Бишкекте жети күндүк "Манас" айтуу аяктады

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Супара" этнографиялык комплексинде өтүп жаткан жети күндүк "Манас" айтуу иш чарасындагы манасчы
Супара этнографиялык комплексинде өтүп жаткан жети күндүк Манас айтуу иш чарасындагы манасчы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги жети күн бою күнү-түнү айтылган "Манасты" түз алып көрсөттү.

БИШКЕК. 4-дек. — Sputnik. Бүгүн жети күндөн бери "Супара" этнографиялык комплексинде өтүп жаткан жети күндүк "Манас" айтуу иш-чарасы аяктады. Эми Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда "Манас күнү" салтанаттуу белгиленет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Саякбай манасчы" коомдук фонду билдирди.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги "Манас күнүн" белгилөө саат 16-00дө башталып, ага бийлик өкүлдөрү, ЖК депутаттары, өнөр адамдары катышаарын айткан.

"Салтанат "Манас" тасмасы менен ачылып, куттуктоолор менен коштолот. Театрлаштырылган оюн-зоокко Алтынбек Максутов режиссерлук кылууда", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

"Манас" эпосунан үзүндү коюлуп, концертти филармониянын "Эл ырчысы Эстебес", "Эл шайырлары" фольклордук топторунун акындары менен "Ак Марал" бийчилер тобу, ырчылар коштойт.

Белгилей кетсек, Sputnik Кыргызстан агенттиги жети күн бою күнү-түнү айтылган "Манасты" түз алып көрсөттү.

Башканы коюп Манасты айт. Каармандарды кандай билесиз, Sputnik Кыргызстан агенттигинин тесттинен өтүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0