— Менин мурдагы жетекчим ар дайым эртең менен "Сүрөтүңө" деген ырды коюп алып сиз менен жарыша ырдачу. Негизи композицияларыңызды бирөө аткарып жатса кандай кабыл аласыз?
— Ырларымды көбүнчө кичинекей балдар ырдап жүргөнүн угам. Видеолорун социалдык тармак аркылуу мага жиберип турушат. Аларды баракчамдан көрсөңүздөр болот.
— Кичинекей балдардын ырдаганы, албетте, сонун. Бирок чоң эле адамдар ырдап жатса "кап, туура эмес ырдап жатат" деп калбайсызбы?
— Мен угармандарымдын бардыгын алардын жаш курагына карабастан жакшы көрөм. Алар менин ырларымды аткарып жатса кубанам. Башкысы — мен ырды ийнине жеткире ырдасам болду. Калгандар өзү каалагандай ырдаганга акылуу.
— Сиздин ата-энеңиз музыкалык чөйрөдө эмгектенип келишет. Бул сиздин төрт жашыңыздан тарта сахнага чыгууңузга өбөлгө түзсө керек… Мындан улам "тааныштардын арты менен аты чыкты" деген сөз уккан жоксузбу?
— Кээде угуп калам, бирок… Ата-энем мени сахнага чыгаруу үчүн эч бир байланышын колдонгон эмес. Мен атактуу болууну деле каалаган эмесмин. Болгону жактырган ишим менен алектенип келем. Атымды чыгаруу үчүн атайын чоң күч жумшаган деле жокмун.Мен өзүмдүн биринчи каверимди жаздырып (башка бирөөнүн чыгармасын аткаруу — ред.) YouTube каналына киргизип койгом. Ал үй-бүлөлүк архив үчүн гана тартылган болчу. Бирок беш күндөн кийин ал видео бардык социалдык тармактарга жайылып кеткенин байкадым.
— Баракчаңызга катталгандардын саны 262 миңден ашып кетиптир. 2-3 миң катталуучуга жетпей жүргөн кыздарды көп эле билем. Кантип популярдуу болдуңуз?
— Катталуучулардын санын атайын көбөйтүп жатасызбы деген суроолор көп берилет. Жок! Мен ал үчүн күч жумшабайм деле. Болгону күнүмдүк сүрөттөрүмдү жүктөп коем. Алар элдикиндей эле сүрөттөр…
— Дагы бир инстагарм-жылдызы Айжан Асемова сүрөттөрдү иштеп чыгуу үчүн атайын программаларды сатып алганын айткан эле. Сиз дагы ошондой нерселерди колдоносузбу?
— Менде андай программа жок. Жакшы тартылган кадрларды гана киргизем.
— Жагымсыз сөздөрдү жазгандарга кандай реакция жасайсыз?
— Карьеранын башталышында ар бир сөздү жүрөгүмө жакын кабыл алып ыйлачумун. Апам жоошутууга аракет жасачу… Эми жылмайып гана тим болом. Ушунчалык жаман сөздөрдү кантип жазышат деп таң калып да кетем. Айрымдар кемсинткен сөздөрдү жазышат. Кээ бирлер пластикалык операциянын жардамы менен келбетимди өзгөртүп алганымды жазып чыгышты. Бул адамдар мага убактыларын кетирип жатканы абдан өкүнүчтүү. Мындай ою жамандарды баракчадан өчүрүп салып, ыплас нерседен арылам.— Сиз менен баарлашуу үчүн убакыт табуу кыйындык жаратты. Окуудан деги бошободуңуз. Студент үчүн сабакка барбай коюу майрам деп ойлочумун. Сиз болсо катуу окуйт окшойсуз?
— Мен эл аралык "Ататүрк — Ала-Тоо" университетинде билим алам. Анда талаптар катуу коюлган. Сабактан качып кетүү кыйын. Баса, мен экономика жана башкаруу факультетинде окуйм.
— Экономикалык билимдин сизге эмне кереги бар? Тойлордон башталгыч экономисттин түшүнө кирбеген акчаларды тапсаңыз керек…
— Менин окуум так илим эмес, көбүнчө эл аралык мамилелерге жакын. Университетти бүткөндө балким дипломат болормун. Өмүр бою тойдон акча таап жашагым келбейт. Негизинен эле майрамдык кечелерге катышканды жактырбайм. Себеби андай жактарда сага эч ким көңүл бурбайт. Кол да чабышпайт. Бардыгы тамакка алаксышат.
— II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ролигине тартылдыңыз. Бул ар бир артист үчүн чоң сыймык болсо керек. Долбоорго кантип кирип калдыңыз?
— Уюштуруучулар чакырышкан. Телефон чалып, мен туура келип жатканымды айтышты. Дароо эле макул болдум. Тартылууга бир күн кетти. Топ кыздар менен биргеликте тигүүчүлүк менен алектенип жаткандай түр көрсөттүк.
— Кызык бекен?
— Ооба, бизге тигүүчүлүктү кадимкидей үйрөтүштү.
— Курбу кызы менен кофе ичип жигиттер тууралуу кеп кылууга убакыт тапкан жөнөкөй кыздардын жашоосуна кызыккан учурларыңыз болду беле?— Чынын айтканда, кээде жөнөкөй адам катары жашагым келет. Себеби сабак менен чыгармачылык көп убакытты алып, адамды чарчатып жиберет. Бир жолу Инстагармга такыр кирбей калгам. Тынчтыкты каалап калган элем.
