Самат Көчөрбаевдин айтуусунда "Манас" эпосунун CD жана DVD дисктери чыкты

Жазылуу
Буга чейинки CD жана DVD дисктери манасчылар Талантаалы Бакчиев, Рысбай Исаков, Замирбек Баялиев жана Дөөлөт Сыдыковдун айтуусунда чыккан.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 9-декабрында манасчы Самат Көчөрбаевдин айтуусунда "Манас" эпосунун CD жана DVD дисктеринин бет ачаар аземи болот. Бул тууралуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызматы билдирди. 

Маалыматта тасма "Манас" эпосунун гумандуу идеяларын кеңири жайылтуу, аны менен жаш муундарды руханий тарбиялоо максатында Кыргызпатент тарабынан тартылганы айтылат. 

"Буга чейин манасчылар Талантаалы Бакчиев, Рысбай Исаков, Замирбек Баялиев, Дөөлөт Сыдыковдун айтуусундагы дисктер жарыкка чыккан", — деп айтылат билдирүүдө. 

Маалыматтар айтылгандай жыл сайын дисктер 3000 нуска менен чыгып, жети облустун китепканаларына жана окуу жайларына таратып берилет.

"Манас" эпосу жөнүндө кызыктуу 15 фактыны Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0