Бактияр Токторов: "Буй-буйду" ырдаганда көбү мени ичип алган окшойт дешет экен

© Sputnik / Жоомарт УраимовПевец кыргызской эстрады, участник группы "Биз" Бактияр Токторов
Певец кыргызской эстрады, участник группы Биз Бактияр Токторов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1990-жылдан бери популярдуулугун жоготпой, хит ырларды жаратып келген ырчылардан уучубуз куру эмес. Кыргыз эстрадасында өзүнүн ырдоо стили, манерасы, өжөрлүгү менен "Биз" тобунун солисти Бактияр Токторов башкалардан айырмаланып турат.
Бактияр Токторов "Буй-буй" ырын аткарды

КР эмгек сиңирген артисти менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти. 

— Алгач эле КР эмгек сиңирген артисти наамын алышыңыз менен куттуктайм! Бул сыйлыкты сиз күттүңүз беле?

Артист театра и кино, Народный артист Кыргызстана Асылбек Озубеков - Sputnik Кыргызстан
Асылбек Өзүбеков: эл кол чаап койсо эле кыйратыпмын деп жүрө бериптирмин
— Рахмат. Чындыгында күткөн эмесмин. Биринчиден, музыкалык билимим жок, экинчиден филармонияда, же драма театрында деле иштеген жокмун. Болгону политехти бүтүп, өз алдымча топ түзүп иштеп жүрдүм да. Алгач ардак грамотага эле документ жөнөткөнбүз. Кудайдын каалоосу менен чуркагандыкы эмес, буюргандыкы болду окшойт. Бүгүнкү күнгө чейин өзүмдү татыксыздай сезип жүрөм. Негизи биз жакшыбы-жаманбы 90-жылдары эл кыйналып, тамак-ашка жетпей турганда эмгектендик десем жаңылышпайм. Азыр жашоо кудайга шүгүр. Ар бир кафеде күндө той. Маселен, мен жаңы жылга чейин бош эмесмин. Мурун артист десе эл олуттуу кабыл алчу эмес. Азыр элдин табити бир топ өзгөрдү. Сыртыңдан башкалар баалабаса да эл баалайт деп жүрө бериши мүмкүн. Бирок өзүңдөн кичүүлөр сыйлык алып жатса ичиңден кызыктай болуп каласың. Ошондуктан убагында алган жакшы экен. Азыр өзүмө ынанып калдым. Наам деле сөз үчүн, намыс үчүн керек. 

— Дайыма гүлдүү көйнөк кийип жүрөсүз. Өзүңүзгө жагабы же ырларга ылайыктайсызбы?

— (күлүп) Азыр силерден чыккандан кийин тойго барам. Костюм менен ырдаганда өзүңдү ээн-эркин сезе албай калышың мүмкүн. Мындай көйнөктөрдү базардан эле сатып алам. Азыр курсагым чыгып кетип жакшынакай көйнөктөрүмдү, кооз костюмдарымды кие албай калдым. Билбейм, менде жасалмаалуулук деле жок. Камерага түшөөрдө гримди "алдыгыныңар мен бир тердегенде эле түшүп калат" деп койдурбайм. Чачымды да ак басты, боёбой эле жүрөм. Уялып, тартынуу деген менде жок. Өзүмдүкүн бербеген көк бет окшоймун. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргыз эстрадасында өзүнүн ырдоо стили, манерасы, өжөрлүгү менен "Биз" тобунун солисти Бактияр Токторов: негизи биз жакшыбы жаманбы токсонунчу жылдары эл кыйналып, тамак-ашка жетпей турганда эмгектендик десем жаңылышпайм. Азыр жашоо кудайга шүгүр
Певец кыргызской эстрады, участник группы Биз Бактияр Токторов - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз эстрадасында өзүнүн ырдоо стили, манерасы, өжөрлүгү менен "Биз" тобунун солисти Бактияр Токторов: негизи биз жакшыбы жаманбы токсонунчу жылдары эл кыйналып, тамак-ашка жетпей турганда эмгектендик десем жаңылышпайм. Азыр жашоо кудайга шүгүр

— Бизден кийин тойго барам деп калдыңыз. Кайсы ырларды көп суранышат?

