачылыктагы алгачкы кечеңиз?

Праздничный концерт на площади Ала-Тоо в честь 25-летия независимости Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Урмат менен Неля: биздин чөйрөдө бирөөнүн курмандыгы болуп калышың толук мүмкүн
— Мен сахнага беш жашымдан бери чыгып жүрөм. Бирок он беш жылдан бери бир дагы жолу чыгармачылык кече, же жеке концерт берген эмесмин. Анткени бир туруп ырчылыкты таштайм дейм кайра бирөөнүн ырдаганын уксам, эски видеолорумду көрүп калсам сагынып ырдагым келип кетет. Ошентип эле көп нерсе чечилбей жүрдү. Анан турмушка чыгып, эне болгондон кийин чоң жоопкерчилик пайда болот экен. Мындан ары буюрса өзүмдү бир гана чыгармачылыкка арнайын деп олуттуу чечим чыгардым. 

— Анализдеп отуруп бир чечимге келдим дейсизби?

— Чындыгында апам мурун "тур Малика, иште" демейинче эч нерсе кылчу эмесмин. "Көлдүн жээги", "Ойлорум сага" деген ырларды көптөр жакшы билип, сүйүп угушат. Аларды апам болбосо жазбайт болчумун. Ошондуктан апамдын салымы чоң. Эненин ак сүтүн актоо кыйын. Алгачкы кечемди да апама арнайын деп турам. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМалика-Дина: мен сахнага беш жашымдан бери чыгып жүрөм. Бирок он беш жылдан бери бир дагы жолу чыгармачылык кече, же жеке концерт берген эмесмин. Анткени бир туруп ырчылыкты таштайм дейм кайра бирөөнүн ырдаганын уксам, эски видеолорумду көрүп калсам сагынып ырдагым келип кетет
Певица, дочь заслуженной артистки Кыргызстана Динары Акуловой Малика-Дина - Sputnik Кыргызстан
Малика-Дина: мен сахнага беш жашымдан бери чыгып жүрөм. Бирок он беш жылдан бери бир дагы жолу чыгармачылык кече, же жеке концерт берген эмесмин. Анткени бир туруп ырчылыкты таштайм дейм кайра бирөөнүн ырдаганын уксам, эски видеолорумду көрүп калсам сагынып ырдагым келип кетет

— Чачыңыздын түсүн да өзгөрткөнүңүздү байкап жатам?

— Мурун чачым узун, капкара, жайып жүрчүмүн. Буюрса быйыл стилимди, образымды алмаштырам деп турам. Бирок кандай болоору азырынча сыр боюнча калсын.

— Чыгармачылык менен үй-бүлөнү да чогуу алып кетүүнү пландап жатсаңыз керек?

— Ал ар бир кыздын планында болушу керек. Ата-энеси кыз киши бой тарткандан баштап келечегине кабатыр болот. Турмушун куруп, жакшы эне, жакшы жубай болсо экен деп тилейт. Мен ошол нерсенин баарын жасап келе жаттым. Анан турмушка чыктым эне болдум деп эле отуруп алсам болбойт. Анткени апамдын гана эмес элдин да кызымын. Ошондуктан эл үчүн, апам үчүн, кызым үчүн иштегим келет. 

— Кесибиңиз боюнча кимсиз? Бир жылдары Америкада вокал академиясында окучу элеңиз?

Эстрадный исполнитель Гулжигит Калыков - Sputnik Кыргызстан
Гүлжигит Калыков: атамдан тартынып сахнада ачылып бийлей албай жүрөм
— Америкадагы окууну толугу менен бүтүрө албай калдым. Анткени кызымды күтүп, бир жылдык академия алып Кыргызстанга учуп келгем. План боюнча эки жыл окушум керек эле. Буюрса кызым эки-үч жашка чыкканда улантайын деген оюм бар. Бирок онлайн режиминде окуйм. Кесибим боюнча юристмин. Мектепти бүткөндөн кийин Юридикалык академияга тапшыргам. Чындыгында практика деле өтүп көрдүм, окудум дегендей. Бирок жан дүйнөм ырчылыкка жакын экен. 

— Ырчылыктан башка кандай өнөрлөрүңүз бар. Мурун сулуулар конкурсуна катышып, модель болуп да жүргөнүңүздү билебиз? 

— Кичиней кезимен тарта ырдагандан тышкары бийди да кошо алып кеткенге аракет жасачумун. Сулуулар конкурсуна катышып 2012-жылы "Мисс Бишкек", 2013-жылы "Жай периси" аталгам. Мосвкага барганда моделдик агенттиктен сунуш түшкөндө жарым жылдай ошол жерде жүрдүм. Мен ушул жашка чейин мага эмне жагат, кайсы кесипти аркалап кетем деп тандоонун ортосунда жүрүп келгем. Азыр өзүмдүн жолумду таптым деп ишенимдүү айта алам. Бул — чыгармачылык. Азыр тартынбай эле ырдайм деп турам.

— Байкап отурсам сүйлөгөндө үнүңүз да апаңызга окшош экен?

— Азыр бир аз сыркоологонум үчүн дагы окшошуп жатса керек. Негизи апам экөөбүздүн үнүбүз, баскан турганыбыз, мимикаларыбыз окшош деп көп айтышат. Он жашыма чейин атаңа окшошсуң деп айтып калышчу. Чындыгында мен бул сөздөргө капаланчумун. Дайыма апама окшошкум келип туурай берчүмүн. Анын чоң кийимдерин кийип калып күзгүнүн астына туруп алып ырларын туурап ырдап чоңойдум. 

— Айрым жерлерден апаңыздын атын колдонгон учурларыңыз болобу?

