Эл ичиндеги мыкты таланттар аныкталды

© Фото / пресс-служба Минкультуры КРИтоги конкурса "Эл ичи – онор кенчи" в Бишкеке
Итоги конкурса Эл ичи – онор кенчи в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Эл ичи – өнөр кенчи" республикалык кароо сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Кыргызстандагы элдик таланттар "Эл ичи – өнөр кенчи" республикалык кароо сынагынын жыйынтыгы менен аныкталып, жеңүүчүлөр белгилүү болгонун Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Тургунаалы Жусуп Мамай теги Улуу манасчы Жусуп Мамайдын чебереси, манасчы жана этно бийлердин жаратуучусу - Sputnik Кыргызстан
Радио
Тургунаалы Жусуп Мамай теги: турмушка узап жаткан кыз ыйлабаса, сөзгө калат
Белгилей кетсек, 8-9-декабрда Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында республикалык кароо сынак өткөн.

Аталган сынкта мыкты үй-бүлөлүк ансамбль номинациясы боюнча Жумгал районунан келген Жумадил Көбөгөновдун үй-бүлөсү биринчи орунга татып, 75 миң сом акчалай сыйлык алса, Тоң районунан келген Серкебаевдин "Кут" ансамбли экинчи орунга ээ болуп, 55 миң сом алды. Үчүнчү орунду Ош облусунун Араван районунан келген Курбанбаевдин үй-бүлөсү алып, 35 миң акчалай сыйлык алды.

Түрдүү номинация боюнча орун алган жеңүүчүлөрдүн тизмеси.

Улуттук аспаптарда мыкты ойногондор:

  • 1-орун — Карим Дыйканов, Баткен району;
  • 2-орун — Раимберди Акунов, Өзгөн району;
  • 3-орун — Жаркынай Абдазова, Алай району.

Кыргыздын улуттук бийи:

  • 1-орун — Жети-Өгүз районунун "Кызгалдак" бий тобу;
  • 2-орун — "Аллегро" улуттук бий ансамбли;
  • 3-орун — Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын "Жаш кыял" бий тобу.

Андан сырткары, мыкты комузчулар, обончулар, манасчы жана дастанчылар аныкталды. Биринчи орунга 75 миң сом, экинчи орунга 55 миң жана үчүнчү орунга 35 миң сом акчалай сыйлык каралган.

"Эл ичи өнөр кенчи" республикалык кароо сынактын максаты аймактарда элдик чыгармачылыкты өнүктүрүү жана сактоо болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0