Көлдүн Ак-Суусунда манасчылардын паркы ачылды

Жазылуу
Жаңы тигилген бактар "Манас" деген сөздү чагылдырып турат. Жазуунун узундугу 250 метрге, ал эми бийиктиги 20 метрге жетет.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда айтылуу Чоюке манасчынын аты ыйгарылган манасчылардын паркы ачылганын белгилүү манасчы Улан Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, сейил бактын жалпы аянты беш гектарга жетет. 

"Паркка манасчылар 10 миң түп карагайдын көчөтүн тиктик. Жаңы тигилген бактар "Манас" деген сөздү чагылдырып турат. Жазуунун узундугу 250 метрге, ал эми бийиктиги 20 метрге жетет. Парктын төрүнө Кыргызстандын желеги орнотулду. Сейил бактын тегереги курчалып, жаңы отургузулган карагайлар тамчылатып сугарыла турган болду", — деди манасчы.

Исмаилов аталган иш-чара Ак-Суу райондук администрациянын демилгеси жана жеке ишкер Бакыт Ыбыкеевдин колдоосу менен ишке ашканын белгиледи. Ал эми көчөттөр Ак-Суу райондук токой чарбасы тарабынан берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0