— Өзүм колдонбосом дагы бир жерге барганда сөзсүз Малика-Дина эмес, Динара Акулованын кызы деп айтышат. Тааныштырганда дагы Динаранын кызы деп айтышат. Албетте бул мен үчүн өтө чоң сыймык.

— Атаңыз менен сүйлөшүп турасызбы?

— Кээде ал мени эстегенде сүйлөшүп калабыз…

— Кыргызча кыйналып сүйлөгөндөй болуп жатасыз?

— Кичинекей кезимен тарта орус бала бакчада, орус мектепте окудум. Бирок үйдөн апам менен кыргызча эле сүйлөшөбүз. Мен негизи кыргызчаны жакшы эле сүйлөйм. Микрофондун, студиянын сүрүнөн да көп сөздөр унутулуп калат окшойт. Анын үстүндө орусча ойлонуп, кыргызча жооп бергенде убакыт кетип калат.

© Sputnik / Табылды КадырбековМалика-Дина: эмнегедир алгачкы жолу сахнага чыкканда коркуп сүрдөгөн эмесмин. Эсимде он жашыма чейин апам жанымда турчу. Балким ошондуктан сахнада ишенимдүү жүрсөм керек
Певица, дочь заслуженной артистки Кыргызстана Динары Акуловой Малика-Дина - Sputnik Кыргызстан
Малика-Дина: эмнегедир алгачкы жолу сахнага чыкканда коркуп сүрдөгөн эмесмин. Эсимде он жашыма чейин апам жанымда турчу. Балким ошондуктан сахнада ишенимдүү жүрсөм керек

— Сизде сахнада чоң толкундоолор болобу? Керек болсо Алла Пугачева азыркыга чейин сахнага чыгаарда тизем калчылдайт деп айтып келет? 

— Билбейм эмнегедир алгачкы жолу сахнага чыкканда коркуп сүрдөгөн эмесмин. Эсимде он жашыма чейин апам жанымда турчу. Балким ошондуктан сахнада ишенимдүү жүрсөм керек. Ар бир адамдын сүрү бар, а ошончо кишинин алдына чыгыш бир чоң милдет. Ар кандай учурлар болот. Маселен тойлорго барганда элдер өтө шаңдуу, кээде мына-мына уктайм деп отурушат. Андай учурда баарын күткөнгө туура келет. Мына мен жылдызмын, чыгып эле сахнаны багындырам деген түшүнүк болбойт экен. Айрым учурда бул Маликабы же ал эмеспи деп тамак жеп отурушат. Кээде ушунчалык сүйүнүп тосуп алышат. Айтор ар кандай күндөр болгон.

— Сизде атаандаштык сезимдери барбы? Ал нерсенин пайдалуу жактары да бар деп айтышат?

Кыргызский исполнитель Кайрат Примбердиев - Sputnik Кыргызстан
Кайрат Примбердиев "Голос" шоусунун чейрек финалына өттү
— Азыркыга чейин чыкпаганымдын себеби атаандаштыктын жоктугу болушу керек. Мына кече эле Сайкал Садыбакасованын алгачкы концерти болду. Сайкал мен үчүн бир гана чыгармачылык кесиптеш эмес, эжем, досум катары көп жылдан бери жакшы сүйлөшөбүз. Ал концерт берип жатканда өзүм коюп жаткандай абдан сүйүндүм. Сахнанын жасалгасын, өзүн алып жүрүүсүн, ырдаганын көрүп Сайкал менен сыймыктандым. Ошондуктан атандашып, башкаларды карап жумуш жасагым келбейт. Өзүм койгон ой-максаттарга жетким келет. Ал максат мага ишенген адамдардын колдоосу менен ишке ашаарына ишенем.

— Чыгармачылыкта Сайкалдан башка кимдер менен дос мамиледесиз?

— Шоу-бизнеске аралашкандан бери бардык эле ырчылар менен сый мамиледимин. Баарына бирдей мамиле жасайм. Бирөө менен абдан жакшы мамиледе болуп, экинчиси менен өтө алыстап кетпей ортодогу дистанцияны сактап турам. 

— Малика-Дина Акулова бул сиздин паспорттогу атыңызбы?

— Атымды Малика-Дина Акулова деп төртүнчү класста эле алмаштыргам. Апамды сиздин фамилияңызга өтөйүнчү деп абдан сурангам. Барып фамилияны эле алмаштырмакпыз, анан эжем экөөбүз Мери-Дина, Малика-Дина болуп алганбыз. Текшерүүдөн өтүп жатканда эмнеге тире менен жазылган эки ысым деп сурай беришет (күлүп). 

— Күйөрмандар тууралуу кеп кылсак. Азыр аларды ар бир ырчынын Instagram баракчасынан fan деген сөз менен башталган ысымдар аркылуу жолуктурууга болот. Алар фан баракча ачып жатканда силерден уруксат сурашабы?

— Мен Instagram баракчама киргенден бери уруксат сураган бир эле адам болгон. "Малика эже, мен сизди ушунчалык жакшы көрүп, сыйлайм сиздин атыңыздан фан баракча ачсам болобу" деп сурады. Ал кыз менин бардык фан-баракчадагы күйөрмандарым менен байланышып, өзүнчө группа ачышкан. Жаңы сүрөттөрдү сурап турушат. Эл адамы болгондон кийин жок дей албайт экенсиң. Ошентсе дагы көзөмөл болушу керек деп ойлойм. Айрымдар ырчылар фан-баракчаны өздөрү эле ачып отура берет деп ойлошот экен (күлүп). Бирок ар биринин ээси болот. Эки жыл болду эч кимиси менен жолуга элекмин.

Жаңылыктар түрмөгү
0