— Анан? Чыдадыңызбы?
— "Аяна кайда? Ага эмне болду?" деп жаза башташты. Ошондо кайра байланышка чыгууга туура келди. Инстаграмы жок беш күн абдан сонун өткөн.
— Группалаштарыңыз сиздин популярдуулугуңузга кандай мамиле жасашат?
— Университетке жаңы келгенде өзүмдү башкача сезип жүрдүм. Айланамдагылардын баары мен тууралуу кеп кылып жаткандай эле сезилди. Колдору менен көрсөтүп, четтеп турушту. Бир күнү мүмкүнчүлүктөн пайдалануу менен залдын сахнасына чыгып "Достор, менден коркпогула! Мен кадимкидей эле адаммын" деп айткам. Андан эки ай өткөндөн кийин көнүп калышты.
— Тийишкен жигиттер да көп болсо керек?
— Инстаграмдагы баракчама апамдын телефону жазылган. Ал номурга дээрлик күн сайын каттар келип турат. Көбүнчө ыр саптары келет. Бул албетте жагымдуу.
— Сиздин жүрөгүңүздү багындыруу үчүн жигиттер кандай кадамдарды жасашы керек?
— Канчалык ишенимсиз угулса да акчага маани бербейм деп айткым келет. Мен үчүн адамдын ички дүйнөсү башкы орунда. Ал боорукер, жарык адам болушу керек. Ал эми жашоого керектүү каражатты өзүм деле таап алам.
— Өзүңүздү беш жылдан кийин кандай көрөсүз?
— Ал убакта үй-бүлөлүү болуп калам го. Кыз киши үй-бүлө куруп балалуу болуу үчүн жаралат эмеспи. Келечекте үй-бүлө менен карьераны бирдей алып кетүүгө аракет жасайм.
Эки адам баш кошкондо алардын жашоосунда өмүрлүк жар менен кайын журттан тышкары түгөйүнүн достору дагы пайда болот. Айрым учурда бул адамдар жеңил кабыл алынып, бат эле жуурулушуп кетсе, кээде оңой менен "өз ордун" таба албайт. Мунун айынан аял менен эркектин ортосунда пикир келишпестик жаралып, достордон кол үзгөн учурлар жок эмес.
Бул канчалык туура көрүнүш? Анткени адам дос күтөт, бирөө менен сырдашып, көңүл ачып, алыш-катышта болушу керек. Мунсуз жашоону элестетүү кыйын эмеспи.
Бүгүн этикет мугалими Нуржан Исмаилова жубайлар бири-биринин достору менен жакшы мамиледе болушу үчүн кандай эрежелерди карманышы керектигин айтып берди.
Аяштар ынтымакта болгону жакшы, бирок ого эле ынак болуп, болгон-бүткөн сырды ачык айтып койгон кооптуураак. Достор арасында бирде болбосо бирде сөз болуп, өзүңүздүн эле абийириңиз төгүлөт. Кийин бул нерсе үйдөгү атмосферага дагы таасир этип коюшу ыктымал. Баса, аяштарды бири-бирине жамандоо дагы туура эмес, айланып келип өз башыңызга тийип калбасын.
Албетте, достор, аяштар чогулган жерде түркүн-түрлүү тамаша айтылат. Өткөн-кеткенди эске салып, чер жазылат. Бирок айрым шакаба сөздөр кимдир бирөөлөргө зыянын тийгизип коюшу мүмкүн. Балким бирөөлөрдүн үй-бүлөсүндө бул же тигил тема жабык болушу ыктымал. Эмнеси болсо дагы мындайда достор сезимтал болуп, эмнени сүйлөсө болот, эмнени сүйлөбөй эле койгону туура экенин айырмалай билиши керек.
Түгөйүңдүн жоро-жолдоштору менен катышууга келгенде жолугушууларды эки түргө бөлүп караса болот. Биринчиси — туулган күн, юбилейлер, үлпөт той, кызматтан көтөрүлүү, сөөк коюу сыяктуу жашоодогу өтө маанилүү учурлар. Мындай иш-чараларга колдон келишинче барып койгон жакшы. Милдет деп айтса дагы болот. Ал эми жөн гана көңүл ачуу үчүн аптанын аягында жолугуу, сыра ичүү сыяктуу жеңил-желпи иш-чараларга баруу же барбоону ар бир адам өзү чечет.
БИШКЕК, 17-янв. – Sputnik. Кинорежиссёр, оператор Дастан Жапар уулу Бакыт Мукул менен биргеликте тарткан "Акыркы көч" кинокартинасы XIX Дакка эл аралык кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фондунан билдиришти.
Иш-чара Бангладештин борбор калаасында 16-24-январь күндөрү өтөт. "Акыркы көч" тасмасы "Азия киносу" сынагынын алкагында көрсөтүлмөкчү.Фильмде Марат Алышпаев, Шайыр Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Калипа Усенова, Өмүрзак Токтомуратов сыяктуу көрүнүктүү актёрлор роль жаратты. Фильм ак-кара түстө тартылган.
"Акыркы көч" кинокартинасы 2020-жылы Таллинде өткөн "Темные ночи" кинофестивалына катышып, кинонун дүйнөлүк премьерасы Эстонияда болгон.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкектеги Алтын-Ордо конушундагы турак үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Аталган конушта өрт саат 13:00 чамасында чыгып, ага ӨКМден эки бөлүм тартылган.
Жабыркагандар жана каза тапкандар жок. Өрттүн себеби такталууда.