— Бүгүн бешик той экен. Андыктан "Атасынын баласы" деген ырды ырдайм. Анан, албетте, "Буй-буйду" ырдатышат.

— Тойдогу ставкаларыңыз бир топ эле болсо керек?

— Ортодон жогору турат. Көбү сүйлөшкөнгө жараша. Эгер бир ай мурун сүйлөшүп, даталуу күндү белгилесе же алысыраак жакка чакыртса кымбатыраак эле болот.

— Ырларыңыздын арасынан "Буй-буй" бүгүнкү күнгө чейин популярдуулугун жоготпой келет. Сиздин атыңызды таппай калганда "буй-буй байке" деп да калышат. Бирок мен бул ырдын тарыхы кайгылуу деп уктум эле…

КР Эмгек сиңирген артисти Динара Акулованын көкүрөк күчү Малика-Дина маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Малика-Дина Акулова: өз жолумду тандадым деп ишенимдүү айта алам
— Тарыхы болбой туруп ыр жаралбайт экен. Мындан он жыл мурун ызалангандан, бук болгондон, жараткандын буйругунан чыга албай баш ийүүдөн улам бул чыгарма жаралды десем болот. Адам каалаган нерсе болбойт экен. Балким айткандарым уккандарга сабак болуп калаар. Өзгөчө жаш үй-бүлөлөргө. Мен 1994-жылдары үйлөнө электе "атасынын баласы, муйдусунан өбөйүн" деп уулдуу болууну самап ыр чыгаргам. Анан үйлөнгөндө кыздуу боло бергенимде келинчегиме "УЗИге түш, эгер кыз болсо алдырып салалы" дедим. Анан түшсө эгиз деп калышты, тийген жокпуз. Ошол убакта тыйын-тыпыр чогултайын деп Кытайга чыгармачылык менен кеттим. Султан Раев маданият министри болуп турганда "Кытайга барганда абайлагыла, ал жакта баары катуу тескелет" деп эскерткен. Анан ошол Кызыл-Сууга барганда жандуу үн менен ырдаганыбызды билдирели деген ой менен "Кыргызстан" аттуу ырыбыздын кайырмасын "Кызыл-Суустан" деп жибердим. Ошонун айынан бизди акчасы жок кетирип жиберишти. Бир жумалык иштегенибиз текке кетти. Ала турчу акчама үй-бүлөлүк абалымды бир аз оңдоп алууга болот эле. Камайбыз дегенинен түшүнүк кат жазып араң кутулганбыз. Келсем кыздарым ичтен өлүү төрөлүп жерге беришкен экен. Келинчегим да реанимацияда көзү көрбөй 13 күн жатып калыптыр. Мен да тигил жактан акчасы жок келгем. Ошондогу абалымды "күн караңгы, түн да караңгы, бизди ээрчиген ай да караңгы, бирге жүргөн бактылуу күндөр, тынчымды алат, козгойт санаамды, ыйлай ыйлай калдың сен дагы" деген текст аркылуу жараткам. Кыздарымды Алла Таалам өзү алып кетти. Мен дагы оозумдан жаңылдым окшойт. Ошон үчүн кыргызда "буюрса" деген сөз бар да. Мен бул ырды сахнада эмес, өзүмчө эле ырдап жүрчүмүн. Кийинчерээк эле белгилүү болуп кетти.

— Анан уулдуу боло алдыңызбы?

— Ошондон кийин дагы кыздуу болсом, ал да бир сааттан кийин чарчап калды. Кийин дагы кыздуу болуп атын Аяна койдук. Анан кудайым уул берди. Азыр төрткө чыкты. Балдарымдын улуусу жыйырмага, ортончулары 16-17, кичүүлөрү төрт-бешке чыгып калды. Баягы эгиз кыздарым тирүү болгондо онго чыкмак. Азыр эми күн ысып, суук болуп кетсе дагы тобо кылып турам. Бардыгы Кудайдын буйругу менен аткарылат экен. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовБактияр Токторов: ырдап жатканда Бактияр байке ичип алган го деп ойлошот экен. Образга кирип, ички-кыймыл аракетти кошуп, ырдын ичине сүңгүп киргенде ошондой көрүнүп калсам керек. Өзүм да сары болгондуктан бат тердеп, кызарып кетем
Певец кыргызской эстрады, участник группы Биз Бактияр Токторов - Sputnik Кыргызстан
Бактияр Токторов: ырдап жатканда Бактияр байке ичип алган го деп ойлошот экен. Образга кирип, ички-кыймыл аракетти кошуп, ырдын ичине сүңгүп киргенде ошондой көрүнүп калсам керек. Өзүм да сары болгондуктан бат тердеп, кызарып кетем

— Бирок көбү "Буй-буйду" тойлорго сурай беришет. Ага сиздин көз карашыңыз кандай?

— Ооба, абдан көп сурашат. Анан ырдап жатканда Бактияр байке ичип алган го деп ойлошот экен. Образга кирип, ички-кыймыл аракетти кошуп, ырдын ичине сүңгүп киргенде ошондой көрүнүп калсам керек. Өзүм да сары болгондуктан бат тердеп, кызарып кетем. Бул үчүн кайгыруунун деле кереги жок деп ойлойм. Түштүк тарапта "буй-буй" деп киши өткөндө бир туугандары ыйлап турушат. Биздин аксакалдар "бул жерин алып эле салбайсыңбы" деп айтып жүрүштү. Анан барып отуруп ырдын буй-буйу көп кишиге жагаарын байкадым. 

— Ырларыңыздын аталыштары байкасам "Адина", "Айнура", "Айгүл" жана башкалар. Булар чындыгында жашооңузда болгонбу?

— Негизи жигит болгондон кийин сүйүү да болот экен. Мен жашоомдо он бир кызды сүйдүм. Жөн эле сүйүп эмес, аруу сезимдер менен сүйүүмдү арнагам. Анан жетпей калган кыздарыма ыр жаза бердим. "Кыздар ай" деген ырымда сегиз кыздын аты айтылат. Өзүм да романтикмин. Айрым учурда ырлардын аттары өзгөртүлгөн. Негизи жетпей калган сүйүү барктуу болот окшойт. Азыр өзүм жазган эки жүздөн ашуун ыр бар. Бул ырлар элдин эсинде терең калды. Башында чыкканда акындар менен иштешпейсиңерби ырыңар анча болбой жатат деп айткандар болгон. Негизи биринчи обонун жаратып анан кайырмасына кайталанма сөздөрдү издейм. Мисалы "ылдам, ылдам, ылдам, поезд жүрүп барат" деген сыяктуу. Акындар стандарттуу түрдө алты, сегиз муундуу ырларды жазышат. Акындардан айланса болот, алардын да оюн сыйлайм. 

— Көп кызга арзууңузду арнап жүрүп анан жубайыңызды кантип таптыңыз?

Тамада, радио- и телеведущая Салтанат Саматова - Sputnik Кыргызстан
Салтанат Саматова: жакшы жигит болсо кыздар деле биринчи кадам жасашы керек
— Биринчиси Оксана Матисакова деген болгон. Экөөбүз бир жыл чогуу жашап, кыздуу болгонбуз. Азыркысы Лейлектен болот. Ал убакта тиш доктур болуп иштеген карындашым "сизге ылайыктуу кыз бар" деп калды. Сүрөтүн сурасам издеп таппай коюшканынан айылга өзүм бардым. Таанышып, анан онду бүткөндө эле ала качып алдым. Анын да көңүлү бар экен (күлүп). Экөөбүздүн мүнөзүбүз, жадакалса тамакка болгон табитибиз да окшош. Буюрса бизде баары жакшы, бактылуубуз. 

— "Биз" тобунун көп ырлары популярдуу десем жаңылышпайм. Кайсы ырларды жаратууда кыйынчылыктар жаралган? 

— Илгери жылына он ырды бириктирип бир альбом чыгарчу элек. Биринчисин ийгиликтүү чыгарып, экинчи альбомду чыгарууда аябай кыйналып, көпкө издендик. Биз Бек борбиев, Мыктыбек Арстанбек, Мухтар Атаналиев болуп Политехникалык институтта чогуу окуганбыз. Анан "Беки (Бек Борбиев. Автор.) сенин ырларың кандай болуп жатат, меники такыр чыкпай жатат" десем, "меники да жакшы болбой жатат" деди. Ошондо радиодон белгилүү ырчы Высоцкий ичкенде илхамы келет экен деп угуп калдык. Анан бир бөтөлкө, калем сап, гитараны көтөрүп алып Ататүрк паркынын үстүнө тизеден өйдө болгон чөпкө бардым. Кечке отурдум, ичсем ыр деле чыккан жок. Бул илхам келиш да өтө татаал экен. Көрсө ошондо аябай ыр жазгым келиптир. Окшош ырлар болсо да ичим жылыбайт. Дайыма өзүмдөн жаңычылыкты, өзгөчөлүктү талап кылам. Ошол учурда кыйналганым эсимде. Буйрутма берип ыр чыгарган ырчыларга таң калам. Жан дүйнөсүндө тынчтык болсо, кайгылуу ырды аткарышы мүмкүнбү? Мен маселен бирөөгө ыр жазып бере албайм. Бирок айрым учурда актердой кылып куюлуштура ырдын образын ачып бергендер бар. Аларды азаматтар демекчимин. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовБактияр Токторов: мен ырдап чыккан жаштарды сындай албайм. Бул өтө назиктикти талап кылган эмгек. Ким таланттуу экенин эл өзү тандап алат
Певец кыргызской эстрады, участник группы Биз Бактияр Токторов - Sputnik Кыргызстан
Бактияр Токторов: мен ырдап чыккан жаштарды сындай албайм. Бул өтө назиктикти талап кылган эмгек. Ким таланттуу экенин эл өзү тандап алат

— "Биз" тобу тууралуу да айта кетсеңиз. Азыр деле чогуу иштешип турасыңарбы?

— Ортодо анча-мынча тыным болгону менен биргеликте эле келе жатабыз. Азыр үч студиябыз бар. Ыр жазалы десек студия, тарталы десек аппарат бар. Колдо бар алтындын баркы жок деген ушул экен. Мурда башкаларды карап "ии менде ушундай аппарат болсо кана, тигилерди карачы, кандай бактылуу адамдар" дечү элек. Жалкоолукпу же эмне, билбейм…

— Ырларыңызды азыр жаштар аткарып жатканына күбө болуп келебиз. Алардын аткаруусу өзүңүзгө жагып атабы?

— Силердин ырларды ырдоо татаал деп жүрүшчү. Азыр жаштар сонун эле кылып ырдап жатышат. Маселен Кайрат Примбердиевди "Поезддеги махабатты" жакшы ырдаган деп айтышат. Мен мисалы ырдап чыккан жаштарды сындай албайм. Бул өтө назиктикти талап кылган эмгек. Ким таланттуу экенин эл өзү тандап алат.

— Ортодо кандайдыр бир макулдашуу, финансы жагы да эске алынабы?

Праздничный концерт на площади Ала-Тоо в честь 25-летия независимости Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Урмат менен Неля: биздин чөйрөдө бирөөнүн курмандыгы болуп калышың толук мүмкүн
— Мен ырларыма акча албайм. "Эгер кимде ким "Биз" тобунун ырларын ырдагысы келсе алып ырдай берсин" деп бүгүнкү күнгө чейин айтып келем. Ага болбой эле уруксат сурагандар бар. Чоң сүйлөп алсам кечирим сурайм. Бирок акырындык менен "Биз" тобунун ырларынын автору унутулуп, элдик ырга айланышын каалайм. Элдик ырларды деле убагында бирөөлөр чыгарган да. Баары чогулуп алып бир ырды чыгарган деген түшүнүк болгон эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0